Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:14

Армения-Кыргызстан: реформадагы окшоштук


Серж Саргсян
Серж Саргсян

Арменияда келерки жылы парламенттик шайлоо болот. Аны менен кошо өлкө парламенттик башкаруу системасына өтөт. Система алмашуудан кийин азыркы президент Серж Саргсяндын премьер-министр кызматына келүү мүмкүндүгү Арменияда кызуу талкуу жаратты.

Серж Саргсяндын экинчи президенттик мөөнөтү 2018-жылы аяктайт. Мына ушундан кийин да ал жогорку бийликте калуу ниетин көздөп турат. Арменияга арналган "Ал-Жазира" телеканалынын документалдык фильминде президент Серж Саргсян анын өкмөт башына келиши келерки жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу болорун кыйыткан:

- Сиз билесизби, бул жөнүндө сөз кылууга эрте деп ойлойм. Биз бул жөнүндө айта баштасак, анда кармала элек балык жөнүндө сүйлөшкөндөй болуп калабыз. Мен эмнени айткым келет, келерки жылы бизде парламенттик шайлоо болот. Ал вариантты карап көрүшүм үчүн биздин партия абдан көп добуш алышы керек.

Армян өкмөтүн "Газпромдун" кадры жетектейт

Армян өкмөтүн "Газпромдун" кадры жетектейт

Арменияда жаңы өкмөт башчы дайындалды. Ал “Газпромдун” жогорку жетекчилеринин бири Карен Карапетян болуп калды.

Арменияда жасалган конституциялык реформага байланыштуу 2018-жылдан баштап Армения парламенттик башкаруу системасына өтүп, премьер-министр Арменияда №1 саясий кызматка айланат.

Армениялык айрым эксперттер өлкөдө конституциялык реформанын, парламенттик башкаруу системасына өтүүнүн максаты Серж Саргсяндын бийликте андан ары калышы үчүн уюштурулган деп эсептейт. Бирок 2014-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр сунушталып жатканда Серж Саргсян премьер-министр кызматына умтулбасын, бир адамдын эки мөөнөт мамлекет башында болушу жетиштүү деген эле. Белгилүү болгондой, Саргсяндын экинчи президенттик мөөнөтү 2018-жылы аяктайт.

Армениялык саясат таануучу Степан Сафарян Серж Саргсян конституциялык реформадан кийин премьер-министрлик кызматка келбейм деген убаданы шарт менен берген, ошондуктан анын өкмөт башына келиши ыктымал дейт:

- Анын өкмөт башына келиши четке кагылбайт. Мен айткандай, анын өкмөт башына келбейм деген билдирүүсү шарт менен жасалган. Ал шарт боюнча оппозициялык күчтөр парламенттик системага өтүүдө бийлик менен толук макул болушу керек эле. Андай болгон эмес. Ошондуктан Серж Саргсян өз билдирүүсүн сактоого милдеттүү эмес.

ЕАЭБ армяндарды деле "эркелетпеди"

ЕАЭБ армяндарды деле "эркелетпеди"

Кыргызстан менен тең катар ЕАЭБге кирген Армения учурда кандай күн көрүүдө? Экспорт көбөйүп, экономика өнүгөт деген армян аткаминерлери эмне үчүн азыр бармагын тиштеп жатат?

Армения парламентиндеги “Дашнакцутюн” фракциясынын лидери Армен Рустамян Серж Саргсяндын өкмөт башына келиши мүмкүн деп, саясатчылардын кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша чечимин өзгөртүүсү кадыресе көрүнүш экенин “Азаттыктын” армян кызматына билдирген.

Армениянын оппозициялык “Армян улуттук конгресси” фракциясынын лидери Левон Зурабян Серж Саргсяндын премьер-министрлик кызматка келүү мүмкүндүгү тууралуу билдирүүсүнө таң калбаганын айтып, Конституцияны өзгөртүүнүн максаты президент Серж Саргсяндын бийликте кала беришин узартуу экени баштан эле айкын болгон дейт.

2012-жылы шайланган Армения парламентинде 131 депутат бар. Анын ичинен 69 мандатты президент Саргсяндын Республикалык партиясы жеңип алган. Армения парламентине 90 депутат партиялык тизме менен, 41 депутат бир мандаттуу округдардан шайланган.

Кыргызстанда да конституциялык реформа өткөрүлүп, анда өкмөт башчынын бийлиги бекемделүүдө. Айрым эксперттер, келерки жылы президенттик мөөнөтү аяктаган президент Алмазбек Атамбаев референдумдан кийин бекемделген өкмөт башы кызматына келүү ыктымалдыгын белгилеп жатышат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG