Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Трамп менен Байден соңку дебатта беттешти


Соңку дебат биринчисине караганда ирээттүү өттү.
Соңку дебат биринчисине караганда ирээттүү өттү.

АКШда экинчи кызматтык мөөнөттү көздөгөн президент Дональд Трамп менен анын саясий атаандашы, Демократиялык партиядан талапкер болгон Жо Байден соңку теледебатка катышты.

Анда саясатчылар негизинен коронавирус пандемиясы, салык жана расизм темасында талашып-тартышты.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоого эки аптадан азыраак эле убакыт калды. Бейшембиде, Теннеси штатынын Нэшвилл шаарындагы президенттикке талапкерлердин 90 мүнөттүк дебаты биринчисине салыштырмалуу ирээттүү, жылуу-жумшак өттү.

Биринчи беттеште Трамп Байдендин сөзүн улам бөлүп-жарган жана бул демократтарды нааразы кылган. Ушундан улам дебаттын жол-жобосу өзгөрүп, бир талапкер сүйлөп жатканда атаандашынын микрофонун өчүрүп койгон эреже кирген.

Соңку сурамжылоолорго ылайык, бир катар көрсөткүчтөр боюнча саясий атаандашынан артта калган Дональд Трамп телебеттеште коронавирус пандемиясына каршы чараларын жактады. Ал Кошмо Штаттар коронавирус менен жашаганды «үйрөнүп жатканын» айтты жана жыл этегине чейин вакцина даяр болот деп ишендиргенге аракет кылды.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Вакцина даяр, эми биз аны тез арада таратабыз. Биз Жо сымал жертөлөдө бекинип жата албайбыз. Анда го ошондой мүмкүнчүлүк болду. Ал кайсы бир жактардан чоң акча тапты. Ага жертөлөдө бекинип жаткан жагат. Башкалар болсо анте албайт», - деди Трамп.

Байден болсо Трампты пандемияны токтотуу боюнча планы жок экенин айтып сынга алды жана ушундан улам миңдеген адамдар өмүрү менен кош айтышканын белгиледи:

«Ал «муну менен жашаганды үйрөнүп жатабыз» деди. Бирок азыр адамдар муну менен кантип көз жумганды үйрөнүп жатат. Жолу болсун, ал бул канчалык кооптуу экенин айткан эмес. 220 миң америкалык жан берди. Ушунча адамдын өлүмүнө жоопкер ким гана болбосун, ал адам Кошмо Штаттардын президенти болбошу керек».

Байден ага карата «АКШны кайрадан карантинге жабат» деген дооматтарды четке кагып, демократ талапкер илимпоздор менен кеңешип чечим кабыл аларын билдирди.

Бул дебат айрым бир шайлоочулар азыркыга чейин кимди шайлаарын чече элек убакка туш келди. Соңку сурамжылоолорго ылайык, Трамп Байденден болжол менен сегиз көрсөткүч артта келатат. АКШда президент болчу адам шайлоодо эң көп добуш эле албастан, шайлоочулар коллегиясынын басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна ээ болушу керек.

Ушул күнгө карата 47 миллион адам алдын ала добуш берди жана бул эң чоң көрсөткүч болуп саналат.

Трамп бул дебатта Байденди коррупцияга байланыштуу айыптады жана уулу Хантердин Украинадагы ишине байланыштуу айыпты эске салды. Хантер Байден 2014-2019-жылдары украиналык «Бурисимо» энергетикалык компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон жана буга чейин Трамп анын ишин иликтөөнү талап кылган.

Байден уулу тууралуу дооматтардын баарын четке кагып келет. Ал соңку дебатта Трамптын Украинадагы айрым иштеринен улам өзүнүн жоопкерчилиги каралышы керек экенин белгиледи.

Жо Байден.
Жо Байден.

Байден Трампка ал сырткы саясатын жана салык документтерин жаап-жашырып келгени үчүн да чабуул койду. Андан сырткары президентти «расалык жек көрүүнү козгоду» деп күнөөлөдү.

Трамп бул дебатта өзүн ынды караларга «эң катуу жан тарткан» президент катары көрсөткөнгө аракет кылды. Ал кылмыш жазасын жеңилдетүү боюнча реформаны белгилеп, пандемияга чейин афроамерикалыктар арасында жумушсуздук көрсөткүчү төмөн болгону айтты. Трамп «Байден ондогон жылдар бою саясатта жүргөнү менен ынды каралар үчүн эч нерсе кылган эмес» деп билдирди.

«Ынды каралар үчүн Дональд Трампчалык эч ким көп иш кылган эмес. Эгер карап көрсөңөр, Авраам Линкольндон башка эч ким менчелик иш кылган эмес. Кылмыш-жаза адилеттиги боюнча реформаны Обама да, Байден да ишке ашырган эмес».

Дебатта улуттук коопсуздук, шайлоо коопсуздугу, Кытай жана Орусия менен алака-катыш, миграция маселеси, климат жана энергетика, экономика тууралуу талаш-талкуу жүрдү.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG