Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Донбасс: Захарченко жардыруудан каза болду


Александр Захарченко
Александр Захарченко

Жума күнү кечинде болгон жардырууда өзүн "Донецк Элдик Республикасы" (ДНР) деп атап алган аймактын жетекчиси Александр Захарченко өлдү. Маалыматты ДНР жетекчилиги да расмий ырастады.

"Интерфакс" агенттиги өз булактарына таянып, кылмышка шектүү бир нече адам кармалганын, алар "украиналык диверсанттар" деп айтылып жатканын жазды.

Маалыматтарда жардыруу Донецктин чок ортосундагы "Сепар" ресторанында болгону айтылат.

Жардыруудан жикчилдердин дагы бир лидери - Александр Тимофеев жабыркаганы кабарланууда.

Окуя учурунда Захарченко кафеде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан деген маалыматтар чыкты, башка бир версия боюнча ал 30-августта 81 жашында көз жумган ырчы Иосиф Кобзонду эскерүүгө келген.

Советтик жана орусиялык ырчы Украинанын Донецк облусунда жарык дүйнөгө келгени маалым. Ал жикчилдердин колундагы Донецк шаарына бир канча жолу барган жана Захарченко менен достук мамиледе болгон. Аймактын лидерин да коомчулук акыркы жолу ал бир күн мурда ырчынын эстелигине гүл койгондо көргөн.

Украинанын коопсуздук кызматы Захарченконун өлгөнүн ырастады.

“Биз муну ич ара согуштун жыйынтыгы” деп санайбыз деди Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлү Елена Гитлянская.

Орусиянын президенти Владимир Путин да Александр Захарченконун өлүмүнө байланыштуу кечиктирбей көңүл айтты.

- Александр Захарченконун карасанатай өлүмү – террор, зомбулук, коркутуу жолун тандап алгандар, тынчтык жолун, жаңжалды саясий жол менен чечүүнү, түштүк-чыгыштын эли менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү каалабай турганын далилдеп турат. Анын ордуна кырдаалды туруксуздаштырып, Донбасс элин тизелеткиси келет. Бул алардын колунан келбейт, - деп айтылат Путиндин көңүл айтуу билдирүүсүндө.

“ФАН” маалымат агенттиги өз булактарына таянып, Захарченконун ордуна “Донецк Элдик Кеңешинин төрагасы” Денис Пушилин келе турганын жазды. Бирок азырынча анын кызмат милдетин биринчи орун басары Дмитрий Трапезников аткара баштады.

Жардыруу болгон кафе.
Жардыруу болгон кафе.

"Цензор.НЕТ" интернет басылмасынын башкы редактору Юрий Бутусов Захарченконун өлүмү боюнча түрдүү версиялар бар экенин, анын ичинде окуяга орустардын да тиешеси болушу мүмкүн деп эсептейт:

- Бул украиналык атайын кызматтардын “ийгиликтүү иши” болду деген версия бар. Бирок ошол эле кезде ал жакта ачык согуш, көмүскөдөгү финансылык агымдардагы таасир талаш болуп жатканын да унутпашыбыз зарыл. Захарченко менен чогуу ДНРдин “кирешелер жана алымдар боюнча министри”, “Ташкент” деген каймана аты бар, жардыруудан катуу жараат алып, азыр оор абалда жаткан Александр Тимофеевди жок кылуу аракети болгон. Бул жерде жикчилдердин лидерлерин жок кылууга орусиялык атайын кызматтар катышкан болушу мүмкүн же ал жергиликтүү бандалардын териштирүүсүнүн жыйынтыгы дегенди да жокко чыгарбоо керек.

Александр Захарченко ортодо.
Александр Захарченко ортодо.

2014-жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарын Орусия колдогон жикчилдер өз ара республика атап алышкан. Ошондон бери алар борбордук өкмөткө баш ийбей, украин аскерлери менен согушуп келет. Захарченко жикчил аймактын башына 2014-жылдын август айында келген.

БУУнун эсеби боюнча Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазында тутанган куралдуу кагылышуулардан ушул күнгө чейин 10 миң 300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG