Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Киев орусиялыктарга жарандык берет


Украинанын паспорту.
Украинанын паспорту.

Расмий Киев саясий куугунтукка кабылган орусиялыктарга украин жарандыгын жеңилдетилген жол менен берүүнү чечти. Украин президенти Владимир Зеленский өкмөткө бул багытта тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Украин президентинин 13-августта жарыяланган жарлыгына ылайык, мындан ары Орусияда «саясий көз караштары үчүн куугунтукталгандар» украин жарандыгын оңой алышат.

Ошондой эле Украинаны коргоого катышкан, өлкөнүн улуттук коопсуздугун сактоого көмөктөшкөн чет өлкөлүктөргө же жарандыгы жок адамдарга да украин паспортту жеңилдетилген жол менен берилет.

Мындай категорияга туура келген адамдар үчүн Орусиянын же башка өлкөнүн жарандыгынан баш тартканын далилдөөнүн кажети жок. Украин атуулдугун алуу тууралуу арызы жетиштүү болот.

Украин президенти Владимир Зеленский.
Украин президенти Владимир Зеленский.

«Ушундай эле талаптан Украинанын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткандар жана Украинага эмгеги сиңгендер, же Донецк жана Луганск облустарындагы Орусиянын агрессиясынын мизин кайтарууга катышкандар да бошотулат», - деп айтылат жарлыкта.

Президент Владимир Зеленский өз жарлыгы менен өкмөткө «украин жарандыгын алуунун жол-жоболорун жеңилдетүүнү көздөгөн» мыйзам долбоорун тез арада иштеп чыгууну тапшырды. Ал үчүн министрлер кабинетине үч ай убакыт берилди.

Украинанын мындай чечиминин алдында, 17-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин жеңилдетилген жол менен орус жарандыгын ала турган украиндердин тизмесин кеңейткен. Ага ылайык, эми Украинанын Донецк менен Луганск облустарынын бардык жашоочулары орус жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен ала алышат.

Путиндин 24-апрелдеги жарлыгына ылайык, орус паспорттору жеңилдетилген жол менен өздөрүн Луганск жана Донецк элдик жумурияттары деп атаган жикчил күчтөр көзөмөлдөгөн аймактардын гана тургундарына берилип жаткан.

Украин өкмөтү, Европа Биримдигинин бир катар мүчөлөрү жана Канада да орус бийлигинин мындай кадамын кескин айыптап келишет.

Бирок Путин 20-июнда түз эфирде элдин суроолоруна жооп берип жатып, украиндерге орус жарандыгын берүүнүн жол-жобосун жакшыртууну убада кылган эле.

Путиндин Крымдагы сапары маалында тартылган сүрөт, 10-август 2019-жыл.
Путиндин Крымдагы сапары маалында тартылган сүрөт, 10-август 2019-жыл.

«Орус паспорттору тууралуу айта турган болсок, алардын кезеги түзүлдү. Биз жарандык алууну каалагандарга орус паспортторун беребиз. Орус атуулдугун алууну каалаган Украинанын башка жарандары тууралуу мурда да айткам. Биз жарандыкты жеңилдетилген тартипте бере турган системаны жакшыртабыз», - деп билдирген Путин.

Апрель айынан бери Донбасс аймагынын 10 миңге чукул тургуну орус жарандыгын алганы июль айында Орусиянын Мамлекеттик Думасында айтылган. Буга чейин Путин жеңилдетилген жол менен жарандык алууга укуктуу адамдардын тизмесине аннексияланган Крымда 2014-жылга чейин жашаган украиндерди, СССР убагында Орусияда төрөлгөн Ирак, Йемен, Сирия жана ооган жарандарын да киргизген.

Москва Евромайдан окуяларынан көп өтпөй, 2014-жылдын март айында Украинанын Крым жарым аралын аннексиялаган. Кремль аймактын тургундары элдик добуш берүүдөн кийин Орусияга кошулууну чечкенин билдирип келет.

Крымдын аннексиясынан көп өтпөй Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдердин ортосунда кармаш тутанган. Беш жылдан ашык убакыттан бери токтобой жаткан бул куралдуу жаңжал 13 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды.

Украинанын чыгышы, 11-июнь 2019-жыл.
Украинанын чыгышы, 11-июнь 2019-жыл.

Украинанын чыгышындагы жаңжал президент Зеленскийдин күн тартибиндеги башкы маселелердин бири катары мүнөздөлүп келет. Июль айында ок атышпоо тууралуу жаңы макулдашуу күчүнө киргени менен кармашты жөнгө салууда көзгө көрүнөөрлүк жылыш байкала элек.

11-июлда Украинадагы президенттик шайлоодон кийин биринчи жолу Путин менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөшкөн. Экинчи жолу 7-августта эки лидер украин тараптын өтүнүчү менен кайрадан сүйлөшүшкөн. Буга Донбасста кырдаалдын курчуп кеткени себеп болгон. Анткени 6-августта Украинанын чыгышындагы куралдуу кармаштан төрт украин аскери мерт болгон эле.

10-августта орус телеканалдары Путиндин Крымга барганын жана «Түн каткан бөрүлөр» аттуу мотоклуб Севастополдо уюштурган байкерлердин шоусуна катышканын көрсөтүшкөн. Украинанын Тышкы иштер министрлиги Путиндин кадамын сынга алып, анын Крым сапарын Украинанын аймактык бүтүндүгү менен суверендүүлүгүнө «одоно шек келтирүү» катары мүнөздөгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG