“Туткундагы кыргыз жоокерлердин көбү кайтпай калган”
Назарыңызда “Куугунтук курмандыктары” берүүбүздүн кезектеги чыгарылышы. Бул чыгарылышта Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшкөн кыргыз жоокерлери тууралуу сөз кылабыз. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагына 78 жыл болгону менен, учурда согуш туткундарынын таржымалы жана тагдыры тууралуу тарыхчы-окумуштуулар толук кандуу изилдөө жүргүзө элек. Элеттик иликтөөчү Бактыгүл Акунбаеванын маалыматына караганда согуштун алгачкы жылдары туткунга түшүп, фашисттик Германия басып алган жерлердеги ондогон лагерлерде жок болгон кыргызстандык жоокерлер миңдеп саналышы мүмкүн. Согуш туткундары жана аларга байланышкан табылгалардын чоо-жайы тууралуу көз карандысыз иликтөөчү, элеттик медайым Бактыгүл Акунбаева ой бөлүштү.
Чыгарылыштар
-
Апрель 24, 2024
Байыркы жомокту Ошто койгон Талас театры
-
Апрель 17, 2024
Сүйүү жана эркиндик: "Жамийланын" мюзиклде жаңырышы
-
Апрель 06, 2024
"Апрель окуясы бардык бийликке сабак". Таластагы эскерүү
-
Апрель 02, 2024
“Музейдин ичи тар, кышында жылыбайт”. “Ата-Бейит” кароого муктаж
-
Апрель 01, 2024
"Тасма пираттарына чара көрүлүшү керек"
-
Март 29, 2024
"Оор заманда да ырды, чыгармачылыкты таштабадык"