Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Түркмөн лидеринин Байденге каты, Путинге жообу


Түркмөнстандын жаңы шайланган президенти Сердар Бердымухамедов атасы, өлкөнүн мурдагы лидери Гурбангулы Бердымухамедовдун портретинин жанында турат.
Түркмөнстандын жаңы шайланган президенти Сердар Бердымухамедов атасы, өлкөнүн мурдагы лидери Гурбангулы Бердымухамедовдун портретинин жанында турат.

Жума ичинде дүйнөлүк басылмаларга чыккан макалаларга сереп.

Борбор азиялык мигранттар Орусиядан кайтууга даярбы?

The Diplomat басылмасында 13-апрелде жарык көргөн макалада саясат таануучу, АКШдагы аналитикалык борбордун изилдөөчүсү Умида Хашимова Орусияда жумушсуз калган же тапкан кирешеси кыйла азайган борбор азиялык эмгек мигранттары үйүнө кайта баштаганын жазып, бул маселени талдаган.

Расмий статистикага таянган автор жылдын биринчи кварталында орус жергесинде нан таап жүргөн өзбекстандык 133 миң киши мекенине кайтып келгенин, бирок алдыдагы жылдардагы статистика берилбегендиктен салыштырып, кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу кыйын экенин жазды.

Тажикстанда ушул эле мөөнөттө 60 миң 337 мигрант Орусиядан кайтып келгени маалым болгон. Бул былтыркыга караганда 2,6 эсеге көп.

Макалада айтылгандай, Өзбекстандын Мамлекеттик миграция агенттиги 15 миң мекендешин сурамжылаганда, 40% үйүнө кайтууну кааларын айтып, муну айрымдары орус рублинин девальвациясы, башкалары жумушсуз калганы менен түшүндүргөн.

Ал эми 36 проценти стабилдүү иши бар болгондуктан кайтуу планы жок экенин айткан. Калган 24 проценти ушу тапта жумушу бар экенин, бирок кирешесиз калса, Өзбекстанга кетүүнү караштыра турганын билдирген.

Хашимова сурамжылоо кыргызстандык мигранттар арасында жүргүзүлгөндө финансылык каатчылыктан улам мекенине кайтууну көздөп жаткандар да 40% жакын болуп чыкканын жазды.

Автор макаласында Орусиядагы экономикалык олку-солку абал борбор азиялык мигранттардын баарына тегиз таасир этип жатат деген жыйынтык чыгарган.

"Саясат таануучу белгилегендей, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү Орусиядан жумушчу күчтүн ыктымал агымына байланыштуу кандай чаралар көрүлөрүн ачык айтыша элек. Бирок ошончо мигранттын туруктуу кайтып келишине ал өлкөлөр даяр эместиги анык. Балким, борбор азиялык лидерлер Орусиянын Украинага каршы согушу тез арада аяктайт жана экономикалык абал мындан ары начарлабайт деп үмүттөнүшөт", - дейт автор.

Борбор азиялык мигранттардын көбү атайын кесипти талап кылбаган курулуштарда, буюртма жеткирип, такси айдап иштешет. Адатта дал ушул тармактарга экономикадагы төмөндөөнүн кесепети биринчи болуп тиет.

Орусияга чек аралаш Финляндия НАТОго кошулууну көздөйт

Corriere della Sera гезити 15-апрелдеги санында Украинадагы согуштун мисалында Финляндиянын таржымалына кайрылган.

Моника Риччи Саржентини калкы болгону 5,5 миллион кишиден ашкан, Орусия менен 1300 километр чек араны бөлүшкөн чакан өлкөнүн дипломатиясы өзгөчө көрөгөчтүктү талап кыларына токтолгон.

Финляндиянын өкмөт башчысы жана кабинет мүчөлөрү. 2019-жыл
Финляндиянын өкмөт башчысы жана кабинет мүчөлөрү. 2019-жыл

Адегенде Финляндиянын тарыхына, 1917-жылы орус империясынан эгемендик алганына токтолгон журналист Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жана “кансыз согуш” учурунда Хельсинки адегенде нейтралдуулугун жарыялоого аргасыз болгонун баяндайт.

1990-жылдарда Европа Биримдигине кошулганда гана өз алдынча коргонууга жөндөмдүү, бирок “аскердик блокторго мүчө болбоо” концепциясына негизделген бейтараптуулук макамын кайра карап чыккан.

Кийинчерек “блокторго кошулбаган өлкө” деген аныктама кабыл алынган. Ага ылайык, башка мамлекеттер менен аскердик тармакта кызматташууга жол ачылган, бирок ал өлкөлөр бири-бирин коргойт деген кепилдик берилбейт.

Автор Финляндия бешинчи жыл катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп таанылганын (World Happiness Report), аялдар менен эркектердин теңдиги жагынан алдыңкы мамлекеттерден экенин белгилейт. 1906-жылы ал жактагы аялдар Европада биринчилерден болуп добуш берүү жана парламентке шайлануу укугуна ээ болгон. Азыркы өкмөттү 36 жаштагы Санна Марин жетектеп, курамында дагы төрт аял-министр бар.

Макалада андан ары Финляндиянын куралдуу күчтөрү, НАТОго кирүү дымагы тууралуу сөз болот. Алсак, өткөн жумада бийлик аскердик чыгымдарды 2,2 миллиард еврого көбөйтүүнү чечти.

"Украинадагы трагедиянын фонунда финляндиялыктар НАТОго кошулууга көбүрөөк ыктай баштады. Сурамжылоого катышкандардын 60 проценти андай планды колдорун айтышкан. Парламент депутаттары арасында да көпчүлүк альянстагы мүчөлүккө оң карашат. Адатта бул жараян бир жылдай убакытты талап кылат", - деп жыйынтыктайт макаласын италиялык гезит.

Сердар Бердымухамедовдун жаңы саясаты

Eurasianet 14-апрелде Түркмөнстандагы жаңылыктарды чагылдырган бюллетенинде "жаңы президент кызматтагы алгачкы кадамдары менен өлкөнү кандай жетектей турганын кыйытты" деп жазды.

Маалыматка караганда, Сердар Бердымухамедовдун башкаруу доорунун ыкмасы, багыты билине баштады.

Макалада президент бир катар жогорку кадрларды алмаштырганы, арасында Ички иштер министрлигинин жетекчиси, Коопсуздук кеңешинин төрагасы бар экени, коопсуздук, аскер жана укук тармактарына жооп берген вице-премьер-министрдин кызматын жойгону айтылат. Андан тышкары экономика тармагындагы жетекчиликте да олуттуу өзгөрүүлөр болгон.

Муну менен катар автор кызматка киришкенде ант берип жатып президент Эл аралык валюта фонду менен кызматташтыкты кеңейтүүгө убада бергенин эске салат.

Андай болсо, Түркмөнстан дүйнөлүк сахнада ачык мамлекет болот деген билдирүүсүнө ишенсе болот. Акыркы ирет дүйнөлүк фонд Ашхабадга өз миссиясын 2019-жылы жөнөткөн экен.

Макалада Бердымухамедов мунай-газ жана айыл чарба секторлорун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө аракет көргөнү баяндалат. Бул үчүн ошол чөйрөнү тескеген эки кеңешчини дайындаган.

“Ушундай өзгөрүүлөр болуп жаткан маалда президенттин атасы, азыр деле парламенттин жогорку палатасынын спикери катары конституциялык көз караштан алганда маанилүү кызматты ээлеп келаткан Гурбангулы Бердымухамедов кайда?”, - деген собол салат журналист.

Өткөн айда экс-мамлекет башчы эмгек өргүүсүнө чыкканын айткан. Бирок айрым басылмалар анын ооруп жатканы тууралуу айың кептерди жазышууда.

Эл аралык байланыштарга арналган бөлүгүндө түркмөн президенти 8-апрелде Орусиянын президенти Путин менен телефондон сүйлөшкөнү, расмий Ашхабад Украинадагы согуш өңдүү маселелерде үн катуудан оолак болууга артыкчылык берери, ошол эле маалда Москвадан алыстоого да даабай жатканы баяндалган.

"Владимир Путин ал сүйлөшүүдө Бердымухамедовду визитке чакырып, маалыматка караганда, ал макулдугун берди. Атүгүл Москвага барчу делегациянын үстүнөн иштеп жатат. Муну менен катар Бердымухамедов Орусиянын кол жоолук бийлиги болуп калууну каалабасын туюндуруу үчүн АКШ президенти Жо Байденге жолдогон катында Вашингтон менен кызматташууну кеңейтүүгө жана бекемдөөгө умтулганын билдирген", - деп жазат Eurasianet.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG