Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Тендердеги Түмөнбаевдин карааны иликтене баштады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаевди кызматтан алды. Мындан мурда Temirov LIVE каналы ишканадагы жарым миллиард сомдук тендер тууралуу иликтөөсүн жарыялап, аны уткан ишкана менен Түмөнбаевдин байланышы бар экенин жарыялаган.

Temirov LIVE каналы жарыялаган иликтөөдө "Унаа" мамлекеттик ишканасы транспорт каражаттарын каттоочу күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоого жарыялаган 518,5 млн. сомдук тендерди уткан “Гознак” жоопкерчилиги чектелген коому менен ишкананын жетекчиси Турусбек Түмөнбаевдин байланышы бар экени айтылат.

Иликтөө чыккандан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов атайын кайрылуу жасап, тендер иликтөө чыкканга чейин эле, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен текшерилип, жыйынтыгы жокко чыгарылганын, ишкананын жетекчисине байланыштуу чечим 13-сентябрда чыгарын билдирген.

“21-июлда “Унаа” мамлекеттик ишканасы автотранспорт каражаттарына атайын күбөлүк берүү боюнча тендер жарыялаган. Ал 30-августта жыйынтыкталмак. Бирок андан бир жума мурун президент Садыр Жапаров атайын тапшырма берип, ушул маселени тыкыр иликтөөнү тапшырган. Министрлер кабинети атайын иликтөө жүргүзүп, тендердин жыйынтыгын ошол замат токтоттук. Токтотпосок, транспорт каражатына алып жаткан күбөлүк эки эсе кымбаттап кетмек. Президентибиздин тапшырмасы менен иликтөө буга чейин эле жүрүп келди. Текшерүүнүн жыйынтыгын 13-сентябрда угасыздар”.

Иштин чоо-жайы

Автотранспортко каттоо күбөлүктөрүн берген “Унаа” мамлекеттик ишканасын 2020-жылдагы октябрь окуяларынан бери Турусбек Түмөнбаев жетектеп келген.

Temirov LIVE каналы “Унаа” мамлекеттик ишканасы жарыялаган жарым миллиард сомдук тендерде жеңүүчү болгон “Гознак” ишканасы менен Турусбек Түмөнбаевдин байланышы тууралуу бир катар фактыларды келтирген.

Мисалы, Турусбек Түмөнбаевдин кызы Айгерим Тогузбаева негиздөөчүлөрүнүн бири - “Деловая стратегия” ЖЧКсы “Гознак” ишканасынан 62 млн. сомдук 32 тендерди утканы айтылат.

“Гознак” ишканасы караган “Континент” компаниясынын курамында Турусбек Түмөнбаев негиздөөчүлөрдүн бири деп көрсөтүлгөн “Континент плюс” компаниясы дагы болгон.

“Континент плюс”, “Деловая стратегия” жана “Гознак” ишканасы бир даректе катталган.

Андан тышкары “Континент плюс” компаниясынын дагы бир негиздөөчүсү деп көрсөтүлгөн Олег Подобедов “Гознак” ишканасынын жетекчисинин орун басары экени белгилүү болду.

Аталган ишкана утуп алган жарым миллиард сомдук тендердин жыйынтыгы 1-сентябрда жокко чыгарылып, кайра жарыяланган. Буга "Гознак" ишканасы менен "Учкун" басмаканасынын ортосундагы техникалык пикир келишпестик түрткү берген.

Кызматтагы кудалар

Турусбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы эле эмес, айылдашы дагы. Анын көзү өтүп кеткен карачечекей агасы Таалайбек Түмөнбаев президенттин бир тууган эжесин алган.

Жапаров президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери учурунда кызматка дайындалган кудасы тууралуу суроого мындай деп жооп берген.

“Ал убакта ойлонуп, кадр тандап, резюмесин карап отура турган убакыт болгон жок да. Президент жок, премьер-министр жок, хаос болуп калды да. Ошондо талап-тоноонун алдын алып, кылган аракетимден экөө кызматка барып туруп калыптыр. Бирок президенттик шайлоодон кийин бардык кадрлар алмашат”.

"Кактус медиа" сайтынын маалыматына караганда, 2021-жылы февралда алты жыл мурун "Опузалап пара талап кылуу" боюнча соттолгон Нурбек Түмөнбаев аттуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын мурдагы кызматкери акталган.

Нурбек Түмөнбаев болсо Садыр Жапаровдун бир тууган жээни болот, анын сөз болуп жаткан эжесинин уулу.

Турусбек Түмөнбаев президенттин кызматтагы жалгыз кудасы эмес. 2020-жылы октябрь айында анын дагы бир кудасы Таштанбек Каймазаров Миграция кызматынын башчылыгына дайындалган. Каймазаров (Жапаровдун дагы бир эжеси Райкүл Жапарованын кызын келин кылып алган) аталган кызматты азыр деле башкарат.

“Реформа” саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова президент "Унаанын" башчысын журналисттик иликтөөдөн кийин гана кызматтан кетирүүгө аргасыз болду деп ойлойт. Ал ишканадагы тендерде да кызыкчылыктар кагылышы бар экенин белгиледи.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

“Президент кудаларымды шайлоодон кийин кызматтан алам деген сөзүнө турган жок. Кудасы отурду, анан ушундай чатак чыгып жатат. Президент “Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө” декларация толтуруп, канча тууган-уругу мамлекеттик кызматта отурганын ачыктасын. Кызматтан алып гана койбой, кылмыш иши козголуш керек. Эч кандай күнөөсү жок болсо деле камап койду го кээ бир адамдарды. Анан кудаларына келгенде эле эмнеге териштирүү жүрүп калышы керек?”.

Турусбек Түмөнбаев Ички иштер министрлигинде 30 жыл иштеген. 2020-жылы октябрга чейин Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын “адистештирилген монтаждоо жана эксплуатациялоо" мамлекеттик ишканасын жетектеген. Ага чейин министрликтин Куралдануу бөлүмүн башкарган.

Журналист Тынчтыкбек Алтымышев Министрлер кабинети “Унаа” мамлекеттик ишканасы өткөргөн тендерди журналисттик иликтөө чыкканга чейин эле жокко чыгарганын, президенттин кудасы деп жаткан Түмөнбаевдер Садыр Жапаров бийликке келе электе эле мамлекеттик кызматтарда иштеп келгенин айткандардын бири.

Тынчтыкбек Алтымышев
Тынчтыкбек Алтымышев

“Куда деп эле урдуруп атышпайбы, ал киши ИИМде 30 жылдан бери ар кандай жогорку кызматтарда иштеп жүрүптүр. Бир тууган иниси оппозициялык “Ата Мекен” партиясынан талапкер болуп чыгып, Садыр Жапаровдун “Мекенчил” партиясын Түптө жеңип алган адамдар экен. Буларды мурдагы бийликтин тушундагыдай Орто-Сайда эт чаап же бирөөгө шоопур болуп жүргөн жеринен алып келген жок. Кудасы эгер президентке таянып алып тендерди өткөрүп, жанагынча акча которулуп, мамлекетке зыян келгенде кыйкырсак болот эле. Бул жерде өкмөт тендерди өзү жокко чыгарыптыр, кадимки жумуш процесси”.

Кыргызстанды 2011-жылдан тарта айдоочулук күбөлүк жана автоунаанын техникалык паспортун даярдоочу бланктар менен камсыз кылып келген “Атлас Крипт” деп аталган компания менен өкмөттүн келишими 2019-жылдын апрель айында аяктаган.

Бул компания сегиз жыл ичинде 13 миллион еврого айдоочулук күбөлүк жана 12 миллион еврого техникалык паспорт даярдаган.

2019-жылы августта өткөн жергиликтүү айдоочулук күбөлүктү даярдоо боюнча тендерди Казакстандын Улуттук банкынын карамагындагы Банкноттук фабрика уткан. Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү басып чыгаруу боюнча тендердин жеңүүчүсү деп “Гознак” ишканасы табылган.

“Гознак” жоопкерчилиги чектелген коому - мурдагы “Континент принт” деп аталган ишкананын алкагында түзүлгөн мекеме. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге тиешелүү экени айтылган “Континент принт” 2010-жылы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылып, 65% акциясы мамлекетке өткөрүлгөн. Учурда бул активди өкмөттүн атынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тескейт.

Бирок ишкананы калган акцияларга ээлик кылган Олег Подобедов, анын аялы Наталья Давиденко жана кайнатасы Геннадий Давиденко башкарышат.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG