Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Украин буудайын алып чыгууга Түркия арачы түшөт


Анкарадагы Орусия менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда согуштун айынан Украинада блоктолуп турган буудайды чыгаруу маселеси талкууланды. Олуттуу чечим кабыл алынбаганы менен тараптар “буудай коридорун” түзүү маселесин кароого даяр экенин билдирди. Украина бул жолугушууга катышкан жок.

Данды алып чыгуу үчүн Украинадагы портторду миналардан тазалоо зарыл. Киев расмий Москва муну аскердик максаттарда пайдаланбайт деген кепилдикти талап кылууда. Ал арада Еврошаркеттин расмий өкүлдөрү "орус бийлиги азык-түлүк маселесин куралга айландырганын" айыптады.

Орусия согуш ачкандан бери кошуна өлкөнүн портторун блоктоп, дан сакталган кампаларды бомбалап келатат. Эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү "украин буудайы кардарларга жетпей калып, дүйнөнүн айрым региондору ачарчылыкка туш болот" деп тынчсызданууда. Украина дандын дүйнөдөгү ири экспортеру.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу украин айыл-чарба продукциясынын экспортуна жол ачуу үчүн эл аралык коомчулук аракет көрүүгө тийиш экенин белгилеп, маселени чечсе болоруна көзү жетип турганын айтты. Анын айтымында, БУУ, Украина, Орусия жана Түркия ал үчүн тиешелүү механизм иштеп чыга алат.

“Албетте, ал планга Киев менен Москва макул болушу керек”, - деп кошумчалады министр.

Лавров менен Чавушоглу, Анкара. 8-июнь, 2022-жыл.
Лавров менен Чавушоглу, Анкара. 8-июнь, 2022-жыл.

Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров порттордун айланасындагы аймактарды миналардан тазалоого “караманча-каршы болуп”, туңгуюкка такап жатат деп кайрадан украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийди айыптады.

"Биз украин портторунан чыгып, деңиз кысыктарына бет алган кемелердин коопсуздугун камсыздоого даярбыз. Муну түрк тарап менен кызматташтыкта ишке ашырууга даярбыз".

Ошол эле маалда президент Владимир Путин буудайды чыгаруу үчүн Орусияга каршы киргизилген санкциялар алынууга тийиш деп кайталады.

Батыш андай мүмкүнчлүктү четке кагып, Москваны азык-түлүк кризисин курал катары пайдаланууда дейт.

"Кремл азык-түлүктү дүйнө өлкөлөрүнө жеткирүүнү куралга айландырууда жана өз аракеттерин советтик стилдеги пропаганда желеси менен бекемдеп келатат. Биз ошол калпын чыгаруу үчүн биригип аракет көрүшүбүз керек. Буудайды чыгарууга дагы Орусиянын кемелери менен ракеталары жолтоо кылууда. Орусиянын танктары, бомбалары менен миналары Украинага эгин айдап-жыйноого тоскоол болууда. Европа Биримдиги Орусиянын айыл-чарба продукциясына санкция салбаганын белгилей кетейин. Кремлдин пропагандасына алданбагыла! Кремл силерди өз максаттарында пайдаланбасын", - деп сындады 8-июнда Страсбургдагы жыйында Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель.

Украинанын чыгышындагы буудай талаасы. 6-июнь, 2022-жыл.
Украинанын чыгышындагы буудай талаасы. 6-июнь, 2022-жыл.

Украин бийлиги деңиз портторунда 22 миллион тонна буудай кемелерге жүктөлүп, бирок чыга албай калганын өткөн аптада билдирген.

Эки өлкө менен тең Кара деңизде орток чек араны бөлүшкөн Түркия буудайды чыгаруу тууралуу макулдашууга жетишилсе, көзөмөлдөөчү ролду ойноону максат кыларын айтты. Буга чейин Чавушоглу кемелерди коштоону сунуш кылган.

Украинанын Буудай сатуучулар биримдигинин директору Сергей Иващенко Түркия кепилдик берген жападан жалгыз мамлекет болуу үчүн жетиштүү түрдө күчтүү эмес деп билдирди.

Анкарадагы сүйлөшүүлөрдүн алдында Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Боднар Киев айыл-чарба продукцияны ташууну жандантууга “деңиз күчтөрүнөн коргонуучу курал” менен камсыз болсо макулдугун берерин айткан.

Анын алдында элчи спутниктен тартылган сүрөттөрдөн Орусия Украинадан уурдалган буудайды Түркияга чыгарып жатканын көрсө болот деп билдирген.

Анкарадагы сүйлөшүүдөн кийинки басма сөз жыйынында Лавров Орусия кошуна өлкөдөн “эч нерсе уурдабаганын” айтып, айыптоолорду четке какты.

Украин бийлиги Чавушоглу менен Лавровдун билдирүүлөрүнө реакция кыла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG