Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Украина: орус аскерлери Херсондо артка сүрүлдү


Украинадагы согуштун картасы. Украин күчтөрүнүн Херсондогу контрчабуулу көк багыттамалар менен белгиленген.
Украинадагы согуштун картасы. Украин күчтөрүнүн Херсондогу контрчабуулу көк багыттамалар менен белгиленген.

Украинанын армиясы Херсон облусунда орус күчтөрүн дагы кыйла артка сүрүп, ондогон айылдарды бошотту. Орусиянын Коргоо министрлиги аталган аймакта кеминде 30 чакырымдай чегингенин моюнга алды.

Мунун фонунда мобилизацияга жаңы тартылгандар өздөрү туткунга түшүп берип жатат. Ал арада орус президенти Украинанын төрт облусун аннексиялоо жарлыгына кол коюп, алардын жетекчилерин дайындады.

Контрчабуулдун “жемиштери”

Украин бийлиги контрчабуулдагы жаңы жетишкендиктери тууралуу отчёт берип, Орусиянын аскерлери басып турган алты облустун төртөөндө айылдарды өз көзөмөлүнө кайтарганын жарыялады. Соңку суткаларда эки аймакта гана жылыштар болбоптур.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда бошотулган калктуу конуштардын бир катарын атады.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Биринчиси, украин армиясы өлкөбүздүн түштүгүндө коргонуу операцияларынын алкагында ыкчам жана батыл кыймылдарды жасады. Орусия өткөргөн жалган референдумдардан бул аптада ондогон калктуу конуштар бошотулду. Алар Херсондо, Харьковдо, Луганскиде жана Донецкиде. Херсон облусунда эле Любимовка, Крещеновка, Золотая Балка, Беляевка, Украинка, Чоң Александровка, Кичи Александровка жана Давыдов Брод айылдарынан оккупанттарды сүрүп чыгардык. Бул дагы толук тизме эмес. Биздин жоокерлер токтоп калышкан жок. Баскынчыларды толук сүрүп чыгаруу убакыттын гана иши болуп калды”.

Орус күчтөрү жана жикчилдер ушул күндөрү Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Николаев жана Харьков облустарынын азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Харьковдун басымдуу аянтын украиндер сентябрда контрчабуулдун алкагында бошоткон. Ал жүрүштөр августтун аягында башталган жана дале уланууда.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 5-октябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 5-октябрга карата карта.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз аскерлери бир катар багыттарда чегингенин жалпылаштырып мойнуна алып жатат. Министрлик соңку брифингдеги картада алар Херсон облусунда кеминде 30 чакырымдай артка тартылганын көрсөттү. Бул айырмачылыктарды “Агентство” басылмасы мекеменин мурунку карталарына салыштыруу менен таап чыкты.

“Коргоо министрлигинин картасында көрсөтүлгөн Херсон облусунун түндүк бөлүгүндөгү чегинүү көз карандысыз байкоочулардын жана орусиячыл аскердик блогерлердин карталарына караганда да кыйла айырмаланат. Мурдараак фронттун линиясы Давыдов Брод, Добрянка жана Золотая Балка конуштарынын тегерегинен өтүп жаткан болчу. Шейшембиде Коргоо министрлиги Давыдов Брод жана Дудчан айылдарына чейинки аянттар гана Орусиянын армиясынын көзөмөлүндө калганы көрсөтүлгөн. Мындай жол менен аталган аймактагы фронттун линиясы болжол менен 30 чакырымга түштүк тарапка жылды”, – деп айтылат басылманын маалыматында.

Украинанын Херсон облусундагы оккупацияланган жана бошотулган аймактардын картасы. "Агентство" агенттигинин иллюстрациясы.
Украинанын Херсон облусундагы оккупацияланган жана бошотулган аймактардын картасы. "Агентство" агенттигинин иллюстрациясы.

Ал эми Херсон облусундагы Орусия бекиткен администрация чегинүү ушуну менен токтой турганын, калган аймактар корголуп каларын билдирүүдө. Алар Орусиянын күчтөрү азыр кайрадан жыйналып, Украинанын армиясына жооп бергени жатканын кабарлашты.

Херсон облусундагы Орусия дайындаган губернатордун орун басары Кирилл Стремоусов өзүнүн Телеграм-каналындагы видеодо мындай деди:

Кирилл Стремоусов
Кирилл Стремоусов

“Биз азыр тынч Херсон шаарында турабыз. Алыс жактарда атышуулар угулуп жатат, бирок көп эмес. Херсон облусунун аймагын кайрадан тартып алып жатканы тууралуу социалдык түйүндөрдө жарыяланган маалыматтар, кооптонуулар жөнүндө айтсам, украин күчтөрүнүн чабуулу Дудчан конушунун айланасында токтотулду. Бул аймактар Орусиянын курамында жана ага кол салгандарды авиация менен артиллерия талкалап жатат. Дүрбөлөңгө түшүп, мындан шоу жасабагыла”.

Украинанын Куралдуу күчтөрү августта Херсон облусундагы көпүрөлөрдү талкалап, Днепр дарыясынын оң тарабындагы орус аскерлерин арт жактагы күчтөрү менен байланышсыз калтырган. Орус тарап дарыяга калкыма көпүрөлөрдү куруп, кайрадан каттай баштаганы менен ага да сокку урулган. Украиндер контрчабуул менен Херсондун Днепрге чейинки бөлүгүн кайтарып алганы турушат. Антсе Николаев облусунун чакан бөлүгү да бошойт.

Туткундар, аннексия жана HIMARS

Ал ортодо Орусиянын аскерлери, анын ичинде мобилизацияга тартылгандар да Украинанын Куралдуу күчтөрүнө жапырт түрдө колго түшүп бере баштады. Киев уюштурган “Жашагым келет” деп аталган борборго соңку эки аптада кеминде эки миңдей орус аскери байланышып, согушууну каалабай турганын, дароо эле туткунга түшүүгө даяр экенин билдиришти.

Украинанын “Жашагым келет” долбоорунун өкүлү Виталий Матвиенко журналисттерге буларды айтты:

Виталий Матвиенко
Виталий Матвиенко

"Украина колго түшүп бергендерге Женева конвенциясын сактап, үч маал тамак, медициналык жардам жана жакындары менен байланыш уюштуруп берүүгө кепилдик берет. Эгер орусиялык аскердик туткун өз мекенине кайтууну каалабаса, анда биз алардын Украина аймагында калуу мүмкүнчүлүгүн караштырып көрөбүз”.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу мунун алкагында 15 күндүн ичинде кеминде 200 миңдей адам аскерге тартылганын маалымдады. Ал башында бул жарлык 300 миң адамга тиешелүү экенин айткан. Бирок айрым басылмалар 1 миллиондой адам мобилизацияга тартылышы мүмкүндүгүн жазып чыгышкан.

Путин 5-октябрда Украинанын оккупацияланган Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарын Орусия Федерациясынын курамына кошуу тууралуу келишимдерди ратификациялаган мыйзамдарга кол койду. Ал аймактардагы Москва дайындаган жетекчилер менен келишимдерди Путин өзү 30-сентябрда кабыл алган. Документти Орусиянын парламентинин эки палатасы – Федералдык Кеңеш менен Мамлекеттик Дума жактырып, Конституциялык сот да мыйзамдуу деп тапкан.

Путин муну менен катар аталган аймактардын жетекчилерин расмий түрдө дайындаган буйруктарын чыгарды. Ага ылайык, Донецкиде Денис Пушилин, Луганскиде Леонид Пасечник башчы болсо, Запорожьеде Евгений Балицкий, Херсондо Владимир Сальдо губернаторлук кылат. Алар аталган кызматта буга чейин эле иштешчү жана Орусия менен кызматташып келишчү.

Эл аралык нормаларды одоно бузган Москванын кадамын Батыш катуу айыптап, дипломатиялык басым-кысымын улантууда. Украинанын бийлиги да бул аннексияны тааныбай турганын жарыялап, бийликте Владимир Путин турганда Орусияда менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

Бул арада Вашингтон Киевге дагы 625 миллион доллар аскердик жардам бөлө турганын маалымдады. Бул тууралуу шейшембиде АКШнын президенти Жо Байден украин президенти Владимир Зеленскийге билдирди. Мындай маалымат Ак үйдүн сайтына жарыяланды. Ага ылайык, украин армиясы кошумча жабдуулар, ок-дары, чопкутталган техника жана транспорт каражаттары алмакчы.

Reuters агенттиги булактарга таянып жазганына караганда, HIMARS реактивдүү системасынын дагы төрт комплекси, гаубицалардын дүрмөттөрү, миналар жана миналарга туруштук берген тактикалык машинелер берилет. Пентагон бул маалыматты бышыктап, Украинага HIMARS куралдары менен Крымга чейин атууга уруксат берди.

АКШнын Коргоо министрлигин өкүлү Лора Купер брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай деди:

Лора Купер
Лора Купер

"Бул же тигил мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен биз согуш талаасында эмнелер керек экендигин талдап жатабыз. Биздин баабызга караганда алардын колундагы жана биз ушул пакеттин алкагында жөнөтүп жаткан HIMARS куралдары менен алар согушта көпчүлүк буталарды талкалашса болот. Биздин оюбузча, алар көпчүлүк жерлерди, анын ичинде Крымдын ичин да бутага ала алышат. Түшүнүктүү болуш үчүн айта кетейин, Крым – бул Украина”.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Батыш өлкөлөрү украин куралдуу күчтөрүнө аскердик жардам берип келет. Украина АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларын фронтто ийгиликтүү пайдаланууда. АКШнын Коргоо министрлиги украиндер ушул күнгө чейин берген 16 HIMARS системасы менен 400дөй бутаны жок кылганын маалымдаган. Сентябрдын аягында маалым болгондой, Вашингтон Киевге жалпы аталган системадан дагы 18 даана берүүнү мерчемдеп жатат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG