Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:36

Мобилизацияга тартылган орусиялыктардын өлүмү


Киевге жасалган ракеталык сокку. 10-октябрь, 2022-жыл. Украина.
Киевге жасалган ракеталык сокку. 10-октябрь, 2022-жыл. Украина.

Орусия Украинанын шаарларын аткылоону улантууда. НАТО Киевге абадан коргонуу системаларын жөнөтмөй болду. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 143 мамлекет Орусиянын Украинанын аймактарын аннексиялап алышын айыптады. Кыргызстан бул боюнча калыс калууну чечти. Орусияда мобилизацияга тартылгандардын алды майданда набыт болуп, башкалары атайылап туткунга түшүп жатканы маалым болду.

13-октябрда орус армиясы Украинанын 40тан ашуун калаа жана айыл-кыштактарына ракетадан сокку урду.

Киев облусунун жетекчилиги билдиргендей, чабуул Иранда өндүрүлгөн "Шахид" деп аталган жанкечти дрондор менен жасалган. Бирок алардын көбү баш калаанын борборуна жетпей атып түшүрүлгөн.

Николаев облусунда аткылоодон көп кабаттуу турак жай талкаланды. Бул тууралуу калаа мэри Александр Сенкович билдирди.

"Беш кабаттуу турак жай жабыркады. Жогорку эки кабаты толук талкаланды. Калганы урандылардын алдында. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат",- деп жазды ал. Азырынча өмүрү кыйылгандар тууралуу маалымат түшө элек.

Кара деңиздин боюнда жайгашкан бул шаар согуш башталгандан бери орус армиясынын тынымсыз аткылоосуна кабылып келет.

13-октябрда ошондой эле Днепропетров облусундагы Никополь шаарына да соккулар урулду. Облустук администрациянын башчысы Валентин Резниченконун айтымында, 30дан ашуун имарат, газ түтүктөрү, электр зымдары жабыркады.

"2000дей электр жарыксыз үй-бүлө калды. Энергетиктер иштеп жатышат",- деди Резниченко.

Украинанын күчтөрү ракеталардын дээрлик жарымын абадан атып түшүрүүгө үлгүргөнү менен бул да жетишсиз болууда.

Украинага абадан коргонууда жардам берилет

Шаршембиде 50 мамлекет кирген Украинаны коргоо тобу Брюсселдеги жолугушууда Киевге абадан коргонунун жаңы системалары жөнөтүлөрүн, орус армиясынын аба чабуулдарынан коргонуу үчүн кошумча жардам бөлүнөрүн жарыялады.

Ал эми НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынын утурлай блокко кирген 13 өлкө жана уюмга кошулуу жараянын баштаган Финляндия абадан коргонуу системаларын сатып алуу ниети тууралуу биргелешкен катка кол койду.

Алардын айрымдары Орусия Украинага басып киргенден кийин өздөрүнүн системаларын жакшыртууну көздөсө, башкалары Киевге берген куралдын ордуна алдыңкы жабдууларды алууну максат кылат.

"Орто жана узак аралыкка жете ала турган, баллистикалык, канаттуу ракеталарды, дрондорду атып түшүрө ала турган абадан коргонуу системаларынын түрлөрү керек. Ошондой эле Украина Орусиянын чабуулдарынан өз шаарларын жана карапайым калкын коргоо үчүн жардамдын көлөмүн көбөйтүшүбүз зарыл",- деди НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

АКШнын коргоо министри Остин Ллойд жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 13-октябрь, 2022-жыл.
АКШнын коргоо министри Остин Ллойд жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 13-октябрь, 2022-жыл.

Орусия Украинаны абадан аткылоону күчөтөрү менен Кошмо Штаттар NASAMS деп аталган алдыңкы коргонуу системасын жөнөтүүнү убада кылды. Германия да ыкчам реакция жасап, IRIS-T комлексинин алгачкысын жөнөттү. Бул 40 чакырым аралыктагы бутаны жок кыла алчу зениттик-ракеталык комплекс.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Орусиянын соңку аткылоолору анын “жаалдануусун жана ырайымсыздыгын” ачыкка чыгарганын белгилеп, сентябрдан бери украин армиясы чоң ийгиликтерге жетишкенин, бирок алар жардамга муктаж экенин айтты.

"Ошентсе да соңку чабуулдар украин элинин эрктүүлүгүн бекемдеп, дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы мамлекеттерди дагы катуурак бириктире алды",- деди Остин.

Ал арада Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 143 мамлекет Орусиянын Украинанын төрт аймагын аннексиялап алышын айыптаган резолюцияны кабыл алышты. Беш мамлекет - Сирия, Беларус, Никарагуа, Түндүк Корея жана Орусия гана каршы чыкты. Ал эми Кыргызстан менен кошо 35 өлкө калыс бойдон калды. Москва Запорожье, Херсон, Луганск жана Донецк облустарында жасалма референдум өткөрүп, аннексиялап алган.

Мобилизацияга тартылган орусиялыктар. Ростов облусу, 26-сентябрь.
Мобилизацияга тартылган орусиялыктар. Ростов облусу, 26-сентябрь.

Мобилизацияга тартылган алты адам согушта мерт кетти

Украинадагы согушта күзүндө мобилизация болуп барган беш орусиялык мерт кетти. Бул тууралуу Челябинск облусунун жетекчилиги билдирди. Ошондой эле мобилизация болгондордун арасында атайылап туткунга түшкөндөр да көп. Орусияда жарым-жартылай делген мобилизация 21-сентябрда башталган.

Орусиянын Челябинск облусунун бийлиги Украинага согушка мобилизацияланган беш киши майданда набыт болгонун ырастады.

"Тилекке каршы аскердик коммиссариат беш кишинин өлүмүн ырастады. Биз курман болгон аскерлерибиздин жакындарына жана туугандарына бардык тиешелүү жардамды көрсөтөбүз",- деп жазылат администрациянын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик маркумдардын туугандарына федералдык төлөмдөрдөн тышкары миллион рублдан кошумча кенемте төлөп берүүнү жана психологиялык жактан жардам көрсөтүүнү убада кылды.

Мобилизацияга тартылган дагы бир орусиялыктын каза болгону тууралуу маалыматты "Агора" укук коргоо уюмунун жетекчиси Павел Чиков билдирди. Анын айтымында, юрист Андрей Никифоров согушка 25-сентябрда жөнөтүлүп, 7-октябрда Лисичанск шаарынын жанында өмүрү кыйылган.

Буга чейин мобилизация болгондордун арасында Украинага жеткиче эле каза болгондор тууралуу маалымат чыккан. Жакында эле Свердлов облусундагы машыгуу борборлорунун биринде бир жигиттин көз жумганы кабарланган.

Ал ага чейин өзүн начар сезип жатканын айтканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG