Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Улуттун дөөлөтүн жазган Жалил Садыков


Жалил Садыков.
Жалил Садыков.

Макаланын автору Аманбек Жапаров - журналист, педагог-режиссер. 1979-1983-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунун режиссура бөлүмүндө окуган.

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында артист жана режиссёр болуп иштеген. “Азаттык” үналгысы менен 1998-жылдан тартып кызматташып, ондогон маек жана макалаларды жазган. Соңку жылдары кыргыз искусствосуна, көркөм өнөрүнө бараандуу салым кошкон инсандар тууралуу макалаларды жазып келүүдө.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Эгемендикти көз карегиндей сактагыла"

Эл акыны, гимндин сөзүнүн авторлорунун бири Жалил Садыковдун көзү тирүү кезинде ал-акыбалын сурап, үйүнө бат-бат каттап турчумун. Бир жолу учурашайын деп кирсем Жалил агай маанайы суз отурган экен.

“Бул парламенттин депутаттарынын кыларга иши жокпу? Эми гимндин текстин өзгөртүүнүн кандай зарылдыгы бар? Депутаттар поэзия окубаса, аны кайдан түшүнмөк эле? Илгери орто кылымда Чыгыш жылдызы Омор Хаям чындыкты жазганы үчүн өкүмдарга жагалданган, поэзияны түшүнбөгөн кошоматчылар ырдан кыйкым издеп, Омордун атасынын көзүн ойдурган. Биз ошол орто кылымга кайтып баратабызбы? Депутаттар андан көрө мыйзамдын аткарылышын көзөмөл кылып, жанагы ичип-жегендерди токтотпойбу?! Эми Каркыраны карматканга себепкер бир депутат жанын үрөп гимндин текстин өзгөртүү керектигин айтып жатат, элдин башын айлантып”, - деп үшкүрүп диванга кырдана кетти. (2010-жылдары Жогорку Кеңеште мамлекеттик туу менен гимндин текстин өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, депутаттык комиссия дагы түзүлгөн-ред.)

Садыковдун байбичеси Сабира апа:

- Ошол маселени атаң радиодон угуп айрым гезиттерден окуп кан басымы көтөрүлүп, жүрөгү ооруп кант диабетинин өлчөмү жогорулап кетти, - деп ызасынан көз жашы мөлт эткен.

Эртеси барганымда Жалил агай:

- Аман, айланайын, “Азаттык” алгылыктуу иштеп жатасыңар. Жанагы аткаминерлерге, элге айткыла. Эгемендикти көз карегиндей сактагыла. Бөлүнүп-жарылбай бир муштумдай бекем ынтымактуу болушсун! "Манас" эпосунда “Бөлүнгөндү бөрү жейт, бөлүнүп кетти кыргыз деп, башкаларга кеп кетет" деген саптар бар, - деп көңүлү өткөнкүдөн көтөрүңкү отуруптур.

Ошол мезгилде айрым акындардын арасында жаңы гимнге текст жазып жанталашкандары болгон. Кийинчерээк ал маселе акырындан бас-бас болгон эле. Бирок акындын ден соолугуна катуу сокку болгонун баары эле биле бербесе керек. Ал эми гимндин музыкасынын авторунун бири, чыгаан композитор Н.Давлесов болсо музыкасынын айрым ноталары типографиялык техникалык катадан улам туура эмес басылганын, чет жактарда туура эмес гимн ойнолуп жүргөнүн ошол кездеги өкмөткө айтып, оңдош керек деп ооруп жүрүп оо дүйнө кетти.

“Мен арызданам” - автордун акыркы трагикомедиясы

Кийинки барганымда анын "Мен арызданам" деген пьесасын Маданият министрлигинин имаратынан таап окуганымды айтып, "уруксат берсеңиз, Нарын театрына барып сахналаштырайын" деп сурадым.

- Нарын театрында деле мыкты артисттер калган жок го. Жакшы артисттердин баары биякка келишиптир.

- Жаш таланттар бар. Сиз макулдугуңузду берсеңиз, мен Нарын театры менен сүйлөшө берейин. Мага ишениңиз, буюрса, спектакль кызыктуу болот, - деп кээ бир көрүнүштөрдү кооз сүрөттөп эбиреп жибердим.

- Макул, айланайын. Бирок мен Нарынга бара албайм, оору дагы оорлоп баратат.

- Сиз камсанабаңыз. Азыр видеокамера деген көп. Буюрса, премьерасын тартып көрсөтөбүз.

- Мейлиң. Нарынга барсаң, дубай салам айта бар. Өзүндү кара, жакшы жүр. Ишиң оңолсун, оомийин! - деп батасын берди.

Нарынга барып, театрдын ошол кездеги көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эл артисти Д.Баратбаева менен макулдашып, артисттерге пьесаны тааныштырып, ролдорду бөлүштүрүп келдим. Театрда иш башталганын авторго айтайын деп Жалил агайдын үйүнө барсам, байбичеси Сабира апа эшикти ачып:

- Аман, айланайын, атаңды эмне кылып кеттиң эле?, - деп табышмактуу суроо салып калды.

- Эмне кылыптырмын, тынччылыкпы? - деп чочуп кеттим.

- Тынччылык эле. Баягыда сен келип кеткенден кийин атаң илгерки кагаздарын таптыртып, кээ бир ырларын, пьесаларын кайрадан иштеп, үстөлдөн баш көтөрбөй калды. Эс ал десем болбойт, - деп жылмайды.

- Чыгармачылык чыйралтат да. Жөн коюңуз, чыгармачылыкка алаксып, көңүлү көтөрүлөт.

- Ошентип жатабыз.

Нарын театрында улуу акындын акыркы жазган “Мен арызданам” трагикомедиясы чоң ийгилик менен өткөн. Өзү бара албаса да уулдары Канат, Талант, Улан жана күйөө баласы Болот премьеранын жолдугун жасап, спектаклди толугу менен видеого тартып келип, Жалил агайга көрсөтүшкөн. Спектаклдин айрым жерлеринде бүлк-бүлк күлүп жарпы жазылган. Ошол премьераны эле күтүп чыйралып жүргөнбү, айтор, дарты өтүшүп, бир айдан кийин жарыкчылык менен коштошкон.

Жалил Садыковдун үй-бүлөлүк сүрөттөрүнөн.
Жалил Садыковдун үй-бүлөлүк сүрөттөрүнөн.

Казак ССРинин биринчи катчысынын жогорку баасы

Жалил Садыков “Манас” үчилтигин - “Айкөл Манас”, “Манастын уулу Семетей”, ”Сейтек” эпикалык драмаларын жазып, кыргыз драматургиясында өчпөс изин калтырды десек аша чапкандык болбойт.

“Манастын уулу Семетей” демекчи, бул чыгарма 1981-жылы Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук кыргыз драма театрында режиссер Ж.Абдыкадыров тарабынан коюлуп, зор ийгилик жаратканы менен кыргыз бийлиги аны катардагы эле спектаклдей кабылдап, көп маани берген эмес. Кийинчерээк бул спектакль коңшу Казак ССРинин борбору Алматыдагы Мухтар Ауэзов атындагы театрда тартууланып, ошол кездеги Казак ССРинин биринчи катчысы Д.Кунаев баш болгон бийлик төбөлдөрү келип көрүп, кыргыз артисттерин айга-күнгө теңеп, дем берген. Анда Жакемдин мамлекеттик эч кандай наамы жок эле.

Казактын мыкты режиссеру Азербайжан Мамбетов:

- Жаке, сиз Казакстанда болгондо бул спектакль үчүн “геройлукту” берет эди, - деп көңүл жубаткан. Анда Жаке “сен казак тилине которуп, спектаклди коюп, геройлукту өзүң ал, - деп жооп берген.

Байбичеси Сабира Чыпаева ошол күндү мындай эскерди:

"Спектакль коңшу Казак ССРинин борбору Алматыда М.Ауэзов атындагы театрда тартууланганда танаписте театрдын холлунда турганбыз. Бир жигит келип, “аксакал” чакырып жатат, жүрүңүз деп калды. “Аксакалы” ошол кездеги Казак ССРинин биринчи катчысы Д.Кунаев экен. Театрдын банкеттик залы деп койчу, ошол бөлмөгө Жакем мени дагы ээрчитип барды. Биз менен ошол кездеги маданият министринин орун басары Асанбек Стамов да бар. Кирсек Казак ССРинин биринчи катчысы Д.Кунаев өзү тосуп алып, "автор менен бет маңдай отурайын" деп дасторконго отурдук. Д.Кунаев сөз баштап, "сиздин "Манастын уулу Семетей” чыгармаңыз улуттун байлыгы, кыргыздын гимни” деп жогору баасын берген. Гастролдон келгенден кийин гана кыргыз бийлиги Жакеме Токтогул атындагы сыйлыкты, “Кыргыз ССРинин маданиятына, адабиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын ыйгарган. Жакем менен кошо бир катар артисттер дагы жогорку наамдарды алышкан.

Жалил Садыков жубайы менен
Жалил Садыков жубайы менен

Маданият министрлиги Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракесине карата анын туулган күнүндө, 3-октябрда Кыргыз драма театрында спектаклдеринин жумалыгын өткөрмөй болду.

Анын байбичеси Сабира апа көп көңүлү келбегендей болуп: "Билбейм кандай болот, балдар. Ж.Баласагын атындагы университетте илимий практикалык конференция уюштурулат дешкен. Көрөбүз го, мен деле бир күн оору, бир күн соо жүрөм, - деп калды. Ошентип залкардын 90 жылдыгы тек гана КТРдеги чакан эскерүү менен чектелди. Илимий конференцияны болсо ноябрда өткөрүү болжолдонууда.

Ж.Садыков 1932-жылы Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин колхоздун чарбасында, Ак-Түз шахтасында иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинен билим алган.

Анын "Убада" аттуу алгачкы ыр жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Акындын жүздөгөн ырларына обон чыгарылган. Анын “Сүрөтүңө”, “Жайлоодо” деген ырлары элдик ырга айланган. "Манастын уулу Семетей" (1982), "Сейтек" (1987), "Айкөл Манас" (1990) үчилтиги Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, "Эр Төштүк", "Ак Мөөр", "Жукеев-Пудовкин", "Терең кечүү", "Шаршен", "Боз торгой", "Адам жана азезил", "Шабдан баатыр" “Мен арызданам” ж. б. драмалары ар кыл театрларда коюлган.

Ал чыгыштын улуу акыны Омор Хаямдын "Рубаилерин", Р.Гамзатов, К.Кулиев, А.Пушкин, М.Лермонтов, Т.Шевченконун, балкар акыны М.Кудаевдин жана Я.Шивазанын чыгармаларын кыргызчага которгон. Ж.Садыковдун ыр жана поэма жыйнактары ондогон элдердин тилине которулуп, драмалык чыгармалары чет өлкөдө театр сахналарында коюлуп келет.

Жалил Садыков 2010-жылы 21-октябрда каза болуп, сөөгү туулган күнүндө, 23-октябрда жерге берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG