Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:08

Украина олигархтарды ооздуктайт


Киевдин борборунда “Олигархтарсыз Украина!” деген саясий жүрүштөн. 3-апрель, 2018-жыл.
Киевдин борборунда “Олигархтарсыз Украина!” деген саясий жүрүштөн. 3-апрель, 2018-жыл.

Украинада “Олигахтарга каршы мыйзам” иштей баштады. Бирок парламенттеги саясатчылар бул бийлик оппозицияга каршы колдоно турган “айбалта” болуп калганын айтышууда.

Жакында күчүнө кирген бул мыйзам олигархтардын саясатка жана экономикага таасир этүүнүн чектөө шарттарын ичине камтып, жоопкерчилик чаралары каралган.

Порошенко телеканалдарынан ажырады

Украинанын мурдагы президенти, Рададагы “Европалык тилектештик” фракциясынын лидери Петро Порошенко олигархтар тууралуу мыйзамдын бутасына айлангандыктан ага тиешелүү телеканалдардагы акцияларын сатууга аргасыз болгонун билдирди.

Буга чейин бир топ өндүрүштүк ишканаларга жана медиага ээлик кылары айтылган бул саясатчы телеканалдарга кожоюндуктан баш тартып, үлүшүн мурдагы жана учурда иштеп жаткан журналисттерге сатканын айтты.

Анын негизинде эмгек жамааты “Эркин медиа” деген холдинг түзгөнү кабарланды. Бирок бул алды-сатты канчага бааланганы жана төлөмдөр канчалык анык жүргүзүлгөнү ачык айтылган жок.

Юстиция министри Денис Малюска олигарх ага тиешелүү медиага кожоюндуктан баш тарткан учурда аталган мыйзамдын талабын аткаруу үчүн телерадио берүү боюнча Улуттук кеңеш жаңы сатып алуучулардын ишкер беделин текшерүү тартибин иштеп чыгарын айткан.

Олигархты аныктоо шарттары

Раданын “Эл кызматчысы” фракциясынын мүчөсү, депутат Микола Тищенко мыйзам олигархтардын негизги белгилерин аныктап, алардын таасирине чектөө киргизерин белгиледи:

«Биз биринчиден белгилеп алсак. Олигархтар кимдер? Бир эле учурда бизнес жана саясат менен алек болуп, саясий партия түзүп, парламентке же бийликтин бир бутагына келип, түз же кыйыр түрдө, өз бизнесин коргогон, анын тамыр жайышына өбөлгө түзгөн шарттарды түзгөн адам. Ошондой эле ал саясий таасир же мыйзам аркылуу өзүнүн бизнес чөйрөсүн толугу менен монополиялаштырууну көздөйт. Мисалы Украинада энергетика тармагын белгилүү бир ишкер-саясатчылардын тобу ээлеп алган. Мындай олигархтар экономиканын бир эле тармагына ээлик кылбастан, телеканал, гезит жана сайттарды ачып, ал аркылуу коомдук пикирди бурмалап, сөз эркиндигин өз кызыкчылыгына пайдаланып жатканына күбө болуудабыз. Олигархтарга каршы мыйзам ошону тартипке келтирип, укуктук жактан жөнгө салат», - дейт депутат Микола Тищенко.

Украин олигархтарынын саясий карикатурасы. Коллаж.
Украин олигархтарынын саясий карикатурасы. Коллаж.

Украинада жакында күчүнө кирген “Олигахтарга каршы мыйзам” саясатчыларга, депутаттарга жана саясий кызматтарды ээлеген мамлекеттик аткаминерлерге медиа каражаттарга ачык же тымызын кожоюндук кылууга, ишкердик менен алектенип, кайсы бир экономикалык тармактарга монополия орнотууга тыюу салат.

Бул мыйзам расмий түрдө “экономикалык же саясий салмагы бар адамдардын коомдук турмушка ашкере таасир этиши менен байланышкан улуттук коопсуздукка коркунучтарды алдын алуу жөнүндө” деп аталат.

Ошентип, ага ылайык эми Порошенко жогоруда аталган телеканалдардын редакциялык саясатына кийлигише албайт. Ал быйыл февраль айында дагы бир “Прямой” деген телеканалды сатып алган.

Мыйзамдагы тобокелдиктер

Мыйзам боюнча адамды “олигарх” деп таанып, анын ишмердигин чектөө чечимин тиешелүү мамлекеттик органдардан турган мекеме аралык коррупцияга каршы комиссия кабыл алат. Ага өкмөттүн, Улуттук банктын, Улуттук коопсуздук кызматынын, Монополияга каршы комитеттин өкүлдөрү кирет.

Рададагы “Довира” депутаттык тобунун мүчөсү Лариса Билозир бул мыйзамдагы саясатташкан кызыкчылыктар кагылышы бар экенине токтолду:

«Кимдерди "олигархтар” деп атайбыз дегенде көп талаштуу маселе бар. Ошондуктан биздин топ бул мыйзамга толуктоолорду сунуштап, так критерийлерди аныктап берели дегенбиз. Аткаруу бийлигиндеги коррупцияга каршы органдар менен башка бийлик бутактарынын ортосунда кызыкчылыктар кагылышы чыгышы мүмкүн. Анткени бул мыйзамды демилгелеген президент менен парламент ортосунда кандайдыр бир маселе чыкса, ага же аны колдогон партияга жакпаган башка бир топтогу депутат-саясатчылардын бардыгы олигарх аталып калышы ыктымал. Ошондуктан мыйзамдагы ушундай тобокелдиктерди жокко чыгарганда гана бул мыйзам адилеттүү иштейт деген оюбуз бар болчу», - деди депутат Лариса Билозир.

“Олигархтарга каршы” мыйзамды өткөн жайда президент Владимир Зеленский демилге көтөрүп, парламент аны 23-сентябрда бекиткен. Мыйзамда башка жоболор менен катар олигархтардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн реестрин түзүү шарттары да каралган.

Мурдагы президент менен премьер-министр негиздеген фракциялардын каршылыгы

Парламентте мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко негиздеген «Батькивщина» жана мурдагы президент Петро Порошкенко жетектеген «Европалык Тилектештик» фракциялары мыйзамга каршы добуш берген.

«Биз олигархияга каршы чыныгы күрөш эмне экенин билебиз. Юлия Тимошенко биринчилерден болуп олигархтардын завод-фабрикаларын улутташтырып, мамлекеттин карамагына алып, кийин аны кайра мамлекеттик бюджеттин пайдасына он эсе кымбатка саттырган. Ошондуктан мына ошондой конкреттүү иштерди алып бара турган механизмдер мыйзамда болушу керек, болбосо бул мыйзам эч кандай натыйжа алып келбейт деген пикирдебиз. Эгерде андай болбосо элге кандай пайда? Ошондуктан биздин фракция бул мыйзам долбоорун эки окууда тең колдогон жокпуз», - дейт «Батькивщина» фракциясынан депутат Вадим Ивченко.

Бул эки фракция “аталган мыйзам жеткиликтүү иштелип чыккан эмес” деген жүйөнү келтирген.

Ал эми эл аралык деңгээлдеги эксперттер Украинада жаңы кабыл алынып, күчүнө кирген “Олигархтарга каршы мыйзамды” антикоррупциялык натыйжалуу чара катары мүнөздөп, бирок ал мыйзамдагы саясий атаандаштарга каршы колдонула турган учурларын алып салып, аны саясатташтырбоо керек деген баасын берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG