Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:34

Кымбат ичик үчүн бир үй-бүлө бузулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жазуучу Касым Сулайманов социализмдин ордуна келген жаңы замандын адеп-ыймандык проблемаларын көркөм иликтөөнү жактырат.

Жетишпеген турмуш жумушка жарамдуу калктын кыйласын чет жерге айдап, анын кесепети үй-бүлөгө тийгени автордун «Норка шуба» аңгемесинде ынанымдуу сүрөттөлгөн.

Эне өлбөсүн

Эрбейген неберелерине караан болуп келаткан Алмагүл эне ооруп, төшөк тартып жатып калганы кичинекей Нурлан менен Алияга эле жаман болду. Баштагыдай тамагын бышырып, басса-турса балдарына жалынчу энеси кара жаны менен алек болуп, неберелери колго тийген бирдемени жалгап, эртелеп жатууга кам урушат.

Кеч киргенче сарайдагы малдын алдын тазалап, чөбүн салып, сугарып келүү Нурландын мойнунда. Бала да, малдын түйшүгүнөн тез эле чарчап, кеч киргенде ырп этерге алы калбайт. Сабакка даярданмай да бар. Минтип энесинин ооруп калышы Нурланды аябай чүнчүттү. Аны аябай сагынткан апасы мектебин таштап Орусияга иш издеп кеткен. Балдарды карайт деген атасы үйгө кызуу келет. Эркектики ошол окшойт, башына кичине иш түшсө аракка качырып, бура бастырбаган турмуштук оорчулукту ушинтип унутушка аракет кылат. Нурландын ой-санаасы алыстагы апасында. Ал болгондо чоң энеси оорумак эмес. Ооруп калса дарыгер чакырып, тез эле айыктырып алмак.

Кайсы бир курбусунун жаңы норка шубасын көрүп Саара да ээленип алыска аттанган. Ал балакеттүү норка шубасыз дегеле жашоосу өтпөчүдөй, «алышым керек» деп делбектеп калган. Ансыз деле мектептен тажап жүргөн. Жарыбаган маяна, түйшүгү түмөн бул кесипти айласыз таштагандар ушу тапта толтура.

Нурлан апасы экөө мектепте барганда түшкөн сүрөтүн колу бошой калса эле карап, көзүнүн жашын куюлтуп ый менен балалыгын өткөрүп келет. Апасы аябай эле өзгөргөндүр, арадан жети жыл өтпөдүбү. Ошондо бир жаштагы Алия мына сегизге чыгып калды, ал апасын анча деле билбей, чоң энесин апа деп алган. Нурлан гана апасын унута албайт.

«Апасы түшүнө да көп кирет, экөө кучакташып, жытташып турган болот, анан ойгонуп кетет. Ойгонгонунда апасынын жок экенин көрүп өкүнүп алат. Акыркы көргөн түшүндө апасы алыстан суз гана учурашып, Нурландын ээрчигенине болбой кетип калды. Артынан ээрчип: «Апа-а, кайда-а, токтой ту-ур?», - деп зар ыйлап кала берди. Ошондо апасынын карабай кеткени үчүн ушунчалык катуу өңгүрөп ыйлады. Уктап жаткан жеринде төшөгүн тепкилеп, «Апа-а, мен да барам!» - деп бакырып ыйлады. Чоң энеси чочуп кетип, чуркап келип кучактап калды. Айланып-үргүлүп: «Эмне болду, Нукан? Айланайын, садага болоюн...», - деп бир чети коркуп, бир чети небересине не болгонуна баамы жете бербей, соорото албай алектенип жатты. Нурлан биротоло ойгонду: «Апам бир машинеге түшүп, мени таштап кетип калды...», - деп солуктап, энтигип, көзүнүн жашын тыя албай турду».

Алыскы кыргыз айылында Нурлан апасын эстеп куса болуп атканын Саара билер бекен?! Билсе жети жылда бир кабарын билдирип жок дегенде телефон чалып коймок. Мына эми өлүүсү же тирүүсү билинбей дайынсыз. Байкуш чоң энесинин колунан эмне келет? Атасы күтүп-күтүп отуруп түңүлгөндө башка аял алып алды. Бүкчүйгөн кемпир ооруп жатса эрке келинчегин алып айылчылап кетишкен. Жаңы окуу башталып атса Нурлан менен Алия жүдөө кийиминен корунуп, балдардын арасында жалтактап жүрүшкөнү Аскарга бир тыйын окшойт. Алия - кичинекей кыз, кийимге маани деле бербейт. Бирок Нурлан сырт кебетесинен аябай жаман болду. Апасы болсо минтип самсаалап жүрүшмөк эмес. Апасы да кызык экен, норка шуба алам деп ушунча алыс, анан да кат-кабарсыз жоголобу?!

Күндүн арзуусу

Кымча белине куп жарашчу норка шуба Бишкектин «Дордой» базарында жүз миң сом экенин билгенден кийин уктабай калды. Аскар анчалык акчасы жок экенин айтып айнытса да болбоду, ээленип отуруп кайненесин макулдатты. Ошентип норка шуба Сааранын бул турмуштагы эңсеген максатына, баарына кайыл кылган кымбат буюмуна айланды. Жинди болуп кете жаздады. Поюздан-поюзга түшүп, ит азабын көрүп Самарага келсе тааныш эжеси кара жумушта иштейт экен. Аял кишиге курулуш оор. Алтоо-жетөө тыгылган кичине бөлмөдөн тажап, Саара жаңы шаардан ылайыктуу жумуш издеди. Мустафа деген жашамал кишинин үй кызматчысы болуп ошондо орношкон. Кожоюндун үйүн мизилдетип таза кармап, анын кийимдерин жууп, анын кабагы менен тең айланып, эптеп жагуунун аракетинде жүрүп, жарым жылдан кийин атасындай болгон кишинин аялы болуп калды.

«Ошол күндөн баштап экөө бирге жатып, эрди-катындын тирилигине өтүштү. Күттүргөн жаз да келди. Саара кошкат болуп, барган сайын курсагы чоңоюп, Мустафа ансайын алды-артына түшүп, эмне кааласа ошонун баарын аткарып турат. «Кыргызстанга жайында кайтам» деген оюн курсагы тып басып, айласы алты куруду. Анысын алдыртып эле салат болчу, бирок Мустафа таптакыр болбой койду, бул анын ашкере куулугу беле же чындап эле бала көргүсү келгенби – ал жагын ким билсин, айтор курсактагы баланын көрөр күнү бар экен, күн санап жетилип келе жатты.

Анан айылга телефон чалганды токтотту. Аскар канча жолу телефон чалса да жооп бергенге кудурети жеткен жок. Анын, кара чечекей балдарынын алдындагы айыбы жер каратып, кудрет-күчүн кетирип, эл караган жүзү жер карады. Анан балалуу болушту.

Күндөр, айлар өтүп, жыл алмашты. Саара ак эткенден так эткен норка шубанын эң мыктысын кийди, «Жип» машине минип, Мустафадан бир уул, бир кыз көрдү. Аларды да жанындай көрөт, эми кет десе да аларды таштап кете албай турган болуп байланды. Кудай насип кылса, Кыргызстанга бир барсам, балдарымды көрсөм деп кыялданат, бирок ага колу жетпеди. Анан Аскарга да ал тууралуу кабар жеткенби же өзү эле түңүлгөнбү, айтор үйлөнүп алганын укту. Сааранын көңүлү ошондон кийин биротоло сууду. Мустафадан төрөлгөн балдары калың кара каштуу болуп, кыргызга окшошпойт, алар Орусиянын атуулу, азербайжан улуту болуп катталышты».

Аскардын жаш аялы аябай эрке, анан да Нурлан менен Алияны жек көргөн тили заар келин болуп чыкты. Неберелерине болушам деп Алмагүл байбиче уулу менен келинине жаман көрүнүп үйдө ырк бузулду. Апасын эстегенде дел болуп Нурлан чоң энесинин эртерээк сакайып кетишин тилей баштады. Бирок баланын колунан эмне келет? Кемпир оорудан турбай калганда аялын ээрчитип Аскар келинчеги менен айылчылап кеткен. Оору кемпир биротоло кайратынан тайып калганда үйгө келди. Тилден калган кемпирди ооруканага алып барышты, бирок кеч болуп калган экен... Кийинки күнү Алмагүл байбиче бу жарыкчылык менен кош айтышып кете берди.

«Аны үйгө алып келгенде Нурлан чучукка сайгандай чыңырып, энесин бекем кучактап, бекем коё бербей тырмышып, карап турган элдин баарын ыйлатып: «Апа, сен жок эми мен кантем?»,- деп тыбырчылап, башын ташка койгулап ыйлады. Ал жерде тургандар Нурланды колтуктан өйдө көтөрүшүп: «Өлүм ар кимдин башында бар, карыган кишиге анте берчү эмес»,- деп кайрат айтышты. Нурлан жедеп алдан тайганча үзүлүп түшүп ыйлады, дегеле токтой алчудай эмес. Үйдүн ичинде турган аялдар: «Балам, болду эми, эртең эл келет, жакшылап өкүрүп тур», - деп Нурланды эшикке чыгарып жиберишти. Ошондон кийин Нурлан менен иш алган эч ким болбоду.

Элдин баары Алмагүл байбиченин каадасынын камы менен алек болуп, ар ким ар түрдүү кызмат менен алпурушуп жүрдү. Эл чогулуп, кыргыз үй тигишип, мал союп, айтор бытырап эле калышты. Бир маалда Аскар баласы Нурланды издеп таппай калды. Аны менен кошо эки-үч адам издешип, атканада Нурландын асылып калганын көрүп, чуркап барышты. Жетип эле кучактап көтөрүп, жипти кыйып жиберишти. Нурлан энеси менен кошо түбөлүк жайга кете бериптир...»

Нурлан энеси менен чогуу коюлганда «Самарадагы Сааранын жүрөгү бир булкунуп алып, анан туйлай баштады», деп жазат автор. Кантсе да эне эмеспи, көңүлү бир жерге токтобой, алеп-желеп болуп, кызыкча абалда турду. Ал тырмактай кызы менен уулун «норка шубага» алмаштырып, мындан жети жыл илгери Самарага баса берген. Бул жерден атасындай болгон Мустафаны тапты. Анын айтканын жасап, үй кызматчысы, канчанчы экенин ким билсин, катардагы аялдарынын бири болуп эки бала төрөп берди. Алыскы айылда калган эки баласын эстегенде азербайжан балдарын өөп, кусасын басып келатат. Бирок бүгүн жүрөгү негедир башкача алып-учуп, кызыкча абалга түшүп атат. Шуба издеп кеткен апасын баласы эчен жыл күтүп, анан жедеп мукураганда бу жарыкчылык менен кош айтышканын Саара сезип атты бекен? Нурландын сөөгүн чоң энеси менен бирге жерге беришкенде эне жүрөгү жамандыкты сезгендей болду.

Өрттөлгөн шуба

Бирок Саара кымбат баа норка шуба менен кошо өзүнүн энелик сезимин биротоло өлтүрүп, алыста калган балдарын кез-кез эстегени болбосо унута баштаган. Самарадагы жашоо аны башкача кылып койгон эле. Кез-кез жини келгенде өзүн-өзү жекирип, бирок да дүйнөпараз жаны ойдо жок жерден ээ болуп калган байлыктын алдында алсыз болуп, Мустафа чалы менен андан төрөп алган каракаш балдарын таштай албай, отуруп калчу. Мына, норка шубаны эңсеп келген жашоосу. Амалкөй байдын кызматчысы, анын өлүү дүйнөсүнө сугун арткан ойношу болгон келиндин келишкен короо-жай, жолтандабас машинеси, катар тизилген кымбат баа кийимдери эч нерсеге арзыбай турду.

«Гардеробдон өзү эңсеп жүрүп Мустафага алдырып кийген кымбат баалуу норка шубаны атайын алып кресло үстүнө таштады. Аны көрүп ушул мүнөттө Сааранын көңүлү чөгүп, кирдеп турду. Ушул шуба анын башын айландырып арбап, өзүнө кызыктырып алдап, ушул жакка алып келгендей туюлду. Сааранын көңүлү уйгу-туйгу болуп, бир кызыкча эле, ал ушул шубадан кутулса эле бул абалдан чыга тургандай сезди. Анын азыркы абалы кыргыз жерине болгон, Нурлан менен Алияга болгон сагынычы, эстен тандырган кусалыгы болчу. Өзүнүн жеңил баалуулугуна, туруксуздугуна, шайкелеңдигине, акчага кызыккандыгына арданып, намыстанып, Кыргызстандагы мугалимдик ишин, үй-бүлөсүндөгү эң жөнөкөй нарктуу жашоосун сагынып, эмне кылар айласын таппай, кыжаалат болуп арманы ичине батпай турду. Кыялында мурунку өзү сүйүп тийген эри Аскар менен Мустафаны да салыштырып көрдү. Аскар өзү жактырып сүйүп тийген чыныгы өмүрлүк жолдошу болчу. Ал эми Мустафа акча үчүн арбалган кары жана жагымсыз ойношундай эле. Азыр Сааранын жан дүйнөсү буюгуп, өзүнөн өзү токтоно албай буулугуп, жөргөмүштүн торуна түшкөн көпөлөктөй алсыз абалда болду. Ал көзүнөн куюлган салаа-салаа мөлтүр жашын колу менен сүртүп, мурдун шор тартып алып, норка шубаны апчый кармап эшикке жөнөдү. Аны короонун тээ чет жактагы таштанды салчу темир челекке ыргыта таштап, үстүнө күйө турган ыпыр-сыпырларды чогултуп, ширеңке тартып, от коюп жиберди. Норка шуба акыр-чикир менен түтөп, болор-болбос жалын чыгарып күйүп жатты.

Аны карап туруп, Саара норка шубадан өч алгандай жеңилдей түштү...»

Бирок бул Сааранын убактылуу көңүл көксөөсү гана болчу, эми ал көзүн тумандаткан байлыктан толук кол үзүп, бир кезде таштап кеткен карапайым турмушуна келмек эмес. Кымбат баа норка шубанын бирин өрттөгөнү менен кийим илгичте андан жакшы, андан жаңы кийимдери толтура болчу. Эли-жерин, алыста калган балдарын кез-кез эстегени болбосо алардан алыстап кеткен болчу. Өлүү дүйнө азгырыгынан чыгыш кыйын.

Саара Мустафанын Самарадагы карылык жашоосуна өң берип турган жандуу куурчагы, андан тапкан балдары соңуна чыгып бараткан өмүрдүн өтөлгөсү, баалуу белеги болчу. Эми жараткандын жазмышы менен жар болушкан экөө: жаш келин менен кары адам эки жерди эңсеп, арыз-арманын ичке катып армандуу жашоосун улантышмак. Биринин байлыгы эсепсиз болгону менен ден соолугу начарлап, өмүрү аягына бараткан, экинчиси анын айласыз аялы, каш кайтарбас кызматчысы болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG