Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

АКШдагы айыгышкан тирешүүнү күчөткөн өлүм


Атлантадагы нааразылык акциясы. 13-июнь, 2020-жыл
Атлантадагы нааразылык акциясы. 13-июнь, 2020-жыл

АКШнын Атланта шаарында полиция кармап жатканда жарадар болуп, ооруканада каза болгон афроамерикалык Рейшард Брукстун далысына эки ок тийгени аныкталды. Өткөн жума күнү болгон ал окуя калаада ири нааразылыкка себеп болду.

Соттук-медициналык экспертиза 14-июнда билдиргендей, Рейшард Брукс ишембиде артынан эки ок атылып, кан жоготуудан жана ички органдарынын жаракаттарынан көз жумган. Адистер өлүмдүн себебин адам өлтүрүү деп сыпатташты.

Окуя 12-июнда кечинде болгон. 27 жаштагы Брукс мас абалында ресторандын жанында машинесинде уктап калат. Башка кардарларга жолтоо болуп жатат деген ал жайдын кызматкерлери полиция чакырышат.

Тартип коргоочулар текшергенде канында алкоголь бар болуп чыгат. Бруксту кармоо маалында ал полиция кызматкеринин электрошокерин жулуп алып, качууга аракеттенген. Тартип коргоочу мээлеп туруп аны атат.

“Тез жардам” Бруксту ооруканага алып кеткени менен анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок. Мунун бардыгын көзөмөл камералар, күбөлөр тартып алган.

Полиция Бркустун машинесин тинтип жатат. 12-июнь, 2020-жыл
Полиция Бркустун машинесин тинтип жатат. 12-июнь, 2020-жыл

Маркумдун үй-бүлөсүнүн адвокаты Крис Стюарт Жоржиа штатында электрошокер адам өлтүрүүчү курал болуп эсептелбей турганын белгиледи:

“Штатта мыйзам боюнча электрошокер адамды өлтүрүүчү курал болуп эсептелбейт. Муну полиция кызматкерлерине үйрөтүшөт. Менин практикамда күч органдары шокерлерди колдонгон учурларды сотто караганда, алар бул жабдык зыянсыз деп талашып келишкен. Эми Брукс андай зыянсыз курал менен качып кетип бирөөнү өлтүрмөк деп айта албайсыңар”.

Окуянын чоо-жайын Жоржианын Иликтөө бюросу териштире баштады.

Ок чыгарган полиция кызматкери жумуштан бошотулду. Атлантанын мэри бул чечимди кубаттап, тапанча колдонууга жүйө бар болчу деп эсептебей турганын кошумчалады. Шаардын полиция башчысы Эрика Шилдс дароо кызматынан кетүү тууралуу арызын тапшырды. Аймактык прокурордун айтымында, тартип коргоочуларга жуманын ортосунда айып тагылышы ыктымал.

Ынды кара Брукстун ушундай жагдайда каза болушу расизмге жана полициянын зомбулугуна каршы бир нече жумадан бери уланып келаткан нааразылык акцияларынын чырагына май тамызды.


Атлантада ишембиде толкундоолор тутанып, башаламандык өкүм сүрүп жатты. Нааразылыгын билдирип көчөгө чыккандар жолдорду бууп, Брукс жарадар болгон жердин жанындагы ресторанга өрт коюшту. Полиция бир нече кишини кармап кетти, 30дан ашуун киши жарадар болду. Айрым катышуучулар "полициянын зордук-зомбулугу симптомго айланганын, улам-улам кайталанган расизм вирустай тарап жатканын" айтып нааразы болушту.

25-майда Миннеаполис шаарында афроамерикалык Жорж Флойдду полиция кармоо маалында тизеси менен муунтуп салгандан кийин башталган акциялар Комшо Штаттардан тышкары дүйнөнүн булуң-бурчунда өттү жана айрым жерлерде дагы деле уланып жатат.

14-июнда британ полициясы расизмге каршы акция учурунда 113 кишини кармап кетти. Лондондо кагылышууларга чейин жетти.

Берлинде 14-июнда түмөндөгөн адамдар демонстрацияга катышып, немис баш калаасын тирүү чынжырдын курчоосуна алышты. Уюштуруучулар коронавирус пандемиясы буга чейинки теңсиздикти ого бетер тереңдетти деп белгилешти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG