Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Казак-өзбек долбоорлору талкууланды


Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги жолугушууда. 15-апрель, 2019-жыл.
Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги жолугушууда. 15-апрель, 2019-жыл.

Казакстан менен Өзбекстан транспорт, логистика жана өнөр жайы боюнча биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну макулдашты.

Келишимге Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстандагы мамлекеттик сапарында кол коюлду. Бул - эки өлкөнүн экинчи президенттеринин биринчи ирет жолугушуусу.

Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Ташкентке 14-апрелде барды. Аны аэропорттон өзбек премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегация тосуп алды. Эки президенттин расмий жолугушуусу шейшембиде болду.

Сүйлөшүүдө өзбек президенти Шавкат Мирзиёев да, Касым-Жомарт Токаев да ортодогу кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканына токтолушту. Алар боордоштук ымала түзүүдө Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ордун белгилешти.

«Мен Нурсултан Абишевич Назарбаевдин ролуна токтолгум келет. Анын аракеттери менен биз жогорку деңгээлде кызматташууга жетиштик. Сиз да министр, премьер-министр, Сенаттын төрагасы катары биздин мамилебиздин жакшырышына көмөктөштүңүз», - деди Шавкат Мирзиёев.

Тараптар негизинен саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алаканы, чөлкөмдөгү жана эл аралык коркунучтарга чогуу каршы турууну талкууга алышты.

Президенттер казак-өзбек чек арасын демаркациялоонун ийгиликтүү аякташын кубатташты. Жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду, анын ичинде транспорт, логистика жана өнөр жай тармагында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу тууралуу келишим бар.

Касым-Жомарт Токаев казак-өзбек алакасын ушул калыпта улантууга ниетин билдирди:

«Менин максатым - биздин мамилени сактоо жана улантуу. Казакстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы эч кандай тоскоолдуксуз өнүгүшү үчүн колумдан келишинче аракет кылам. Бизди тарых, тилибиз, динибиз жана маданияттагы окшоштуктар бириктирип турат».

Бул Касым-Жомарт Токаевдин президент катары чет өлкөдө болгон алгачкы мамлекеттик сапары болгондуктан коомчулуктун көңүлүн бурууда. Казакстандык саясат таануучу Жумабек Сарабеков казак-өзбек кызматташтыгында олуттуу маселе жок деген пикирде.

«Эки мамлекетте кандайдыр бир стратегиялык каршылыктар жок. Казакстан да, Өзбекстан да аймактагы маселелер боюнча бирдей көз карашта. Мисалы, суу боюнча биздин орток позициябыз бар. Коопсуздук багытына келсек, Ооганстандагы кырдаалга эки өлкө тең көз салып турат», - деди серепчи.

Токаевдин сапарынын жүрүшүндө Өзбекстанда Казакстан жылынын ачылышы да болду. Сапар учурунда 2018-жылы эки өлкөнүн соода тармагындагы алакасында эң чоң жылыш болуп, товар жүгүртүү 50 пайызга жогорулаганы айтылды. Ушу тушта эки тараптуу соода-сатыктын көлөмү 3 миллиард доллардан ашат. Тараптар бул көрсөткүчтү 2020-жылга дейре 5 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатышат.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Казакстанга биринчи жолу 2017-жылдын мартында, Нооруз майрамында мамлекеттик сапар менен барган.

Ал эми быйылкы Ноорузду утурлай Казакстанды 30 жыл башкарган эл башы Нурсултан Назарбаев мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырып, парламенттин ошол кездеги спикери Касым-Жомарт Токаев президент болуп дайындалган.

Токаев өзүнүн алгачкы чет элдик сапарын Орусиядан баштаган, бирок ал мамлекеттик сапар эмес болчу. Ал коңшу өлкөдө быйыл 9-июнда өтө турган кезексиз президенттик шайлоого чейин бийликте болот. Анын шайлоого катышар-катышпасы азырынча айтыла элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG