Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Украин аскерлери Андреевканы орусиялык күчтөрдөн тазалады


Украинанын президенти Владимир Зеленский Бахмут багытындагы контрчабуулга тартылган бригадалардын аскерлери менен. Донецк району. 5-сентябрь, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Бахмут багытындагы контрчабуулга тартылган бригадалардын аскерлери менен. Донецк району. 5-сентябрь, 2023-жыл.

Украин армиясы өлкө чыгышындагы Андреевка айылын орус күчтөрүнөн бошотту.

Бул маалыматты Украинанын Башкы штабы 15-сентябрда жарыялады. Орусиянын Коргоо министрлиги азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Украинанын чыгышындагы Бахмут багытында контрчабуул жүргүзүп жаткан Үчүнчү чабуул бригадасынын аскерлери Андреевканын тазаланышы тууралуу маалыматты Телеграм аркылуу ырастады.

Анда алар айыгышкан салгылашта "орусиялык гарнизон курчалып, негизги күчтөрдөн ажыратылып, анан жок кылынганын" жазышты.

Аталган бригаданын командиринин орун басары Родион Кудряшов "Азаттык" радиосунун украин кызматына түз ободо курган маегинде орус армиясынын 72-бригадасы толук жок кылынганын айтты:

"Азыр жетишкен ийгилигибизди бекемдөө боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатат. Учурда Андреевка толугу менен украин Куралдуу күчтөрүнүн, Үчүнчү чабуул бригадасынын көзөмөлүндө экенин ишенимдүү айта алабыз", - деген Кудряшов Андреевканын бошотулушу контрчабуулдагы маанилүү кадам экенин кошумчалады.

Анын айтымында, салгылашта украин армиясы чоң жоготууга учурады.

"Бул иш-чаранын баары, тилекке каршы, чоң жоготуулар менен коштолду. Үчүнчү чабуул бригадасынын бир гана техникалык, курал-жабдык жаатында эле эмес, жеке курамында да жоготуулар болду. Ошондуктан Украина үчүн, украиналыктар үчүн бул ийгиликтер кандай баа менен жетишилип жатканын баары түшүнүшү керек. Мунун баары үчүн биздин жоокерлер өмүрүн берип жатат", - деди ал.

Андреевканын бошотулганы тууралуу 14-сентябрда Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирип, кийин сөзүн кайра алган.

"Бахмут багытында алдыга баратабыз. Түндүк флангда душман жоготуп алган позицияларын кайра кайтаруу аракетин көрүүдө. Түштүктө ийгиликтүү контрчабуулду улантып жатабыз. Негизги салгылаш Андреевка, Курдюмовка жана Клещеевка аймактарында уланууда. Ал жактан жакшы жаңылыктарыбыз бар", - деген Маляр.

Көп өтпөй Маляр Андреевкадагы кырдаал өзгөрүп жатканын айткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул тууралуу азырынча комментарий бере элек. Бир катар орусиялык Телеграм-каналдар орус жоокерлери Андреевка менен коңшу Клещеевка айылынан чыгып кеткенин шаршембиде эле жазган.

Украин аскерлери Андреевканы бошотту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:27 0:00

Сөз болуп жаткан орус армиясынын 72-бригадасы фронтто биринчи жолу чабуулга дуушар болуп жаткан жок.

Американын согушту иликтөө институту бригаданы "орус армиясындагы көйгөйлөрдүн символу" деп атаган. Аналитиктер белгилегендей, былтыр жазда куралган бул бирикме украин куралдуу күчтөрүнүн эки жолку контрчабуулунда - алгач Харьков облусунда, кийин Херсон облусунда олуттуу жабыркаган.

Май айында "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы, маркум Евгений Пригожин 72-бригаданын аскерлерин позицияларынан качып кеткени үчүн айыптап, мындан улам анын жалданма аскерлери турумдарынын бирин алдырып жибергенин айткан.

Бошотулган Андреевка тууралуу айтсак, бул айылды украин аскерлери Бахмуттун түштүгүндөгү Курдюмовка жана Клещеевка айылдарынын ортосундагы негизги логисткалык түйүн деп коюшат.

Учурда Курдюмовка жана Клещеевка айылдары үчүн салгылаш жүрүүдө. Украин армиясынын командачылыгы билдиргендей, бул айылдардын бошотулушу Бахмутту жарым-жартылай курчап, ал жактан орус аскерлерин сүрүп чыгарууга шарт түзөт.

Бахмут Украинадагы уруштун кандуу чордонуна айланган. Ал аймакты Орусиянын жалданма аскерлери жазында алып, орус армиясына өткөрүп берген. Бахмуттун айланасындагы салгылашта "Вагнер" менчик аскердик компаниясы менен согушка катышкан бир нече кыргызстандык жигит набыт болгону тууралуу "Азаттык" атайын иликтөө даярдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG