Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Бир нече өлкө «Боинг 737 MAX 8ге» тыюу салды


«Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү учак.
«Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү учак.

Ондогон өлкөлөр “Боинг” компаниясынын «Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү лайнеринин учуусуна тыюу салды. Мындай чечимге алар 10-марттагы Эфиопиядагы авиа кырсыктан кийин келишкен. Бирок “Боинг” компаниясы учактын коопсуздугуна толук ишенерин айтып жатат.

Эфиопиядагы авиакырсыктан кийин бир катар өлкөлөр, анын ичинде АКШ, Сингапур, Австралия, Малайзия, Оман, Индонезия, Кытай, Эфиопия, Индия, Казакстан, Түркия жана Европа Биримдиги «Боинг 737 MAX 8» учагын колдонууга убактылуу тыюу салды.

Европа Биримдиги «MAX 9» үлгүсүнө да чектөө киргизгенин, өз аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөрдүн бул үлгүдөгү учактарынын да учуусун токтотконун кошумчалады.

Американын президенти Дональд Трамп “АКШ Эфиопиядагы кырсыктан кийин «Боинг 737 MAX 8» жана «Боинг 737 MAX 9» учактарынын каттамын чукулунан токтотуу боюнча буйрук чыгарат”, - деди 13-мартта.

10-мартта учак кулаган жер. Эфиопия.
10-мартта учак кулаган жер. Эфиопия.

Кытайдын авиакомпанияларында 90дой «Боинг 737 MAX 8» учагы бар. Казакстандын жарандык авиация комитети реестрде «Боингдин» бул үлгүдөгү бир эле учагы катталганын билдирди.

Ал эми Индиянын жарандык авиация министрлигинин өкүлү Жаянт Синха убактылуу чектөө киргизүүнүн себебин мындайча түшүндүрдү:

"Биз иликтөөдөн кийин бул учактарды токтотуу чечимин кабыл алдык, азырынча алар менен учууга болбойт. Коопсуздугу кайра каралгандан кийин гана аларды колдонууга ураксат берилет. Мындай чечим кечээ кечинде кабыл алынды".

10-мартта Эфиопиянын борбору Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге бараткан «Боинг 737 MAX 8» учагы кыйрап, борттогу 157 кишинин баары каза тапкан.

Ошондон кийин бул үлгүдөгү лайнердин коопсуздугуна байланыштуу суроолор келип чыкты. Былтыр октябрда ушул үлгүдөгү учак Индонезияда кырсыкка кабылып, океанга кулап түшкөн. Анда 189 кишинин өмүрү кыйылган.

“Боинг” – 1916-жылы негизделген, түрдүү учактарды, космос каражаттарын жана аскердик техникаларды чыгарган америкалык ири компания.

Анын коопсуздугу талаш жараткан «Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү учагы 2016-жылдын 29-январында алгач ирет учуп, сындан өткөн, 2017-жылы майда пайдаланууга берилген жана «Боинг 737нин» төртүнчү мууну деп эсептелет. Бирок анын программалык камсыздоосу мурдагылардан айырмаланат.

Норвегиянын “Norwegian Air” компаниясынын башкы директору Бьорн Кьос учактарды токтотууга байланыштуу “Боинг” компаниясынан кенемте сурашарын билдирди.

"Көптөр бул финансылык абалыңарга кандай таасир этет деп сурап жатат. Албетте биз бул жаңы учактардын токтотулушунан улам пайда болгон чыгымдарды өзүбүзгө албайбыз. Биз эсеп-чотту бул учактарды чыгаргандарга жөнөтөбүз".

“New York Times” басылмасынын кабарлашынча, былтыр кеминде эки америкалык экипаж «Боинг 737 MAX 8деги» автопилотту иштеткенден кийин учактын кыймылы түшүнүксүз өзгөрүп, ылдыйлай баштаганын билдиришкен. Экөөндө тең автопилотту өчүргөндөн кийин абалды жөнгө салууга мүмкүн болгон.

“Боинг” компаниясы 11-мартта аталган учактын коопсуздугуна толук ишенерин жана жакында программалык камсыздоосун жаңылай турганын кабарлады.

«Боинг 737 MAX 8» учагы.
«Боинг 737 MAX 8» учагы.

“Эфиопия аба жолдору” компаниясынын башкы директору Тевольде Гебремариамдин “Wall Street Journal” басылмасына айтканына караганда, 10-мартта кырсыкка кабылган лайнердин учкучу диспетчер менен байланышканда учакты башкарууда кыйынчылык болуп жатканын билдирип, Аддис-Абеба аба бекетине кайтып келүүгө уруксат алган. Ал тыштан кандайдыр бир сокку, мисалы кыймылдаткычка чымчык кирип кеткен сыяктуу нерселер болгонун айткан эмес.

Тевольде Гебремариам учактын кара кутусу Европага жөнөтүлүп, Францияда, Германияда же Британияда текшерилиши мүмкүн экенин кошумчалады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG