Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Донбасста украин журналисти 15 жылга кесилди


«Асеевге боштондук» акциясы.
«Асеевге боштондук» акциясы.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин соту «Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен кызматташкан украиналык журналист Станислав Асеевди 15 жылга түзөтүүчү колонияга кести.

Журналистке карата чыккан өкүм тууралуу жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактагы Донецкинин жаңылыктар агенттиги маалымдады. Кабарга ылайык өкүм августта чыгып, дароо эле күчүнө кирген. Журналист «Тыңчылык», «Экстремизм» беренелери жана жикчилдердин «Донецк элдик республикасынын» (ДНР) аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген чакырыктары үчүн күнөөлүү деп табылды.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай Асеевдин соттолушу «айыпталышы керек» деп билдирди. Ал журналист катары Украинанын чыгышындагы кырдаалды чагылдырып жүргөнүн белгилеген Флай жикчил бийликтин ага карата чыгарган чечимин «журналисттин көз каранды эмес, кубаттуу добушун басуу аракети» деп баалап, ошондой эле Асеевди дароо бошотууга үндөдү.

Журналистти 2017-жылдын 2-июнунда Донецк чөлкөмүндө уурдап кетишип, ошондон бери ал жикчилдердин абагында кармалып келди.

30 жаштагы Асеев Донецк жикчилдердин колуна өткөндөн кийин да ал жактагы окуяларды дүйнөгө айтып берип туруш үчүн жеринен ишин уланткан сейрек кабарчылардын бири болчу.

«Россия 24» телеканалынын берүүсү.
«Россия 24» телеканалынын берүүсү.

- Мен үчүн бирдиктүү өлкө деген ураан жөнөкөй абстракция эмес. Бул - мен азыркыга чейин ишенген принцип, - деген журналисттин пикирин Орусиянын «Россия 24» телеканалы былтыр августта көргөзгөн сюжетте берген.

Асеев Станислав Васин деген псевдоним менен бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун «Донбасс. Реалии» долбоору үчүн репортаж, иликтөө, интервьюларды даярдап турду.

Жикчил бийлик журналистти «алардын күчтөрү жайгашкан жерлер тууралуу маалымат чогултуп, Украинанын Коопсуздук кызматына өткөрүп берип турган» деп айыптады. Бул тууралуу «Hromadske» маалымат сайты жазды.

Орусиянын «Россия 24» телеканалы былтыр август айында көрсөткөн сюжетте Станислав Асеев өзүн айыптап жаткан тараптын жүйөсүнө макулдугун билдирген:

«Мени ДНРдин мыйзамдары боюнча «Тыңчылык» беренеси боюнча күнөөлөп жатышат. Ооба, бул айыптарды мен мойнума алам».

Бирок өзү да жикчилдердин абагында отуруп чыккан дин таануучу, Донецк университетинин изилдөөчүсү Игорь Козловский Асеевди күчтөп күнөөсүн мойнуна алдырышкан деген оюн «Донбасс. Реалии» долбоорунун кабарчысына ошол репортаждан кийин айткан.

- Туткундардын бардыгын «экстремистмин», «террористмин» же «тыңчымын» деп өзүнө жалаа жаптырууга аракет кылышат. Менден да «тыңчылык кылгам» деп моюнга алышымды талап кылышкан. Стастын энеси бар. Менимче, өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу менен коркуткан болушу мүмкүн, - дейт Игорь Козловский.

2018-жылдын августунда АКШ Конгрессинин медиа эркиндиги боюнча форуму Асеевди «объективдүү маалымат берип туруш үчүн жикчилдердин көзөмөлүндөгү райондордо калган бир ууч эркин журналисттердин бири» деп сүрөттөп, аны дароо бошотууга үндөгөн.

Өткөн июлда республикачыл сенатор Марк Рубио Асеевди эркиндикке коё берүүгө чакырган.

Жазуучулардын дүйнөлүк ассоциациясы - PENдин 85-конгрессинин делегаттары Асеевге колдоосун билдиришти. Манила, октябрь, 2019-жыл.
Жазуучулардын дүйнөлүк ассоциациясы - PENдин 85-конгрессинин делегаттары Асеевге колдоосун билдиришти. Манила, октябрь, 2019-жыл.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму да украиналык журналисттин абалына тынчсыздануусун билдирген.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу ошондой эле украин редакциясы үчүн жазып жүргөн Олег Халазюктун коё берилишине чакырды. Бул журналист эки жылдан ашуун убакыттан бери Донецкидеги жикчилдердин камагында кармалып келе жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG