Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Трампка талап койгон кыргызстандык ооруканага түштү


Видеодон алынган сүрөт
Видеодон алынган сүрөт

Интернет колдонуучулар ал кыргызстандык жигит экенин таанышты.

19-октябрда Чикагодогу «Trump Tower» имаратынын 16-кабатында жипке асылып алып, АКШ президенти Дональд Трампка кайрылуу жасаган кыргызстандыктын видеосу Интернетке тараган.

Видеодон түз байланышка чыгып, көп кабаттуу имаратта асылып турганын көрсөткөн жигит журналисттерди чакырып, Трампка кайрылуу жолдорун жар салган.

Асылып турган жеринен ал «Каралардын өмүрү маанилүү» (Black live matters) деген аталыштагы расизмге каршы кыймылдын мүчөсү экенин айткан.

«Менин өлгүм келбейт. Бирок менин колумда бычак бар. Кимдир бирөө мени чыгарып алууга аракет кылса, мен жипти кесип ийип, секирип кетем, - деген. - Мистер Трамп, мени акыл-эси жайында эмес деп ойлобоңуз. Мени менен сүйлөшпөсөңүз, жипти кесип жиберем. Бул сиздин жоопкерчилигиңизде болот. Мага журналисттерди жөнөтүңүз, мен айтчу сөзүмдү айтам, анан жашайм».

Видеону көргөн бир топ колдонуучулар аны кыргызстандык мекендеш экенин жазышты.

Айрым маалыматтар боюнча Трампка чакырык таштаган жигит 1998-жылы Балыкчыда туулуп-өскөн. А.С. Макаренко атындагы №3 орто мектепти бүтүргөн.

АКШга 2008-2009-жылдары кеткен. Ортодо Бакуда жогорку окуу жайында билим алган.

Чикаго шаарында ар кандай жумушка жалданып иштеп, соңку убакта жүк ташуучу автоунаа айдап жүргөн.

Чикагодогу тааныштарынын бири ал беш жылдан бери шаардагы бир клубда жиу–житсу менен машыгарын билдирди.

«Чалсам, жооп бербеди. Байланышка чыкпай жатат. Чикагодогу жакындарын билбейм. Достору бар. Туугандары Кыргызстанда», - деди бири.

Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги 18-октябрдан 19-октябрга чейин 13 сааттан ашык имаратта асылып турган кыргыз жараны Э.Аны Чикаго полициясы сүйлөшүүлөрдөн кийин жерге түшүргөнүн, «Northwestern Memorial Hospital» ооруканасында медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп жатканын кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча ага коомдук тартип же мыйзам бузуу боюнча айып тагыла элек.

Социалдык тармактагы кыргызстандыктардын көбү мындай жорукту айыптап, анын кесепети кыргыз жарандарына, АКШга грин-карта менен виза алууда зыяны тиерин белгилеп, нааразы болушууда.

31-январда АКШ президенти Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карта менен виза алууга чектөө киргизген.

Мунун себебин Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт бербегени менен түшүндүрүлгөн.

Кийин Кыргызстандын жарандары 2020-жылы күзүндө өтө турган кезектеги АКШнын грин-карт (Green card) лотереясына катыша алаарын Кыргызстандагы АКШнын элчилиги "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG