Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Тажик бийлиги журналисттерди аёосуз камап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда үч көз карандысыз журналист узак мөөнөткө эркинен ажыратылды. Дагы бир нече блогер шектүү айыптар менен тергөө абагында отурат. Тажикстандык эксперттер мындай жасалма өкүмдөр оппозицияны куугунтуктоого багытталган жаңы ыкмалардын бир бөлүгү экенин эскертүүдө.

18-октябрда Тажикстанда сот социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп, аткаминерлердин кемчилигин айтып жүргөн журналист жана блогер Далер Имомалини 10 жылга эркинен ажыратты. Бул маалыматты анын адвокаты Садулло Каюмзода ырастады.

Мындан тышкары, сот аны айып пул төлөөгө милдеттендиргенин журналисттин жакындарынын айткандарына таянып, "Озоди" радиосу кабарлады. Бирок азырынча айып пулдун көлөмү айтылган жок.

Далер Имомали.
Далер Имомали.

Далер Имомали "кылмыш жөнүндө жалган маалымат берген, мыйзамсыз ишкердик менен алектенген, тыюу салынган уюмдун ишине катышкан" деп айыпталган. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, журналист "мыйзамсыз ишкерлик кылуудан" башка айыптоолорду четке кагып жатканын билдирген.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) медиа өкүлү Тереза Рибейро тажик бийлигин белгилүү журналист жана блогер Далер Имомалини тез арада бошотууга чакырды.

Рибейро 18-октябрда Telegram баракчасына сот өкүмүнө таң калганын жазып, “Тажикстандагы сөз эркиндигине дагы бир сокку болду” деп белгилеген. Ал Имомалинин камалышын кесиптик ишмердигине байланыштырды.

34 жаштагы Имомалиге чыгарылган өкүмдү Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) да айыптады. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гулноза Саид тажик бийлигин Имомалини жана башка соттолгон журналисттерди бошотууга, сот бийлигин көз карандысыз маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнү токтотууга үндөдү.

Ушуну менен акыркы үч айда Тажикстанда жети журналист жана блогер камалды. 4-октябрда Имомали менен бирге репортаждарды даярдап жүргөн Абдулло Гурбати жети жарым жылга кесилген эле.

Алар камалардан бир канча жума мурун Дүйшөмбү шаарында сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 72 жаштагы ардагери, мурдагы журналист Мухаммади Султон деген ысым менен таанымал Мамадсултон Мавлоназаровду жети жылга абакка кескен.

Мухаммади Султон аты менен таанымал Мамадсултон Мавлоназаров.
Мухаммади Султон аты менен таанымал Мамадсултон Мавлоназаров.

Сот аны “конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасап, бийлик өкүлүн кемсинткен” деп тапты.

Мухаммади Султон май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон башаламандыкты чагылдырып, Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн Рушан аймагындагы “антитеррордук” операциясына каршы чыккан. Анын жакындары ал өзүнө тагылган айыпты четке какканын билдирди.

Абдусаттор Пирмухаммадзода тергөө абагында жаткан жети журналист жана блоггердин бири. 44 жаштагы Пирмухаммадзода экстремизмге шек саналды.

Абдусаттор Пирмухаммадзода.
Абдусаттор Пирмухаммадзода.

Пирмухаммадзода камакта жатканда физикалык жана психологиялык “кыйноого” кабылганын тергөөгө жакын булак “Азаттыкка” билдирди.

Ысымын атагысы келбеген өздүк булактын айтымында, Пирмухаммадзода терөөдө зомбулукка кабылып, депрессияга түшүп, катуу сабалган.

Журналисттин жакындары полиция аны кыйнап, ага айыбын моюнуна алдырууга мажбурлаганын айтып чыгышкан.

Ушундай эле билдирүүнү учурда абакта отурган блогер Абдулло Гурбатинин үй-бүлөсү да жасады. Ал күнөөсүн мойнуна алып видео кайрылуу жасоо үчүн полиция тарабынан кысымга алынганы айтылууда.

Завкибек Саидамини.
Завкибек Саидамини.

Ал ортодо тергөө абагында камалган дагы бир блоггер Завкибек Саидамининин туугандары аны үч ай мурун камакка алынгандан бери көрүшпөгөнүн жана кабар албаганын айтышууда.

Тажикстандык оппозиционер, активист Фарход Одинаев өлкөдө сөз эркиндиги жок экенин баса белгилеп, көз карандысыз журналисттерге карата куугунтуктар Тажикстандын эл аралык аброюна дагы доо кетирерин айтууда.

"Бул төрт журналист чындыгында күнөөлүү эмес. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери көбүнчө кылмышкерлерди камеранын алдына көрсөтүп, мыйзам бузганын, айып пул төлөй турганын айтышат. Бирок журналист блогерлердин иши жашыруун, жабык эшик артында өтүп жатат".

Ал эми Тажикстандын Көз карандысыз ЖМКлар Ассоциациясынын башчысы Нуриддин Каршибоевдин айтымында, соңку апталарда көз карандысыз журналисттерге тагылган "катаал" өкүмдөр оппозицияны басуу үчүн жасалууда.

"Бийлик бардык маалымат мейкиндигин өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатат жана коомдо альтернативдүү медианын болушуна жол бергиси келбейт", - дейт Каршибоев.

Айрым тажикстандык журналисттер мындай өкүмдөр буга чейин болуп келгенин жашырышпайт. Худжанд шаарында иштеген тажик журналист "Озоди" радиосуна берген жашыруун маегинде журналисттер арасында кооптонуу күч алганын айтат.

"Камалган кабарчылар анчалык деле атактуу эмес болчу. Эгерде бийлик аларды камап атса, биз үчүн ого бетер кооптуу жагдай пайда болууда. Бул мени Тажикстандагы жашоону кымындай болсо да сындагандан алыс болушум керектигин, антпесе түрмөдө чирип кетишим мүмкүн деген ойго түртөт", - дейт тажикстандык журналист.

Жергиликтүү серепчилер бул камакка алуулар тажик бийлигинин Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы нааразылык акцияларынан кийин коомдук пикирди көзөмөлдөө аракети деп сыпаттайт.

Кармалган журналисттердин арасында Тоолуу Бадахшандын тургундары – 65 жаштагы Ульфатоним Мамадшоева жана 24 жаштагы Хушруз Жумаев да бар.

Ульфатоним Мамадшоева жана Хушруз Жумаев.
Ульфатоним Мамадшоева жана Хушруз Жумаев.

Журналист жана активист Мамадшоевага "бийликти кулатууга чакырык жасаган" деген айып тагылган. Күнөөсү далилденсе, ал 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бирок 18-майда кармалардан бир күн мурун Мамадшоева митингдерге эч кандай тиешеси жок экенин “Азаттыкка” билдирген. Анын соту август айында башталган.

Хушом Гулям деген каймана ысым менен таанымал блогер Жумаевге да "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган" деген айып тагылган. Анын соту качан башталары белгисиз.

Жумаев өзүнүн YouTube каналында көбүнчө өзү жашаган Тоолуу Бадахшандын маданияты, тарыхы жана жергиликтүү диалектилери сыяктуу саясий эмес маселелерди чагылдырып келген.

Деген менен тажикстандык журналисттер менен блогерлерге козголгон иштердин баары эле Тоолуу Бадахшандагы тополоңго байланыштуу эмес.

Тажик бийлиги буга чейин мамлекеттик саясатка карама-каршы келген журналисттерди жана маалымат каражаттарын максаттуу түрдө куугунтуктап келген. Көптөгөн көз карандысыз басылмалар тажик өкмөтүнүн саясатын сындаганы үчүн жабылганы белгилүү.

Расмий Дүйшөмбү ошондой эле Тажикстандын маселелерин чагылдырган чет элдик маалымат каражаттарына, анын ичинде “Азаттыктын” тажик кызматы “Озоди” радиосуна, жеке менчик Бомдод маалымат агенттигине жана бозгундагы оппозиция башкарган бардык онлайн маалымат каражаттарына бөгөт коёт же чектейт.

Тышкы иштер министрлиги чет элдик маалымат каражаттарында иштеген журналисттерге аккредитация берүүдөн баш тартып келет.

Дүйшөмбү жасалма далилдер менен кармоо, күнөөнү кыйнап моюнга алдыруу жана жалган айып тагып, куугунтуктоо сыяктуу дооматтардын бардыгын четке кагып келет.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндиги боюнча баяндамасына таянсак, 2015-жылдан кийин Тажикстанда сөз эркиндигине басым күчөгөн. Уюмдун тизмесинде 139-орунда турат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG