Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Түркиядагы муниципалдык шайлоолор: Стамбул, Анкарада оппозиция жеңди


Түркия авторитардык башкаруудан арылабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

Түркия авторитардык башкаруудан арылабы?

Стамбул мэрин шайлоодо соңку 5 жылдан бери бул кызматты аркалаган оппозициялык талапкер Имамоглу жеңди. Шайлоодо "Стамбул үчүн күрөш бүт өлкө үчүн күрөшкө тете" экени айтылып жаткан.

Президент Режеп Тайып Эрдоган ушул саясий жарышта Стамбулду башкарууну оппозициядан өз колуна алгысы келген. Саясий жарыш айрым аймактарда куралдуу жаңжал менен коштолду.

Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы

Түркияда муниципалдык шайлоолордо негизги таймаш оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын жана бийликтеги "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын (АК) талапкерлери ортосунда өттү. Алар Стамбулдан тышкары Анкара жана Измир сыяктуу ондогон ири шаарлардын бийлиги үчүн ат салышты.

Бул шайлоолордо оппозициячылар башкарган Стамбул, Анкара, Анталия шаарлары көнүл борбордо болду. Анткени президент Эрдоган жана анын бийликтеги АК партиясы ушул калааларда жеңип чыгарына үмүттөнүп жатышкан.

Добуштардын дээрлик саналып бүткөн эсептөөдө Имамоглу 51,08%, ал эми анын атаандашы, башкаруучу партиянын мүчөсү Мурат Курум 39,59% алды.

Башкалаа Анкарада да учурдагы мэр, оппозициячыл талапкер Мансур Яваш дагы алдыда келе жатат.

Түнү Имамоглу тарапташтарына кайрылып, "авторитардык башкаруунун мезгили бүгүн бүттү" деди.

"Эл көрсөтмө бербейт. Эл буйрук берет. Бир адам көрсөтмө бербейт. Аткаминерлер элден көрсөтмөлөрдү алышат. Бүгүндөн баштап бир кишиден көрсөтмө алган мезгил бүттү", - деди ал.

Экрем Имамоглу. Стамбул, 31-март, 2024-жыл.
Экрем Имамоглу. Стамбул, 31-март, 2024-жыл.

Диярбакырдагы ок атуу, Шанлыурфадагы уруш

31-мартта шайлоолор өтүп жаткан маалда өлкө чыгышындагы Диярбакыр провинциясындагы добушканада куралдуу жаңжал чыкканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Окуяда бир киши каза таап, 12 киши жараат алганын кабарлашып, видеолорду жарыялашты.

Жергиликтүү Демирөрен кабар агенттигинин маалыматы боюнча, жекшембиде Диярбакыр провинциясынын Агачлыдере маалесинде ондогон шайлоочулардын арасында уруш чыгып, кийин ок атылган. 44 жаштагы Эмин Челик ок жеп каза болгон. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кире албай, аймакка жандармерия жөнөтүлгөн.

Ушул эле күнү Шанлыурфа шаарында да эки шайлоо тилкесинде уруш чыгып, 15 киши ооруканага түштү. Жергиликтүү маалымат каражаттары, бул жаңжалга байланыштуу алты шектүү кармалганын жазды.

Азырынча Анкара эки провинциядагы окуялар боюнча комментарий бере элек. Шайлоонун алдында түрк бийлиги өлкөнүн 81 облусунда 594 миң полиция жана жандармерия кызматкерлери иштей турганын кабарлаган.

"Бир нече окуяларды эске албаганда, шайлоодо эч кандай маселе жаралган жок, тынч аяктады", - деди өлкөнүн Жогору шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер добуш берүү аяктагандан кийин.

Улуу Памирде беш кыргыз айыл өкмөтүнө талапкер

Муниципалдык шайлоолордо добуш берүүгө 61 миллиондон көп киши катталган. Алардын 1058и өлкөнүн Ван аймагындагы кыргыз тектүү жарандар байырлаган Улуу Памир айылында ачылган шайлоо тилкесинде добуш берди.

Айыл активисти Хидайет Асиялы "Азаттыкка" билдиргендей, Улуу Памирде шайлоо өз жол-жобосу менен өттү.

Мамлекеттик маалымат агенттикттери улуу памирликтер айылдагы орто мектепте ачылган шайлоо тилкесине улуттук кыргыз кийимдерин кийип келгенин жазды.

Улуу Памир айылында 2500ге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350гө жакыны мектеп окуучулары. Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында 5 миңден ашуун вандык кыргыз бар.

"Шайлоо элди чарчатты"

Бул Түркиядагы соңку он ай ичиндеги үчүнчү шайлоо болуп саналат. Былтыр президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 14-майда, экинчи айлампасы 28-майда өткөн. Режеп Тайып Эрдоган добуштардын 52,14% алып, президенттикке шайланган.

Мурат Курум жана Pежеп Тайып Эрдоган.
Мурат Курум жана Pежеп Тайып Эрдоган.

Түрк лидери Стамбулдун Үскүдар шаарындагы Сафет Чеби орто мектебинде добуш берип жатып: "Жакында эле парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрдүк. Бүгүн жергиликтүү бийликке шайлоолорду өткөрүп жатабыз. Бул эки шайлоо элибизди чарчатты, бизди да чарчатты", - деди.

70 жаштагы президент быйыл 8-мартта бул "анын акыркы шайлоосу" болорун айткан. Бирок Эрдоган алигиче мураскерлеринин атын атай элек. Түркияда кийинки президенттик шайлоо 2028-жылы өтөт.

Мурат Курумдун тарапташтары. Стамбул. 24-март, 2024-жыл.
Мурат Курумдун тарапташтары. Стамбул. 24-март, 2024-жыл.

Стамбул бийлигине учурдагы мэр, оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын мүчөсү Экрем Имамоглу жана мурдагы Айлана-чөйрөнү коргоо, урбанизация жана климаттын өзгөрүшү министри, бийликтеги "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын, башкача айтканда АК партиянын талапкери Мурат Курум ат салышты.

Стамбул шайлоодо чечүүчү аймак

Президент Эрдоган Стамбул шаарындагы тарапкерлерине өзгөчө көңүл буруп, шайлоого катышуу үчүн активдүү үгүт иш жүргүздү.

24-мартта Стамбулда чогулган тарапкерлерине кайрылып, ал "шаар өзүнүн чыныгы ээсине кайтып келет" деген.

"Биз 31-мартта жаңы доордун эшигин ачабыз. Мен кайда барбайын "Стамбулдагы туугандарыңарга чалгыла, АК партияга добуш берүүсүн сурангыла" деп айтып жатам. Стамбул 1-апрелде кайрадан ээси менен жолугушат деп ишенем".

Деген менен Эрдоган Стамбулдагы митингге аз санда чогулган тарапташтарын сынга алып, "биз 1,5 миллион кишиге көнүп калганбыз, бүгүн 650 миң киши келди" деди.

"Эрдоган 1994-жылы шайлоодо жеңип чыккандан кийин Стамбулду АК партиянын мекени деп эсептейт. Ал Стамбулда дүйнөлүк масштабдагы саясатты үйрөндү. Эрдоган менен АК партия Стамбулга көп нерсе алып келди", - дейт TRT World телеканалына маек берген GENAR изилдөө борборунун жетекчиси Ихсан Акташ.

Стамбул. 24-март, 2024-жыл .
Стамбул. 24-март, 2024-жыл .

Президенттин сынчылары бул анын акыркы шайлоосу болушу мүмкүн экенине ишенишпейт. Алардын айтымында, Эрдоган Стамбулдагы жеңишин улуттук жана жергиликтүү бийликти консолидациялоо жана конституциялык өзгөртүүлөрдү дагы бир мөөнөткө калтыруу үчүн колдонушу ыктымал.

Стамбул түрк президенти Эрдогандын жашоосунда өзгөчө орунду ээлейт. Бул анын туулуп-өскөн шаары гана эмес, 1970-жылдары саясий карьерасын баштаган шаар. Ал адегенде 1976-жылы "Улуттук Куткаруу" партиясынын Бейоглу аймактык жаштар бөлүмүнүн төрагалыгына жана ошол эле жылы Стамбул облустук жаштар бөлүмүнүн төрагалыгына шайланып, 1981-жылы "Аксарай экономика жана соода илимдери" мектебин бүтүргөн.

Андан кийин Эрдоган саясий тепкичтен улам көтөрүлүп, 1994-жылы Стамбулдун мэри, 2003-жылы премьер-министр жана 2014-жылы Түркиянын 12-президенти болду.

Соңку жылдары Түркия экономикалык таңкыстыкты жонтери менен сезип жатат. Өлкөнү бул кризистен алып чыгуу убадалары - муниципалдык шайлоолордун ажырагыс бөлүгү.

Түрк лирасынын куну буга чейин болуп көрбөгөндөй түшүп, 29-мартта бир доллар баасы 32 лирага чыкты. Бул көрсөткүч азык-түлүк, ижара акысы, коммуналдык төлөмдөр жана жол киреге да таасирин тийгизүүдө.

Муну менен катар былтыр өлкө түштүгүндө болгон катуу зилзала Стамбулдун тургундарын да тынчсыздандырбай койбойт.

Сейсмологдор чоң жер титирөө аталган шаарда жакын арада болушу мүмкүн экенин утур-утур эскерткени менен, жергиликтүү бийликке Стамбулдан көрсөтүлгөн талапкерлерден бул маселени кырынан койгондор жокко эсе.

3-февралда Режеп Тайып Эрдоган Хатай, Кахраманмараш жана Шанлыурфа провинцияларына барып, зилзаладан 11 облус, 124 район, 7 миңге жакын айыл-кыштак кыйраганын, 14 миллион жаран кырсыктан жабыркаганын белгилеген. Түркиянын Казына жана каржы министрлигинин маалыматында айтылгандай, катуу жер титирөөнүн материалдык чыгымы 2 триллион лираны (103,6 миллиард доллар) түзгөн.

Былтыр Түркия менен Сирия чектешкен аймакта болгон 7,8-7,5 баллдык жер титирөөдөн 53 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.

"Стамбулду алган Түркияны алат"

Ал эми түрк оппозициясы 2019-жылы бийликтеги АК партиядан озуп чыгып, утуп алган Стамбул, баш калаа Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларды өз көзөмөлүндө калтырууга үмүт артууда. Серепчилер жекшембидеги жергиликтүү бийликке шайлоо 2028-жылы өтө турган президенттик шайлоонун нугун өзгөртөрүн айтышууда.

"2019-жылы чоң шаарлардагы шайлоодо жеңиштер оппозициянын маанайын көтөрүп, президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үмүтүн арттырды. Оппозиция былтыркы президенттик шайлоодо Эрдоганга утулуп калганы менен, Стамбулдагы жана Түркиядагы жеңиштин ортосунда бекем байланыш бар. Имамоглу эми Стамбулду бекем кармай алса, оппозиция 2028-жылы боло турган президенттик шайлоого чоң үмүт артат", - дейт Ышык университетинин профессору Седа Демиралп.

2017-жылы Стамбулдун мэри Кадир Топбаш каза болгондон кийин, анын ордуна келе турган кишини дайындап жатканда Эрдоган "Стамбулду алган Түркияны алат" деген. Журналист Жүнейт Өздемир 31-марттагы шайлоону утурлай Эрдогандын дал ушул сөзүн эске салып, ага байланыштуу атайын берүү жарыялады. Анда Стамбул метросунун мааниси, өлкөнүн саясатындагы, экономикасындагы жана келечегиндеги ордун баса белгиленди.

Бийликтеги партия Стамбулдун мэрлигине мурдагы аткаминер Мурат Курумду сунуштаганы менен, бул шайлоо Экрем Имамоглу менен Эрдогандын ортосунда болору байма-бай талкууланууда.

Metropoll изилдөө борборунун жетекчиси Өзер Сенжар жергиликтүү басылмаларга курган маегинде, сурамжылоолордо Стамбулдагы эки негизги талапкерлер Имамоглу-Курум теңтайлаш баратканын баса белгилеп, "Экрем Имамоглу Стамбулдагы шайлоодо жеңип чыкса жана бул шайлоо жокко чыгарылбаса, ал 2028-жылы президент болот" деп кошумчалады. Деген менен Имамоглу өзү азырынча президенттик шайлоо пландары тууралуу сөз ката элек.

24-мартта Cumhuriyet басылмасынын суроолоруна жооп берген Имамоглу "Стамбул боюнча чоң пландарым бар жана мындан башканы кыялданбайм. Төрт жылдан кийин боло турган нерсени азыр айтуунун кереги жок" деп жооп берген.

Шайлоо алдындагы божомолдор

Бул шайлоодо Түркиядагы оппозиция мурдагыдай бирдиктүү эмес. Имамоглунун 2019-жылдагы жеңиши негизинен улутчулдар, секуляристтер, либералдар, консерваторлор, исламчылар жана эң негизгиси күрддөрдөн турган алты партиядан турган коалициянын колдоосу менен келген.

Былтыр президенттик шайлоодо утулгандан кийин оппозициялык альянс ыдырап, курамындагы партиялар, анын ичинде күрддөрдүн Элдик демократиялык партиясы (ЭДП) муниципалдык шайлоого катышуу үчүн өз талапкерлерин көрсөтүштү. Бул талапкерлердин бири да Стамбулда жетиштүү добуш албаса да, алардын баары биригип Имамоглунун жеңишине тоскоол болушу мүмкүн.

Экрем Имамоглу тарапкерлери менен сүрөткө түшүп жатат. 19-март, 2024-жыл.
Экрем Имамоглу тарапкерлери менен сүрөткө түшүп жатат. 19-март, 2024-жыл.

Алдын ала сурамжылоолор Стамбул үчүн күрөш абдан курч болорун болжогон.

Metropoll борборунун соңку маалыматына караганда, Стамбулдагы шайлоочулардын 39,2% Имамоглуга, 30,4% Мурат Курумга добуш берүү ниетинде.

ORC ARAŞTIRMA борборунун сурамжылоосу боюнча да Имамоглу Курумдан алдыда.

Ал эми миңдеген талапкерлер ат салышкан шайлоодо бардык талапкерлердин эң улуусу жана эң жашы ачыкталды. Шаар мэрлигине талапкерлердин ичинен эң жаш талапкер - Айдын провинциясынын мэрлигине аттанган, 21 жаштагы Түркия Коммунисттик партиясынын өкүлү Рожда Долгун. Кония провинциясынaн өз алдынча ат салышкан 85 жаштагы Селахаттин Чизрелиоглу шайлоодо эң улуу талапкер экени айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG