Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Айрым Батыш өлкөлөрү карантинди жумшартат


Нью-Йорктун ооруканаларынын бириндеги абал. 2-апрель, 2020-жыл.
Нью-Йорктун ооруканаларынын бириндеги абал. 2-апрель, 2020-жыл.

Дүйнө жүзүндө COVID-19га чалдыккандардын саны 1 миллион 930 миңден ашты. 120 миңдей адам өпкөнү сезгенткен бул илдеттен каза тапты. АКШ жана бир катар Европа өлкөлөрү коронавируска байланыштуу киргизилген чараларды жеңилдетүүнүн жолдорун караштыра баштады.

Демейде күнү-түнү кыймыл токтобогон Нью-Йорктун көчөлөрү дээрлик ээнсиреп турат. Бирин-серин гана адамдар жана автоунаалар көрүнгөнү болбосо, жымжырттыкты көбүнчө «Тез жардам» машинелеринин добушу гана бузуп жаткандай.

8 миллиондон ашык адам жашаган бул шаардын өзүндө эле 107 миңдей киши СOVID-19 илдетине чалдыкты. 7300дөн ашыгы өпкөнү сезгенткен бул оорудан көз жумду. Жалпысынан Кошмо Штаттарда 590 миңге чукул адам коронавирусту жугузуп алса, 23 миңден ашуун киши жашоо менен кош айтышты.

Коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам соңку үч жуманын ичинде АКШда 17 миллиондон ашуун адам ишсиз калды. Президент Дональд Трамп 13-апрелдин кечиндеги басма сөз жыйынында ишкерчиликти аксаткан экономикалык чектөөлөрдүн бир бөлүгү жакын арада жоюлушу мүмкүн экенин билдирди.

«Мен өзүмдүм командам жана алдыңкы эксперттер менен көптөгөн кеңешмелерди өткөрүп келдим. Өлкөнү ачуу боюнча планды иштеп чыгып калдык. Балким пландалгандан эрте болуп калат деп үмүттөнөбүз», - деп билдирди АКШнын президенти.

Нью-Йорктун Харт аралында коронавирустан каза тапкандардын сөөгү жерге берилүүдө. 9-апрель, 2020-жыл.
Нью-Йорктун Харт аралында коронавирустан каза тапкандардын сөөгү жерге берилүүдө. 9-апрель, 2020-жыл.

Президент Трамптын администрациясы айрым чектөөлөр 1-майдан тартып алынышы мүмкүн экенин билдирди. АКШнын түндүк-чыгышындагы алты штат да коронавируска байланыштуу киргизилген чараларды жумшартууну караштыра турган атайын топторду түзүүгө киришти. Ал эми илдеттен катуу жабыркаган Нью-Йорк штатынын бийлиги карантинди алуу маселесинде кылдаттык керек экенин эскертти.

Илдеттин жайылышы басаңдап бараткан айрым Европа өлкөлөрү да чектөөлөрдү четинен ала башташты. 170 миңден ашуун жараны вируска чалдыккан Испанияда курулуш жана өндүрүш тармагында иштегендердин бир бөлүгү ишке кайтууда. Австрияда 14-апрелден тартып буюм-тайым жана айыл чарбасына керектүү каражаттарды саткан чакан дүкөндөр иштей баштады. Бул өлкөдө 14 миңден ашуун адамдан коронавирус табылган.

Бирок вирус жугузуп алгандардын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган (137 миң) Франция тескерисинче карантинди 11-майга чейин узартты.

«Үмүт пайда болгонун айтканым чын. Бирок бүтө элек. Франциянын аймактарында ооруканалар бейтаптарга шыкалган. Франциянын бардык аймактарында система чыңалган абалда иштеп жатат. Эпидемия көзөмөлгө алына элек. Андыктан эрежелерди сактоону уланта беришибиз керек. Тартипти канчалык жакшы сактасак, ошончолук көп адамдын өмүрүн сактап калабыз», - деп билдирди Франциянын президенти Эммануэл Макрон 13-апрелдеги кайрылуусунда.

Австрияда ишке кайткандар. 14-апрель, 2020-жыл.
Австрияда ишке кайткандар. 14-апрель, 2020-жыл.

Коронавирус 20 минден ашуун жаранынын өмүрүн алып кеткен Италия да бүткүл өлкө боюнча карантинди 3-майга чейин узартууну чечти. Бирок 14-апрелден тартып китеп дүкөндөрү жана кир жуучу жайлар сыяктуу ишкерликтин чектелүү айрым түрлөрүнө иштөөгө уруксат алышты.

1 миллиард 300 миллиондон ашуун жаранын үйдөн чыкпоого милдеттендирген Индияда да карантин 3-майга чейин узарды. Бирок премьер-министр Нарендра Моди өз өлкөсүндө кырдаал көзөмөлдө экенин билдирүүдө.

«Коронавируска чалдыккандардын санын дүйнөдөгү чоң жана өнүккөн өлкөлөргө салыштырсаңыз, Индияда абал жакшы экени талашсыз», - деп билдирди 14-апрелде Моди.

АКШдагы Жон Хопинкс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, калкынын саны боюнча Кытайдан кийинки эле экинчи орунда турган Индияда 10 миңден ашуун адам коронавируска чалдыкса, 350дөн көбү каза тапты. Бирок саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык эксперттер Индия калкынын орчундуу бөлүгү текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин эске салып, илдетке чалдыккандар расмий айтылгандан алда канча көп деп боолголоп жатышат.

Ал эми өпкөнү сезгенткен коронавирустун жаңы түрү адеп катталган Кытайдын өзүндө дүйшөмбү күнү бир да адамдан бул оору табылган жок. Андан бир күн мурда Бээжин чет өлкөдөн келген 100дөн ашуун кишиде вирус аныкталганын билдирген.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирус тез жайыларын, карантин чараларын эрте токтотуунун кесепети оор болоорун эскерткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG