Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:08

Ташиевдер курган Барпыдагы "Жони" парк талкууга айланды


Барпы айылындагы "Жони" паркы.
Барпы айылындагы "Жони" паркы.

Сузактын Барпы айылына парк ачылып, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин агасынын ысымы берилди. “Жони” деп аталган эс алуу багын Ташиевдердин үй-бүлөсү куруп берген.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин кичи мекени Барпы айылына салынган, “Жони” деп аталган парк 6-август күнү ачылып, ага эл аябай көп келген. Бакчанын аймагында балдардын бир нече аттракциону, фонтан, шаркыратма жана балмуздак жей турган жай бар.

Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Сайитбеков аянты 1,5 гектарды ээлеп, тегерек-чети бийик тосмо менен курчалган парктын курулушуна 35-40 млн. сом корогонун айтып берди.

Нурлан Сайитбеков.
Нурлан Сайитбеков.

“Парк курулган жер буга чейин мындай эле турчу. Ташиевдердин үй-бүлөсү айыл өкмөткө сунуш менен кайрылып, таштанды болуп жаткан жерге парк куруп берели дешкен. Алардын өтүнүчү эс алуу багына бир тууганынын ысымын ыйгаруу болгон. Айылдык кеңештин чечими менен “Жони” деп аталып калды. Соңку бир жарым жылдын ичинде курулуп бүттү. Азыр 20дай киши жумуш менен камсыз болду. Парк айыл өкмөттүн балансында”.

“Жони” паркынын кире беришинде Камчыбек Ташиевдин бир тууган агасы Жаныбек Ташиевдин сүрөтү илинип турат. “Жони” бул анын эл арасында айтылып келген аты. Ал 2018-жылы каза болгон.

Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Сайитбеков Ташиевдер айылдын турмуш-шартына буга чейин да көңүл буруп келишкенин белгилейт. Былтыр айыл ичинде бир чакырымдан ашык жолго асфальт төшөп, үч муктаж үй-бүлөгө үй салып берген. Мындан тышкары айылга инвестиция тартууга да көмөктөшүп турушат.


Камчыбек Ташиев УКМКны 2020-жылы бийлик алмашкандан бери жетектейт. Бир тууган иниси Шайырбек Ташиев учурда Жогорку Кеңештин депутаты, жээни Байгазы Матисаков “Кыргыз Петролеум Компани” (КПК) мамлекеттик компаниясын башкарат.

Коомдо өлкөдөгү таасирдүү үй-бүлө жогорудагыдай курулуштарга кеткен каражаттын төркүнүн ачыкташы керек деген ой да басымдуу.

Равшан Жеенбеков
Равшан Жеенбеков

“Албетте, парктын курулушу Ташиевдин жердештерине, жакындарына жагат. Бирок жакшы мамлекет курабыз, алдыга жылабыз деген өлкөдө мындайды коррупция деп коет. Бул мамлекеттик ресурстарды жеке кызыкчылыктарга пайдаланып жатканынан кабар берет. Жада калса Ташиевге өз чөнтөгүнөн парк куруп бергенге болбойт. Ал өз каражатын жумшап атканына ким кепилдик берет? УКМКнын төрагасы эч кимге көрүнбөй, тынч иштеши керек эле. Башка өлкөдө бул кадам сынга алынып, жарандар жээримек. Тилекке каршы, бизде кубанып атышат. Мисалы, Британиянын чалгын кызматынын (MI 6) төрагасынын өз айылына парк куруп атканын элестетсеңер”,-дейт оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков.

Буга чейин УКМКнын Жалал-Абаддагы кызматкерлерине салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушун ким каржылап жатканы ачык айтылбаганы да бүдөмүк ойлорду жараткан.

Курулуштун пайдубалын түптөөгө атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, “имарат чоң саясаттын негизинде шериктердин жардамы менен салынып жатат” деп билдирген.

Мындан тышкары атайын кызматтын райондук, шаардык бөлүмдөрүнүн имараттары да жаңыланып жатат. Бирок анын каржы булактары белгисиз бойдон калууда.

Ташиевдер киндик каны тамган жердеги парктын кайсы каражатка салынганы тууралуу суроолорго комментарий бере элек.

Анын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов мындай деп жооп берди:

“Ташиевдер буга чейин деле кайрымдуулук кылып эле жүргөн. Өзүлөрүнүн бизнесинин акчасына. Аны жалпы Кыргызстан билет го. Мунун баары элге калат. Ошол эле паркка эл барат, балдарын ойнотот. Эми Ташиев өзүнүн короосуна куруп алган жок да”.

Кыргызстанда бийликте тургандардын айылына өзгөчө көңүл бурулган учурлар буга чейин да болуп келген. Мисалы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев туулуп-өскөн Чүйдүн Арашан айылына спорт комплекс курулуп, айылга алып барган жана ички жолдорго асфальт басылган. Анын Кой-Таш айылындагы үйүнө чейинки жол да жаңы жасалган эле.

Журналист Аскер Сакыбаева кыргызстандык саясатчылардын көбүндө "өз айылым" деген кыска түшүнүк күч алганын айтты.

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

“Колунда көп нерсеге таасир эте турган бийлиги, каржылык мүмкүнчүлүктөрү турган саясатчылардын өз айылына жол, парк жана мечит салмай адаты көп жылдардан бери келатат. Ушундай мамилебиз биздин бир бүтүн улут болуп тороло электигибизден кабар берет. Экинчиден, Камчыбек Ташиевдин башына иш түшсө, анын айылдаштары 10 жыл мурда боло жүргөндөй жол тосуп, бийликке шарт коюшу мүмкүн. Ушуну эске алуу менен жасалып жатабы деген ой да келет. Мындан тышкары дагы бир негизги маселе бар. Ташиев бийликке келгенден бери бир топ адамдарды кармап, эл арасында айтылып калган “кустурузацияны” жасап атпайбы. Биз азыр кайсы акчага, ким кускан каражатка курулду деп отурабыз”.

Барпы айыл өкмөтүндө 30миңге чукул эл жашайт. 19 айыл, 12 мектеп, алты бала бакча, үч үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана үч ФАП бар.

Камчыбек Ташиев жетектеген УКМК азыркы бийликтин коррупция менен күрөшүндөгү негизги курал болуп турат. Анын алкагында бир нече мурдагы жетекчилер, депутаттар кармалган. Алардын көбү акча төлөп абактан кутулган. Былтыр Камчыбек Ташиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында бийлик алмашкандан бери жемкордук менен күрөшүүдөн 7,5 млрд. сом казынага кайтарылганын билдирген эле.

2021-жылы “Азаттык” радиосу “Мурдагы вице-мэрди эркиндикке чыгарган асфальт” деп аталган иликтөө жарыялаган. Анда Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров жөнүндө сөз болгон. Аны 2020-жылы декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармап, коррупциялык схемага тиешеси бар экени айтылган.

Амантуровдун иши УКМКда тергелип жаткан учурда, ага таандык компания атайын кызматтын имаратынын тегерек-четине, кызматкерлери машинесин токтоткон жерге чейин алфальт төшөп берген. Кийин Мирлан Амантуровдун иши сотто кыскарып кеткен эле.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG