Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

АКШ-Куба: тарыхтын жаңы барагын ачуу


Барак Обама Гаванадагы туристтер менен. 20-март, 2016-жыл.
Барак Обама Гаванадагы туристтер менен. 20-март, 2016-жыл.

Бүгүн Гаванада АКШ жана Куба президенттеринин сүйлөшүүлөрү өтөт. Кошмо Штаттардын кызматтагы президентинин Кубага акыркы 88 жылда алгачкы ирет келиши эки коңшунун карым-катнашында жаңы доорду ачуу жана тарыхый сапар катары бааланууда.

Барак Обама Кубада 22-мартка чейин созулуучу эки жарым күндүк сапары учурунда президент Рауль Кастро менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн тышкары кубалык диссидент, активисттердин тобу менен жолугат жана Кубанын элине атайы кайрылуу менен да чыгып сүйлөмөкчү.

Ак үй администрациясында улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин орун басары Бен Родестин айтымында, Барак Обаманын кубалыктарга багышталуучу сөзү бүткүл өлкө боюнча уктурулат деп күтүлүүдө жана Гаванадагы коммунисттик бийлик буга каршылыгын билдирген жок.

Ак үй ошондой эле Обама менен жолугушууга диссиденттердин кимиси чакырылары да Кубанын өкмөтү менен талкууланбай турганын маалымдады.

Гавана, 17-март, 2016-жыл.
Гавана, 17-март, 2016-жыл.

Мындан туура бир ай мурда америкалыктарга видеокайрылуусунда Барак Обама өзү сапарынын маанисин мындайча чечмелеген эле:

- Бул АКШ президентинин Кубага дээрлик 90 жылдагы алгачкы сапары болот жана ал Кубанын эли менен карым-катнаштын жаңы доорун баштоо боюнча менин бир жыл мурдагы чечимиме негизделди. Мен Кубанын өкмөтү менен биздин ортобуздагы олуттуу пикир келишпестиктерди, анын ичинде демократия жана адам укуктары маселелерин ачык айтам. Кошмо Штаттар сөз, чогулуу жана диний эркиндиктер тууралуу универсалдуу баалуулуктарды коргоону уланта турганын дагы бир жолу ырастайм. Азыр биз Кубанын эли менен жаңы карым-катнаштын башталышында элебиз. Өзгөрүүлөр белгилүү бир убакытты талап кылат. Бирок менен келечекке көңүл буруп жатам.

Экономикалык байланыш орнотуу

Президент Барак Обаманын тарыхый сапарын утурлай Вашингтон менен Гавана былтыр үзүлгөнүнө жарым кылымдан ашкан дипломатиялык мамилелерин калыбына келтирип, элчиликтерин кайра ачышкан.

Эки өлкө ортосунда түз почта байланыш орношу менен президент Обамадан кат алган 76 жаштагы Йеана Ярса.
Эки өлкө ортосунда түз почта байланыш орношу менен президент Обамадан кат алган 76 жаштагы Йеана Ярса.

Мындан башкы дагы кандай кадамдар жасалганы тууралуу Флорида Эл аралык университетиндеги Кубаны изилдөө институтунун директор орун басары Себастиан Аркостон сурадык:

- Элчиликтер ачылгандан кийин АКШ экономикалык эмбарго саясатынын 60% ашуунун өзгөртүп, жойду. Президент сапарынын жуп алдында АКШ Кубага анын эл аралык акча которууларында долларды колдонууга мүмкүндүк берди. Кубага америкалыктар саякаттай баштады. Кээ бир америкалык компанияларга Кубага инвестиция салууга, Кубада банк эсептерин, кеңселерин ачууга уруксат берилди. Кубанын жарандары эми АКШда банк эсептерин ача алат. Саналуу күн мурда эле эки өлкө ортосунда түз почта байланышы калыбына келди. Ушул жылдын аягына чейин Куба менен АКШ ортосунда күндөлүк авиабайланыш иштей баштоосу керек. Америка тарап ошондой эле Куба АКШдан жүргүнчү жана жүк тарткан кемелердин келишин кабыл алат деп күтүүдө. АКШ өз тарабынан бул маселени чечти. Вашингтон администрациясы Кубаны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен да чыгарды. Бирок Америка эми Куба кандай реформаларга, өзгөрүүлөргө барарын күтүп жатат. Президент Барак Обама жаңы саясатты жарыялаган 2014-жылдын декабрынан бери чынында Куба эч олуттуу өзгөрүү жасаган жок.

Америкалык Wall Street Journal басылмасынын жазганына караганда, АКШнын азыркы администрациясы Барак Обаманын бийлик мөөнөтү аяктаганга чейин Куба менен экономикалык карым-катнашты кеңейтүүгө артыкчылык берүүдө.

Адам укуктары боюнча сын

Ошол эле учурда Обаманын оппоненттери ал Кубада адам укуктары жана башка маселелер боюнча прогрессти камсыздабай туруп эле, Кастронун режимине чегинүүгө барды деп эсептешүүдө.

“Азаттыктын” маектеши, Флорида Эл аралык университетиндеги Кубаны изилдөө институнун директор орун басары Себастиан Аркос Гаванадагы коммунисттик бийлик саясий туткундар боюнча убадасын аткара электигин белгиледи:

- Куба 2014-жылы 53 саясий айыпкерди бошотууга камданып жатканын жарыялаган. Бирок, кийин алардын көбү жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп койгону билинип, чындап бошотулганы мындан аз болгон. АКШ президентинин сапары алдында Куба өкмөтү төрт саясий айыпкерди бошотконун жар салды. Бирок, эки апта мурда башка төрт саясий айыпкерди узак мөөнөткө түрмөгө кескен болчу. Биз эркиндикке чыгышы керек болгон саясий туткундардын баары ырааттуу бошотулганын көргөн жокпуз. Кубада азыр 60тай саясий айыпкер бар.

Буга чейин Обаманын Куба саясатын сынга алгандар эки партиядан чыккан. Кастронун өкмөтү менен карым-катнаш түзүүгө өзгөчө теги боюнча кубалык америкалыктар каршы.

Гавана, 17-март, 2016-жыл.
Гавана, 17-март, 2016-жыл.

​Азыр республикачылар үстөмдүк кылган АКШ Конгресси мурда киргизген экономикалык санкциялар али күчүндө жана жакын арада жоюларынын белгилери байкалбайт.

Айрым баяндамачылардын пикиринде, Обаманын Кубага сапарында тобокелчиликтер да, мүмкүнчүлүктөр да бар. Бирок, анын саясаты бул коңшу өлкөнү ачууну кокус Ак үйдөгү бийликке республикачылар келип калган күндө да артка кайткыс кылууну көздөйт.

Кансыз согуш доорунда касташып турган эки коңшунун алака-катышы Гаванадагы бийликти Фидель Кастро ыңкылап аркылуу алгандан кийин, 1961-жылы токтогон.

АКШнын кызматтагы президенттеринен Кубага акыркы ирет 1928-жылы Калвин Кулидж барган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG