Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Улутташтырылган мүлктөрдүн ээсин эске салган мыйзам


Бакиевдин уулуна тиешелүү делген "Ideal house" деп аталган жердеги үйлөр. (Архивдик сүрөт)
Бакиевдин уулуна тиешелүү делген "Ideal house" деп аталган жердеги үйлөр. (Архивдик сүрөт)

Экономика министрлиги 2010-жылы улутташтырылган объекттерге байланыштуу мыйзам долбоорун демилгелеп, документ коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, Убактылуу өкмөттүн декрети менен мамлекеттин менчигине өтүп кеткен мүлктүн ээлери сотко кайрылып, менчикке болгон укугун коргой алышат.

Бул көрүнүштү 2010-жылы бийлигин алдырган адамдардын өч алуусу катары сыпаттап жаткандар да бар.

Экономика министрлигинин мамлекеттик менчикти башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы Нуржанат Жусупова мыйзам долбоору улутташтырылган мүлк боюнча талашка чекит коё турганын айтып, документтин мазмуну боюнча буларды билдирди:

“Улутташтырылып кеткен 47 объект боюнча 14 кайрылуу болгон. Алар мамлекеттин карамагына өткөн мүлктүн мыйзамдуу ээси экенин билдирип келишет. Бирок бул маселе боюнча сот чечим кабыл ала албай жатат. Анткени мыйзамда “улутташтыруу” деген түшүнүк жок. Биз сунуш кылып жаткан мыйзам долбоорунда улутташтырылган мүлктүн кандай учурда кайтарылып берилери же берилбеси так көрсөтүлгөн. Коомдук талкууга коюлган документ бул маселедеги талаштуу жагдайларды токтотот деп ойлойбуз”.

Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтыруу жүргүзүлгөндөн кийин эле дароо мүлктүн мурунку ээлери сотко доо арыз менен кайрыла баштаган. Негизги талап – мамлекеттештирүү жөнүндөгү декреттерди жокко чыгаруу болгон. Бирок алардын арызы каралбай, иш Жогорку соттун Конституциялык палатасына чейин жеткен.

2014-жылы Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, кыргыз өкмөтүнө маселени чечүү үчүн укуктук механизмди иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Конституциялык палатанын ошол учурдагы судьясы Клара Сооронкулова улутташтыруу боюнча талашты караганга катышкан:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

“Биз өз чечимибизде Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдагы кадамдары ошол учурга жараша кабыл алынганын жазып, алардын декреттери соттук териштирүүнүн предмети боло албай турганын кошумчалаганбыз. Бирок аткаруу бийлигине маселени кайра карап чыгуу, мыйзам же токтом аркылуу жөнгө салуу тапшырмасы берилген. Ал жерде мүлктүн мыйзамдуу ээлеринин кызыкчылыгын коргоо же мүлктү кайтарып берүү жөнүндө да жазылган. Анткени арасында жөн жеринен мүлкүн тарттырып жиберген адамдар бар. Тилекке каршы, Конституциялык палатанын чечими аткарылган жок”.

Конституциялык палатанын чечиминен кийин бул маселе боюнча мекеме аралык жана депутаттык комиссия түзүлгөн. Бирок алардын иши туңгуюкка кептелген.

Улутташтырылган байлыктын баяны

Убактылуу өкмөттүн чечими менен 47 объект улутташтырылган. Алардын арасында “Азия Универсал Банкы”, Ысык-Көлдөгү “Каприз”, “Аврора плюс” эс алуу жайлары болгон. Мындан сырткары “Пирамида”, “Жыйырма бешинчи кадр” телекомпаниялары, “Чакан ГЭС” ишканасы, “Дастан” ишканасынын 50 пайыз үлүшү, Бишкек ликер-арак заводунун 70 пайыз акциясы да улутташтырылган эле.

Бул тизменин арасында “Мегаком” компаниясы, Ысык-Көлдөгү жана Бишкектеги бир нече жер тилкеси, кыймылсыз мүлк жана машинелер да кездешет.

Ошол учурда мамлекеттин карамагына өткөн мүлктүн бир бөлүгү Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө, алардын жакындарына таандык экени, калганы арзан баада менчиктештирилген объекттер экени айтылган.

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев улутташтыруу мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болгонун айтып берди:

Кеңешбек Дүйшөбаев
Кеңешбек Дүйшөбаев

“Улутташтырылган объекттердин бардыгы убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Ушунун негизинде мамлекетке кайтарылган. Бул чечим элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон кадамдардын бири болгон. Эми аны кайра кароонун кажети бар беле? Карашса карашсын, каршы деле эмесмин. Эң негизгиси бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Бирок бул жерде саясий өңүт болушу мүмкүн”.

Бул азыркы бийликтин тушунда Убактылуу өкмөттүн иш-аракетин жана чечимдерин териштирүүгө жол ачып жаткан алгачкы учур эмес. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш ишин кайра тергей баштаган.

Иш Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экени кабарланган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков бул эки окуянын байланышы бар экенин айтып, мындай пикирин ортого салды:

“Бийликке келген адамдар мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкты алдыга койбостон, саясий топтордун кызыкчылыгына артыкчылык берип келет. 2010-жылы Бакиевдерди шылтоо кылып башкалардын мүлкүн тартып алган учурлар болгон. Азыр болсо аларга каршы чыккан саясий топ Убактылуу өкмөттү дискредитациялоо максатында иш жүргүзүп жатат. 2010-жылы бир катар мүлктү улутташтыруу туура болгон. Эми ошолорду артка кайтаруу процесси жүрүп жатат. Анткени ошол учурда качкан, жабыркап калган адамдар бийликке жакындап калды. Алар үчүн мүлкүн кайтарганга, өч алганга шарт түзүлдү”.

20-апрелде "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев парламенттин тармактык комитетинде сүйлөп жатып апрель ыңкылбынан кийин мамлекеттин карамагына өткөн мүлктөрдү ээлерине кайтарып берүү аракети жүрүп жатканын айыптады. Ушул тапта айрым бир адамдар мындай мүлктөрдүн тизмесин алып Жогорку сотто жана башка укук коргоо органдарында жүргөнүн белгиледи.

"Улутташтырылган мүлктөр кайра ээлерине кайтарылбашы керек. Ал мамлекеттин кызыкчылыгында болуш керек. Бул тууралуу ар бир процесс ачык болуп, элге жетип турушу шарт. Аны прокуратура көзөмөлгө алышы абзел”, - деди Жээнчороев.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, 90дой жаран жан берген. Курманбек Бакиев ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан.

Апрель окуясында бийликке келген Убактылуу өкмөт Бакиевдердин учурунда мыйзамсыз сатылган жана менчиктештирилген ондогон мүлктү улутташтырган. Кыргыз соттору Бакиевдер, алардын жакындары жана өнөктөштөрү кыргызстандык жана чет элдик шериктери менен биргелешип бир нече миллиондогон доллардык бюджеттик акчаны жана мүлктү өз кызыкчылыгында тегереткен деп айыптаган.

2010-жылдын 7-апрелинен ошол жылдын июль айына чейин өкүм сүргөн Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү болгон. Алар: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер, Дүйшөнкул Чотонов, Иса Өмүркулов, Топчубек Тургуналиев.

"Азаттыктын" архиви: Бакиевдин байлыгы кимдин колунда?

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG