Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:11

Херсон: Сүргүндө өлгөн кыргыздар эми унутулбайт


Виноградово (Чалбасы) кыштагындагы "Кыргыз мазардагы" эстеликти ачуу кези. 28-сентябрь, 2013
Виноградово (Чалбасы) кыштагындагы "Кыргыз мазардагы" эстеликти ачуу кези. 28-сентябрь, 2013

4-октябрда Херсон облусунда сталиндик репрессия жылдары сүргүнгө айдалып, ал жакта сөөгү калган кыргыздарга арналган экинчи эстелик тургузулду.

Бул Совет бийлиги кезде эл душманы деп, жеринен айдалып, бөтөн жерде каза тапкан кыргыздарга арнап, Ата журтунан тыш жакта тургузулган экинчи эстелик. Биринчи мындай эстелик өткөн жумада ушул эле Украинанын Таврия жеринин Виноградово кыштагында тургузулган эле.

1930-жылдары сүргүндө жашаган кыргыздардын мурдагы мазарына чукул жайдагы гранит эстелик бетине: “Бул жерде 30-жылдардагы тоталитардык репрессиянын тушунда аты-жөнү белгисиз, ак кепиндеп көмүлбөгөн кыргызстандыктардын сөөгү жатат”, - деп чегилген.

Бул мааракеге Кыргыз Республикасынын элчиси Улугбек Чыналиев жана Кыргызстандын Соода палатасынын Украинадагы өкүлү Азамат Исмаилов, Украинадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Херсон облусунун жана Чаплинск районунун жетекчилери, жергиликтүү өкмөттүн башчылары жана кыштак эли катышты.

Консул Батырбек Кадыркуловдун айтышынча, эстеликтин түбүнө Ала-Тоодон алып келинген топурак салынды. Жергиликтүү имам өткөндөргө арнап куран окуган. Жамгыр катуу төгүп жаткандыктан эскерүү аземи кыштактын Маданият үйүндө өткөн. Аба ырайынын катаал шартына карабай, мааракеге жүздөн ашуун адам чогулган.

Чаплинск кыштагындагы Голодомор мемориалдык комплексиндеги эскерткич.
Чаплинск кыштагындагы Голодомор мемориалдык комплексиндеги эскерткич.
Кыргыз элчиси баш болгон Украиндагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, облустун жана райондун жетекчилери андан бир сааттай илгери Чаплинск кыштагынын борбордук мазарында эстелик тактайды ачып, гүл чамбарларды коюшкан.

Эскерткич тактайдын бетине: “XX кылымдын 30-жылдарындагы репрессияда айдалып келген жазыксыз кыргыздардын сөөгү көмүлгөндүгүн эскерткен эстелик мындан үч чакырым жерде орнотулган” деген жазуу кыргыз жана украин тилдеринде жазылган. Бул жайда 1930-жылдары Украинадагы ачарчылык - Голодомордо өлгөндөргө арналган мемориалдык комплекс бар.

Баса, жаан нөшөрлөп куюп турганга карбай, Кыргыз делегациясын Чаплинск районунун эки кыштагында жана Цюрипинск районунда украиндердин салты боюнча нан жана туз менен тосуп алышкан.

Элчи Улугбек Чыналиев адилетсиз жапа чеккен адамдарга эстелик тургузуп, маркумдар алдындагы борчубузду аткардык дейт:

Виноградово (Чалбасы) кыштагынын эли кыргыздарга тургузган эстеликтин ачылыш салтанатында.
Виноградово (Чалбасы) кыштагынын эли кыргыздарга тургузган эстеликтин ачылыш салтанатында.
- Биз 1930-жылдардагы репрессиянын айыпсыз курмандыктары алдындагы өзүбүздүн ыйык парзыбызды аткардык деп билебиз. Андан бери 80 жылдан ашуун убакыт өттү. Совет доору, андан кийин экс-советтик мезгилде эстелик тургузуу мүмкүн болбоду. Анын башкы себеби каражаттын тартыштыгы болду. Анткен менен, элчиликтин дипломаттарынын, биздин диаспоранын жана Кыргызстандын соода өкүлүнүн жеке каражаттарынын эсебинен күнөөсүз жапа тарткан адамдар алдындагы ыйык милдетибизди аткаралы деп чечтик.

28-сентябрдагы митинг-реквием жылуу маанайда өттү, сталиндик репрессиянын азабын көргөн кыргыздарга эстелик тургузуп, көчөт тигүүнү жергиликтүү адамдар чын дилден жактырышты дейт Виноградово айыл өкмөтүнүн катчысы Наталия Ивановна Корнейчук:

- Иш-чара саясий боёгу жок өттү. Улуу муундагы адамдар Кыргызстандын элчиси менен сүйлөшүп, өткөн жашоолорун эскеришти. Эстелик тургузууну жалпы кыштак эли колдоду. Улуу курактагылар түгүл мектеп окуучулары да 1930-жылдары айдалып келип, башына мүшкүл түшкөн кыргыздардын абалын түшүнүп, аларга боор оорушту. Эстеликтин жанында долбоор боюнча ак кайыңдардын аллеясы отургузулду. Жаш көчөттөрдү кыштактагы бюджеттик мекемелердин кызматкерлери, окуучулар жана жөнөкөй адамдар тигишти. Түбүнө тегерете кум төгүп, суу куюшту. Бардык жумушту адамдар эч ким мажбурлабай эле аткарышты.

Виноградовонун элинин кыргыздардын мазарына эстелик тургузуусун оң кабыл алуу себебин Корнейчук айым мындай түшүндүрдү:

- Виноградовонун калкынын бир керемет өзгөчөлүгү бар. Алар саясий боёгу жок иш-чараларга чын дилинен катышат. Айыпсыз жапа тарткан кыргыздарга эстелик тургузуу таза адамгерчилик иш. Бул жерде сөөгү жаткан адамдар эми унутулбайт. Ошон үчүн эстелик ачылып жаткан кезде эл арасында эч кандай жосунсуз сөздөр айтылбады.

Херсон облустук администрациясынын башчысы Николай Михайлович Костяктын айтымында, ага элчи Чыналиев 1930-жылдардагы репрессияда өлгөн кыргыздарга эстелик тургузуу сунушу менен алгач кайрылгандан кийин район жетекчилери жана катаал мезгилдин күбөлөрү болгон карыялар менен баарлашып, асылзат ишке көмөктөшөлү деп макулдашкан.

"Чырпык тал болор, дарак бак болор". Виноградово кыштагында тигилген көчөттөр. 28-сентябрь, 2013
"Чырпык тал болор, дарак бак болор". Виноградово кыштагында тигилген көчөттөр. 28-сентябрь, 2013
“Сүргүн кыргыздарды көргөн адамдар аз эле калган. Алар менен сүйлөшкөнүбүздө Херсон жеринде өлгөн кыргыздарга эстелик тургузууга чоң сый-урмат менен катышабыз дешти, - деди Н.М. Костяк. - Мен өзүм мындай демилгеге чоң жоопкерчилик менен мамиле кылдым. Элестетип көрүңүзчү, эгер менин чоң атам же башка украиндер Кыргызстанга репрессияланып барып, каза тапса, аларга эстелик тургузууга кыргыздар деле бар дилинен көмөктөшмөк. Эстеликтин тургузулганы жаш муун үчүн да жакшы өрнөк болот. Себеби биз улуу муунду кандай урматтасак, бизден кийинки жаш муундар бизге ошондой мамиле кылат”.

Чаплинск, Христово жана Виноградово кыштактарындагы эстеликтерди тургузууга жалпысынан 10 000 доллар чамалуу каражат кеткен. Элчи Улугбек Чыналиевдин айтымында, чыгымдардын жарымын береги эки айыл өкмөтү, Цюрупинск жана Чаплинск райадминистрациясы көтөргөн. Ал эми жарымын кыргыз тарап, же Кыргызстандын Соода палатасынын Киевдеги өкүлү Азамат Исмаилов 5000 гривна, кыргыз диаспорасы 1 миң евро бөлсө, Кыргыз элчилигинин дипломаттары 3 миң еврого жакын каражат берген.

Болочокто Виноградоводогу кыргыз мазар тосулат, дейт Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улугбек Чыналиев:

- Бул аткарылат. Айыл өкмөттөрү менен райондук бийлик мазарды кийинчерээк тосолу деди. Албетте кашаалар заңкайып, монументалдуу эмес, жупуну, бирок татыктуу эстелик болот. Эгер аны бүткөрүүгө кошумча каражат керек болсо, аны кайра өзүбүз кошконго даярбыз. Тоскондон тышкары мазар чыгым талап кылат. Биз мурда туугандары бул жерге көмүлгөндөргө кайрылып, бийик деңгээлдеги мемориалдык комплекс тургузганга колдон келген жардамын берүүнү суранганбыз. Ачыгын айтайын, тилекке каршы, эч кандай жардам албадык.

Белгилей кетели, 1930-жылдары Совет бийлиги тарабынан жүздөгөн кыргызстандыктар “кулак”, “эл душманы” деп айыпталып, Украинага айдалган. Алардын бир тобу ошол жакта көз жумса, дагы жыйырмадай адам антисоветтик уюм түздү деген жалган жалаа менен атылып кетип, сөөгү Херсон жеринде калган.
XS
SM
MD
LG