Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

"106 миң сурашкан". Тиш догдурда чарчаган Алиянын өлүмүн комиссия териштирет


Алия Кубанычбекова
Алия Кубанычбекова

Бишкекте үч жаштагы Алия Кубанычбекова аттуу кыз тиш дарылоо маалында чарчап калганы маалым болду.

Алиянын окуясынан кийин Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди. Клиника убактылуу жабылганы, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы кабарланды.

Окуяга тийиштиги бар дарыгерлерди жумуштан убактылуу четтетүү маселеси каралууда.

Алия Кубанычбекованын жакындары наристенин өлүмүнө дарыгерлерди айыптап, бийликке кайрылуу жасады. Атасынын айтымында, кыздын операциясы 106 миң сомго бааланып, бирок клиниканын адистери айткан убадаларын аткарган эмес.

"Медициналык клиникага келсем, келиним кызын кучактаган бойдон отуруптур, балам болсо эшикте муздун үстүндө отуруптур. Ошентип, неберемен айрылып калдым...".

Айгүл Исакованын 3,5 жаштагы небереси Алия Кубанычбекова 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон.


Анын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин айткан.

Адистердин бул кызматы 106 миң сомго бааланган.

"Колуна ийне сайылган бойдон чыгарып беришиптир. Башта сүйлөшкөндө дары жыттатып эле уктатабыз дешкен. Бирок операция учурунда кызымдын ар кайсы жерине ийне сайгылашкан. Колунда катетер, буттарында жана жамбашында ийненин изи көп. Дарыгерлер адреналин беришкенин айтышты. Булар баламды мыкаачылык менен өлтүрүштү. Ушуларга чара көрүңүздөр. Ата-энелер, биз көргөн күндү көрбөгүлө, кан жутуп отурабыз. Азыр келинимдин оозу кыйшайып, эмчектеги алты айлык баласы каралбай калды. Айланайын, жардам бергиле, буларды жакшылап текшерип, катуу көзөмөлдөгүлө. Азыр алар күндө көрүнгөн жактан чалып, балама басым кылышууда. Азыр булар үйүндө жылуу-жумшак отурушат, биз болсо кан жутуп, үйүбүздө тынчтык жок, балдарымдын баары ызы-чуу", - деди Алиянын чоң энеси Айгүл Исакова.

Алия үйдүн улуу кызы болчу. Анын апасы алты айлык эмчектеги баласын кучактап, азыр ден соолугу оор болуп турат.
Алия үйдүн улуу кызы болчу. Анын апасы алты айлык эмчектеги баласын кучактап, азыр ден соолугу оор болуп турат.

Каргашалуу окуя 18-декабрда болгон. Кыздын ата-энеси Бишкектеги Dentamax клиникасына кайрылып, анын курт жеген тиштерин дарылатуу үчүн бир нече адистер менен кеңешкен. Алар жаак сөөгүн түшкү саат 11:45те рентгенге тартып, саат 12:00до операция кылабыз деген. Бирок операция аталган клиникада эмес, И. Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жасалары айтылган. Дарыгерлер муну ал жерде түзүлгөн шарттын жакшылыгы жана тийиштүү жабдыктардын бар экендиги менен түшүндүргөн. Дарыгерлер ошондой эле Алияга ийне сайылбайт, "Севоран" дарысын жыттатып уктатабыз, операция төрт сааттай болот деп алдын ала айтышкан.

Кыздын атасы Эламан Кубанычбеков "Азаттыкка" буларды айтты:

"Саат 12де кызымды анестезиолог келип көрдү да, тиш дарыгери экөө көтөрүп кетишти. Мен операция жасалчу жерге өзүм алып кирейин, ыйлайт десем, ал жер өтө таза зона экенин айтып, мага кирүүгө болбойт дешти. 4-4,5 саатта операция жыйынтыкталары айтылган, бирок убакыт созула бергенинен тынчсыздана баштадык. Кызымды алып кеткен дарыгерге тынчсызданып жазсам, үн коштогон билдирүү жиберип, "тиштери аябай оор экен, 40 мүнөттө бүтөбүз" деди. Жүрөгүм сезгенсип операция жасаган бөлүмдүн оозунда турсам, толгон дарыгерлер чуркап кирип кетишти".

Алия Кубанычбекованын кээ бир тиштери ириңдеп, дарыгерлер операция жасатыш керек экенин айткан. Операция 106 миң сомго бааланган.
Алия Кубанычбекованын кээ бир тиштери ириңдеп, дарыгерлер операция жасатыш керек экенин айткан. Операция 106 миң сомго бааланган.


Көп өтпөй дарыгерлер жана кызды операцияга алып кирген адис да чыгып, Эламанга суук кабарды угузган.

"Кызым кайда, эмне болду, бүттүбү десем, "ооба, бүттү, сүйлөшөлүчү" деп бир иш бөлмөгө алып кирип, "операция жасап бүтүп калганда кызыңыздын жүрөгү токтоп калды" деп айтты. Мен укканыма ишене алган жокмун, денем муздап, жаман болдук. Келинчегиме чуркап барып ушундай болуп калды деп айттым. Реанимациянын эшиги жабык экен, экөөбүз зорго ачтырып кирип барсам, кызымдын денеси көгөрүп, чарчап калганына 1,5 саат болгондой сезилди".

Операцияга чейин Эламан кызын бир канча дарыгерлерге алып барып, кеңешин алган. Маселен, тиштери курттап, айрымдары ириңдеп кеткенин көргөн адистер тазалатуу керектигин айткан.

Кызынан айрылган ата-эне азыр бийлик башындагылардан окуяны дыкат иликтеп, тийиштүү адамдарды жазага тартууну суранып жатат.

Окуяга байланыштуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматы бардык экспертизалар дайындалганын, тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынарын билдирди. Маалымат боюнча, милиция кызматкерлерине тапшырмалар берилип күбөлөр суралууда.


Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түздү. Окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин Dentamax клиникасы жабылды.


Түзүлгөн комиссиянын төрагасы Ренат Мавланбай уулу И.Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун башкы дарыгерин жана бир топ адистерин иштен убактылуу четтетүү керектиги каралып жатканын айтты:

Ренат Мавланбай уулу
Ренат Мавланбай уулу

"Азыр комиссиянын курамында ондон ашык дарыгер бар. Биз жеке клиникага да, Кыргыз медициналык академиясынын медициналык борборуна бүгүн да барабыз. Азырынча окуяга тиешелүү дарыгерлердин баарын жумуштан убактылуу четтете туралы деген ойдобуз. Комиссиянын курамында юристтер да бар".

Наристенин өлүмү тууралуу маалымат Facebook аркылуу адвокат Канат Хасанов 21-декабрда түз эфир уюштургандан кийин билинип, талкууга түшкөн.

Канат Хасанов
Канат Хасанов

"Кыздын ата-энесинин арызы Свердлов райондук милиция башчысынын, министр жана башкы прокурордун көзөмөлүндө болууда. Азыр бир топ экспертизалар дайындалган, анын жыйынтыгында анестезиолог, клиниканын дарыгерлери жана башка тиешелүү адистерине юридикалык баа берилип, ар ким өз жазасын алат деп турабыз".

Дарыгерлердин айынан жакыны каза болгонун айтып, коомчулукка, бийлик башындагыларга кайрылгандар буга чейин да болгон.

Ноябрдын этегинде колу сынып, Бишкектеги №4 ооруканага кайрылган 38 жаштагы Азамат Асанкожоев каза болгон. Адистер анын колун гипс таңып, бирок ириң басып кеткенде, колун кесип салган. Азамат каза болуп, анын төрт баласы атасыз калды. Бул окуя боюнча да териштирүү иштери аяктай элек.


2023-жылдын 10 айында Акыйкатчы институтуна медицина тармагына нааразы болгондордон 47 арыз түшкөн. 2022-жылы болсо мындай арыздардын саны 55ке жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG