Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Ташкент HRW уюмун күтөт


Human Rights Watch эл аралык уюмунун өкүлдөрү жети жылдык тыныгуудан кийин Ташкентке барганы жатат.

Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулализ Камилов 17-июлда Брюсселде "Өзбекстан - Европа биримдиги" кызматташтык кеңешинин жыйынынан кийин билдирди.

Өзбекстанда Human Rights Watch уюмунун иши 2005-жылдагы кандуу Анжиян окуясынан кийин кыйындаган жана Ташкенттеги өкүлчүлүгү 2010-жылы соттун чечими менен жабылган. Өзбек бийлигинин мындай соңку кадамдары түрдүүчө талданып жатат.

Абдулазиз Камилов Брюсселде расмий Ташкент Human Rights Watch эле эмес, дагы башка эл аралык укук коргоо уюмдары менен кызматташууну жандантууга даяр деп ишендирди. Бирок бул алардын талаптары, шарттарынын баары бир жактуу аткарылат дегенди түшүндүрбөй турганын кыйытты.

- Human Rights Watch уюмунун белгилүү өкүлү Свердлов мырза август айында Ташкентке келет. Бул же тигил маселеде биздин көз карашыбыз, пикирибиз, оюбуз ар башка болушу мүмкүн. Бирок бул кызыкчылыктарыбыз төп келчү тармакта кызматташуу болбойт дегенди билдирбейт. Биздин эшигибиз ачык. Биз Human Rights Watch эле эмес, башка уюмдарды дагы кабыл алууга даярбыз. Кызматташуу бири-бирин урматтаган шартта жүрүшү керек жана эч кимге өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө жол берилбейт. Андан сырткары биздин каада-салтты сыйлап, өзгөчөлүгүбүздү түшүнүшү керек.

Абдулализ Камилов Брюсселде "Өзбекстан - Европа биримдиги" кызматташтык кеңешинин жыйынынан кийинки маалымат жыйынында сүйлөп жатат. Брюссел, 17-июль,
Абдулализ Камилов Брюсселде "Өзбекстан - Европа биримдиги" кызматташтык кеңешинин жыйынынан кийинки маалымат жыйынында сүйлөп жатат. Брюссел, 17-июль,

Буга чейин Human Rights Watch Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёевге адам укуктары жаатында саясий туткундарды азат кылуу, талаада мажбурлап иштетүү ыкмасынан баш тартуу, кыйноо, басмырлоо өңдүү көрүнүштөрдү жоюу, Бириккен Улуттар уюму менен адам укуктары жаатында кызматташуу, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына шарт түзүү өңдүү өзгөртүүлөрдү сунуштап жатканы маалым болгон.

Уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Стив Свердлов "Азаттыктын" өзбек кызматына комментарий берип жатып Ташкент мамилесин жумшартып жатканы күтүүсүз болгонун айтты. Анын ырасташынча, уюм Ташкентке баруу тууралуу өзбек бийликтерине буга чейин бир канча жолу кайрылган, бирок ушул кезге чейин эч жооп алалбай келген:

- Биз Өзбекстанда эл аралык жана жарандык коом үчүн орун кеңейип жатканы тууралуу билдирүүлөрдүн баарын колдойбуз. Ушул жактан алып караганда тышкы иштер министри Абдулализ Камиловдун соңку билдирүүсү кубантат. Биз азыр виза боюнча арызыбыздын расмий канааттандырылышын күтүп жатабыз. Эмнеси болсо да биз мындай билдирүүлөрдү оң кабыл алдык. Анткени Өзбекстан үчүн мындай комментарий маанилүү, жаңы мамиле тууралуу кабар берет. Менимче биздин Өзбекстанга сапарыбыз же Human Rights Watch уюмунун Ташкентке кайтышы мамиленин жылый баштаганынан кабар берсе керек. Бирок биз Өзбекстандагы оң өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылышыбыз үчүн албетте адам укугу жаатында олуттуу кадамдар жасалат деп үмүттөнөбүз. Жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комиссары Ташкентке барып келди. Азырынча кагазда болсо деле сот тармагында жана Кылмыш-жаза кодексинде маанилүү бир катар реформалар болуп жатат.

Стив Свердлов.
Стив Свердлов.

Брюсселдеги "Өзбекстан - Европа Биримдиги" кызматташуу кеңешинин жыйынында жалпысынан демократия жана адам укуктарынын абалы боюнча сөз болду. Экономиканы өнүктүрүүгө багытталган айрым документтерге кол коюлду.

Human Rights Watch уюмунун Ташкенттеги өкүлчүлүгү 1996-жылы ачылган. Уюм өлкөдөгү адам укуктары боюнча абалды талдап, байкоо жүргүзүп келген. 2005-жылы кандуу Анжиян окуясынан кийин куугунтукка кабылган жана өзбек бийликтери уюмдун өкүлдөрү - Олег Воронцов менен Стив Свердловго аккредитация берүүдөн баш тарткан.

2010-жылдын этегинде Юстиция министрлиги Human Rights Watch уюмунун Ташкенттеги өкүлчүлүгүн жабуу туралуу Жогорку Сотко кайрылган, сот бул өтүнүчтү дароо эле канааттандырган.

Буга чейин Анжиян окуясынан кийин жабылып калган Би-Би-Си медиа корпорациясынын өзбек кызматынын Ташкенттеги бюросу ишин жандантып жатканы маалым болгон. Айрым серепчилер муну өзбек бийлигинин мамилесинин жумшарышы катары сыпаттоо эртелик кылаарын, расмий Ташкент эң ириде эл аралык кадыр-баркын оңдоону көздөп жатканын белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG