Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Украин жоокери ырайымсыз өлтүрүлдү деген видеонун чоо-жайы иликтенүүдө


Украинадагы согуштун жүрүшүн чагылдырган Telegram каналдарда үрөйдү учурган видео тарап атат. Андан колдорунда ак тасма (Украинадагы согушта орус аскерлери бири-бирин тааныш үчүн колдонулат) байлап алган аскер адамдары украиналык белги тагылган жоокерди мыкаачылык менен өлтүрүп, башын кесип алганын көрүүгө болот.

Видеого Кремль да, Украинанын президенти Владимир Зеленский реакция жасады.

Бир жарым мүнөткө созулган видеодогу беткап кийип жүргөн адамдар украин акценти жок таза орусча сүйлөшөт. Алардын бири рация аркылуу сүйлөшүп, ошол эле учурда адамдын башын алууга көрсөтмө берип атат. Орусиялык делген жоокерлер Украинанын белгиси түшүрүлгөн соотту (бронежилет) камерага да көрсөтүшөт.

Видео жаңы башталганда украиналык делген жоокер тирүү болгон. Жаңы бычак тийгенде анын "Кереги жок, ооруп атат" деп аянычтуу кыйкырып атканы угулат. Видеонун аягында орусиялык делген жоокерлер "өз ишин" аягына чыгарып, кесип алган дене мүчөнү командирге жибере турганын айтып атышат.

Видео качан, каякта жана ким тарабынан тартылганы белгисиз. Андагы жашыл чөп менен жалбырактардан улам 2022-жылы жайында болгон окуя деген божомолдор бар. Тасманын аныктыгы да тастыктала элек.

Буга удаа эле украин формасын кийген жоокерлерге байланыштуу дагы бир видео пайда болду. Анда талкаланган аскердик техниканын жанында башы кесилген эки адамдын сөөгүн көрүүгө болот. Каза болгон жоокерлердин колу да кесилген. Окуяны баяндап аткан киши орусча сүйлөп атат.

Зеленскийдин реакциясы, Кремлдин жообу

Видео интернетке чыккандан көп өтпөй украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак өзүнүн Telegram каналына "Бардык нерсе үчүн жооп жана жоопкерчилик болот" деп жазды.

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский бул окуяны дүйнө көрүшү керектигин айтты:

"Бул Орусиянын видеосу. Бул кокустук эмес. Бул эпизод эмес. Бул мурун болгон. Бучада болгон. Миңдеген жолу", - деди Зеленский.

Ал дүйнөлүк лидерлерди реакция кылууга, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга үндөдү. Анын айтымында, бул үчүн Украинага мүмкүн болушунча жардам берүү керек.

Украинанын Коопсуздук кызматы видеонун чоо-жайын иликтей баштады.

Кремль аталган видеого комментарий берип жатып "биз жашап аткан фейктердин дүйнөсүндө бул тасманын чын-бышыгын текшериш керек" деп билдирди. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ТАСС агенттигине мындай деген:

"Алгач үрөйдү учурган бул кадрлардын аныктыгын текшериш керек. Албетте, бул коркунучтуу кадрлар. Андан кийин бул чынбы же жокпу, бул окуя болгонбу, эгер болсо, анда кайда жана ким тарабынан деген суроолорду текшерүүгө негиз боло алат".

Согуш туткундарына мамиле кылуу боюнча Женева конвенциясына ылайык, колго түшкөндөргө жашоо жана кармоонун гумандуу шарттары кепилдениши керек. Туткундарды өлтүрүү же катаал мамиле кылуу согуш кылмышы болуп саналат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Украинадагы адам укуктарына байкоо салган миссиясы тилекке каршы мындай окуялар биринчи эместигин билдирди.

"Акыркы баяндамада миссия эл аралык гуманитардык укук олуттуу бузулганын, анын ичинде согуш туткундарына каршы жасалгандарды документтештирип койду. Бул акыркы мыйзам бузуулар, башкалар сыяктуу эле тийиштүү түрдө иликтенип, күнөөлүү адамдар жоопко тартылышы керек", - деп жазылат алардын расмий сайтында.

Согуш башталгандан бери багынып берген украиналык, ошол эле учурда орусиялык жоокерлердин өлтүрүлүшү, аларга жасалган катаал мамиле тартылган видеолор тарап калат. Тараптар бири-бирин согуш кылмыштары үчүн айыпташкан.

  • Украин Башкы прокуратурасы, Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту жана укук коргоо уюмдары Украинадагы согуш маалындагы делген аскердик кылмыштарды эсепке алып, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG