Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

298 өмүрдү жуткан кырсыкка беш жыл толду


Малайзиялык учактын калдыктары күйүп жатат. Донбасс. 17-июль, 2014-жыл.
Малайзиялык учактын калдыктары күйүп жатат. Донбасс. 17-июль, 2014-жыл.

Украинанын чыгышында "Малайзия аба жолдорунун" MH17 каттамындагы учагынын атып түшүрүлгөнүнө бүгүн туура беш жыл толду. Анда борттогу 298 кишинин бири да тирүү калган эмес.

298 адамдын өмүрүн алган трагедия

2014-жылдын 17-июлунда Амстердамдын Шипхол аэропортунан асманга көтөрүлгөн MH17 каттамындагы "Боинг-777" жүргүнчү учагы Украинанын чыгышына жеткенде радардан жоголуп кеткен. Саналуу секундадан кийин учактын сыныктары Грабово айылынын жанындагы талаага чачырган.

Колу-буту үзүлгөн, бир нечеге бөлүнгөн жүздөгөн адамдын сөөгү күнкарама өскөн талаага батпай калган.

Ал маалда Украинанын чыгышында өкмөттүк армия менен орусиячыл жикчилдер ортосунда куралдуу кагылышуу жүрүп жаткан. Луганск жана Донецк облустары орусиячыл козголоңчулардын көзөмөлүндө калган.

Борттогу 298 кишинин 15и экипаждын мүчөсү болгон. Жүргүнчүлөрдүн 196сы голландиялыктар, 38и австралиялыктар, калгандары Индонезия, Британия, Германия, Бельгия, Филиппин, Канада, Жаңы Зеландия жана Түштүк Африканын жарандары болгон.

Учак кыйраган жерде тургандар, Донецк облусу.
Учак кыйраган жерде тургандар, Донецк облусу.

Bellingcat: учак "Бук" ракеталык комлекси менен атып түшүрүлгөн

2016-жылы Bellingcat эл аралык иликтөө тобу учак Орусияда жасалган "Бук" ракета системасынан атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Аталган топ ырастагандай, жабдууну окуя алдында Орусиядан алып келишип, кайра тез эле артка алып кеткен.

Ишенимдүү, ачык булактарга таянып жазылган отчетто украиналык учакты бутага алууну көздөгөн ракета жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактан атылганы айтылган.

Эл аралык тергөө тобу шектүүлөрдүн ысымдарын атады

Курамына Нидерланддын, Австралиянын, Малайзия, Бельгия жана Украинанын өкүлдөрү кирген Эл аралык тергөө тобу 2018-жылдын май айында учак Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн №53 Абадан коргонуу бригадасынан алынып келген "Бук" ракеталык комплекси менен атып түшүрүлгөнүн билдирген.

2019-жылдын 19-июнда Нидерланддын Ньивегейн шаарындагы басма сөз жыйында ушул эле тергөө тобу учакты атып түшүрдү деп шектелип жаткан төрт адамдын атын жарыялады:

Бул жолу окуяга катышкан үч орусиялык жана бир украиналык "киши өлтүрдү" деп айыпталып жатканы айтылды.

"Бүгүн биз жоопко тартыла турган төрт шектүүнү кармоо тууралуу эл аралык ордер жөнөтөбүз. Улуттук жана эл аралык деңгээлде бул адамдарга издөө жарыяланат. Мындан улам биз алардын толук аты-жөнүн жана сүрөттөрүн ачыкка чыгарабыз. Алар Игорь Гиркин (Стрелков), Сергей Дубинский, Олег Пулатов жана Леонид Харченко", - деди Нидерланддын башкы прокурору Фред Вестербеке.

Ал аты аталгандардын үчөө орусиялык, бирөө украиналык экенин кошумчалады.​

Нидерланддын башкы прокурору Фред Вестербеке. Ньивегейн. 19-июнь, 2019-жыл.
Нидерланддын башкы прокурору Фред Вестербеке. Ньивегейн. 19-июнь, 2019-жыл.

Тергөө тобунун маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан төрт адам ракетаны өз колу менен учурбаса да, алардын кызматташтыгы жана беш жыл мурунку аракеттери учакты атып түшүрүүгө себеп болгон.

Орусия дооматтарды четке кагып келет

Москва башынан эле малайзиялык учактын атып түшүрүлүшүнө тиешеси жоктугун билдирип, бул окуя боюнча тескерисинче расмий Киевди айыптап келет.

Орусия болсо эл аралык тергөө тобунун иликтөөсүн четке кагып, өз версияларын айтууда. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин:

"Орусия анда эч кандай жоопкерчилик болбосо да, жоопкерчиликтен эч качан качкан эмес. Орусияны күнөөлүү кылган далилдерди биз кабыл албайбыз. Биз эч кандай далил жок деп эсептейбиз. Биздин өзүбүздүн версиябыз бар. Биз ал жөнүндө айттык. Тилекке каршы бизди эч ким уккусу келген жок", - деп жакында эле Осака шаарында өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында билдирген.

Эл аралык иликтөө тобу "Букту" “башкаргандарды” аныктоону улантарын билдирди. Ал эми учакта курман болгондордун жакындары Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна трагедия үчүн Орусиянын жоопкерчилигин таанууну сурап кайрылышты.

Эки жыл мурда Нидерландда учак кыйраганда набыт болгондордун элесине арналган эстелик ачылган. Ошондой эле Шипхол аэропортунун жанындагы эскерүү комплексинде курман болгондордун урматына бирден дарак отургузулган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG