Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Ташкент Анжияндагы айыбын моюнга алды


Жакындарынын сөөктөрүнүн жерге берүүгө даярданып жаткан өзбекстандыктар. 14-май, 2005-жыл.
Жакындарынын сөөктөрүнүн жерге берүүгө даярданып жаткан өзбекстандыктар. 14-май, 2005-жыл.

Анжиянда 15 жыл мурда болгон окуя тууралуу Өзбекстандын баш прокурорунун орун басары Светлана Артыкова маалымат агенттиктердин бирине курган маегинде «бийлик ошол кезде көп каталарга жол бергенин» айтты.

2005-жылдын 13-май күнү таңда куралдуу адамдар Өзбекстандын чыгышындагы Анжиян шаарына кирип барышты. Алардын арасында жакында эле түрмөдөн качып чыккандар да бар эле.

Куралдуу топ бийликтин бир нече өкүлүн өлтүрүп, башкаларын барымтага алды. Андан бир күн мурда эле шаарда жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы башталган.

Бул окуядан жети күн мурда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев бийликтен кулатылган. Мындан улам Өзбекстандын ошол кездеги авторитардык лидери Ислам Каримов коңшу өлкөдөгү окуялардын өз аймагында кайталанышын алдын алуу максатында Анжиянга аскерлерин жөнөткөн.

Митингчилердин, куралдуу топтун мүчөлөрүнүн жана аскерлердин кагылышуусу кан төгүү менен аяктады. Күбөлөр жайкын тургундарга каршы окту өкмөттүк күчтөр атканын айтса, өзбек өкмөтү ушул күнгө чейин тынчтык акциясына чыккандарды куралдуу жоочулар өлтүргөнүнө ишендиргенге аракет кылып келет.

Расмий Ташкенттин билдирүүсүнө караганда 187 адам жок кылынган, анан баары же аскерлер, же козголоңчулар болгону кабарланган. Алтымыштай жайкын тургундун өлүмү үчүн жоопкерчилик да козголоңчулардын мойнуна илинген. Ал эми күбөлөр набыт болгондордун арасында жайкын тургундардын саны алда канча көп болгонун айтышкан.

Айрым байкоолорго караганда, миңден ашуун адам өлгөн. Каза тапкандардын сөөгү жапырт көмүлгөн учурлар тууралуу кептер тараган. Атургай сөөктөрдү Орусияга алып чыгып кеткени да айтылган. Өзбекстан эл аралык коомчулуктун окуя боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү талабын четке каккан.

Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун сүрөтү.
Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун сүрөтү.

Бийлик өкүлү үн катты

Өзбек бийлиги 2005-жылдагы кандуу калаба тууралуу ооз ачкан эмес. Бул окуяны тарых барагынан чийип салгандай түр көрсөтчү.

Бирок жакында эле Өзбекстандын башкы прокурорунун орун басары Светлана Артыкованын Qalampir кабарлар агенттигине маек берип жатып 2005-жылдын 13-майында күнөөсүз адамдар өлтүрүлгөнүн айтканы күтүүсүз болду.

Анжиян окуясын иликтөө ишине катышкан Артыкова “Байланыш начар болчу. Ошол маалда офицер же буйруктарды укпай калган, же туура эмес түшүнгөн. Тиешелүү даярдык болгон эмес... Биз ката кетиргенбиз”, - деп айтты.

Өзбекстандын баш прокурорунун орус басары Светлана Артыкова.
Өзбекстандын баш прокурорунун орус басары Светлана Артыкова.

Ал эч кимдин аты-жөнүн атаган жок, бирок кан төгүүгө жоопкер бир катар аскерлер темир тор артына жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Алып баруучунун «бул маалымат менен эмнеге азыр бөлүшүп жатасыз?», - деген суроосуна баш прокурордун орун басары мурдагы президент Ислам Каримовдун көзү өтүп, бийликке Мирзиёев келген соңку үч жылдын ичинде көп нерсе өзгөргөнүн айтып, жооп кайтарды.

“Ал кезде Өзбекстан жабык эле. Азыр бул жаңы Өзбекстан. Азыр саясаттын жаңы стили бар, жаңы саясий эрк бар”, - деди ал. Артыкова Анжиян окуялары тууралуу башка сөз кылган жок. Ошентсе да байкоочулар бийлик өкүлүнүн аз да болсо бул тема тууралуу ооз ачышын маанилүү окуя катары баалашты.

Светлана Артыкова прокуратура тармагында Советтер Союзунан бери иштейт. Карьерасын алгач Наманган прокуратурасынан баштаган. Кийин парламентке мүчө болгон. Азыркы кызматка дайындалганга чейин Сенаттын төрагасынын орун басары болгон. Анжиян окуясы чыккан маалда Артыкова Башкы прокуратуранын маалымат катчысы эле. Калабага байланыштуу бийликтин билдирүүсүн элге ал өзү окуп турган.

Анжиян окуясы тууралуу суроолор дагы эле көп. Укук коргоочулар жана башкалар бийлик жүргүзгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгына канааттанбаганын айтып, көз карандысыз иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылып келет.

Ошол кезде өлкөнү башкарып турган Ислам Каримов 2016-жылы көз жумганы менен Анжиян окуясына катыштыгы бар бийликтин айрым өкүлдөрү азыр деле бар.

Маселен, Закир Алматов 2005-жылы Ички иштер министрлигин жетектеп турган. Көптөр Анжиян окуясындагы аскерлердин аракеттери үчүн дал ошол Алматовду күнөөлөп келишет. Калабадан бир нече ай өтпөй ал саламаттыгына шылтап, кызматтан кеткен. Бирок 2018-жылы ички иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалган.

Рустам Иноятов ошол кезде Мамлекеттик коопсуздук кызматын башкарып турган. 2018-жылдын башында ал 75 жашында пенсияга кеткен. Азыркы президент Шавкат Мирзиёев 2005-жылы өкмөт башчы болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG