Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

«Bellingcat»: Скрипалдарды ууландырууга генерал аралашкан


ГРУнун генералы Денис Сергеев
ГРУнун генералы Денис Сергеев

«Bellingcat» иликтөөчү уюму мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландыруу операциясын Лондондо мейманканадан үчүнчү адам башкарып турганын аныктап чыкты.

Иликтөөгө ылайык, ал адам Орусиянын Аскердик чалгын кызматынын (ГРУ) генералы.

Ата-кыз Скрипалдар былтыр жазында Британиянын Солсбери шаарында нервди шал кылчу «Новичок» деген зат менен ууландырылган. Расмий Лондон кылмышка байланыштуу Москваны айыптаган. Кремль болсо дооматтардын баарын четке кагып келет.

«Bellingcat» Скрипалдар ууландырылган окуяга шектүү деген адамдардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыкыр иликтеп, анын корутундусун жарыялады. Анда мурдагы тыңчы жана анын кызын ууландыруу операциясын "ГРУнун Денис Сергеев аттуу генерал-майору Лондондогу мейманканалардын биринде башкарып, көзөмөлдөп турган" деп айтылат.

"Мындай жогорку даражадагы офицердин катышуусу операция канчалык маанилүү болгонунан кабар берет", - деп белгилейт «Bellingcat».

Иликтөөгө ылайык, Денис Сергеев Лондонго 2-мартта, Скрипалдарды ууландырууга эки күн калганда учуп барган жана өз атын жашырып, "Сергей Федотов" деген ысым менен жүргөн.

Сергеев метродогу Паддингтон станциясынын жанындагы мейманканага жайгашкан жана дем алыш күндөрү телефондон "Амир" деген атка жамынып алып Москва менен кеминде 11 жолу байланышкан.

«Bellingcat» Сергеев менен Москвадан байланышкан адам кимдир бирөөгө катталбаган, бирдик үчүн акчасы алдын ала төлөнгөн, өзгөчө номерлүү сим карта колдонгонун, адатта мындай сим-карталарды "орусиялык атайын кызматтар пайдаланарын" жазды.

Иликтөөгө ылайык, Сергеев мейманканадан дээрлик чыккан эмес. 3-мартта, Скрипалдарды ууландырууга бир күн калганда шаардагы Оксфорд-стрит районуна жана Темзанын боюна кыска убакытка гана барып келген. Ошол күнү, болжол менен ошол убакта Скрипалдарды ууландырган деп шектелип жаткан, өздөрүн «Петров» жана «Боширов» деп атаган ГРУнун офицерлери Анатолий Чепига менен Александр Мишкин да ошол райондо жүрүшкөн жана Ватерлоо станциясынан поезд менен Солсбериге барганы жатышкан.

«Bellingcat» "Эгер Сергеев Чепига жана Мишкин менен жолугуп, аларга ууландыруу боюнча акыркы көрсөтмөлөрдү бергиси келсе, анда Ватерлоо вокзалы менен дайранын боюндагы жерден өткөн ыңгайлуу жер болмок эмес" деп жазды.

"The Insider" басылмасынын башкы редактору, иликтөөчү журналист Роман Доброхотов Скрипалдарды ууландырууга шектүү төртүнчү адам да бар экенин айткан:

"Биз бул иште төртүнчү адам бар деп болжоп жатабыз. Ал тууралуу британ ЖМКсы да өздөрүнүн булактарына таянып жарыялаган. Анан калса биз төртүнчү адам болушу мүмкүн деп шектелген адамды да аныктадык. Азырынча биз ал да Орусиянын Аскердик чалгын кызматынын өкүлү экенин, Европага ээн-эркин келип-кетип жүргөнүн гана айта алабыз".

Иликтөөчү уюмдун маалыматына караганда, Денис Сергеев 1973-жылы Казакстанда, казак-кытай чек арасына жакын Ушарал аскер шаарчасында туулган. Армияда Новороссийск шаарында болгон. 2000-2002-жылдары тар чөйрөдө "ГРУнун консерваториясы" деген каймана ат менен белгилүү болгон аскердик-дипломатиялык академияда окуган.

Генерал Сергеев үй-бүлөлүү, бойго жеткен жалгыз кызы бар. ​«Bellingcat» уюмунун ырасташынча, орус бийлиги ГРУнун генералы тууралуу ачык бардык маалыматтарды тазалап чыккан.

Солсберидеги ууландыруу тууралуу өткөн аптанын соңунда Жапониянын Осака шаарында "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда сөз болду. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга байланыштуу Путин менен Мэйдин сүйлөшүүсү «катаал» жана «абдан ачык» болгонун ырастаган.

Скрипалдар ууландырылгандан кийин батыш мамлекеттери менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык тиреш орун алган. Европадагы дээрлик бардык мамлекеттер, АКШ айрым орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарып салган, Москва болсо аларга ушундай эле жооп кайтарган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG