Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:19

Алайдагы петроглифтердин аянычтуу абалы


 Тургундардын айтуусунда бул жерде миңге чукул петроглифтер жана бир нече коргон бар.
Тургундардын айтуусунда бул жерде миңге чукул петроглифтер жана бир нече коргон бар.

Алайдагы тарыхый баалуу таштар, петроглифтер жаткан аймакта көмүр казуу иштери башталганы турат. Бул маалымат коомчулукта талкуу жаратты.

Көмүр казган компания алардын ишмердиги саймалуу таштарга эч кандай зыян келтирбегенин билдирүүдө.

Ош шаарында жашаган түркиялык мугалим, фотограф Зафер Динчер 14-сентябрда «Фейсбук» баракчасына Алай районуна караштуу Мурдаш айылынын жайлоосундагы саймалуу таштар көмүр кенине карай жол салуу максатында талкаланганын жазды.

Анын айтуусунда, Ак-Бай жайлоосунда тоо түбүндө жайгашкан Көк-Көлдүн айланасында петроглифтер бар. Эгер көмүр ташыган техникалар ишин токтотпосо, алар талкаланышы ыктымал.

«Биз кечээ Алайдын Мурдаш айылындагы ашуудан ашып, деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикке чейин көтөрүлдүк. Ал жерден бул таштарды көрүп калдык. Биз аларга күбө болуп аябай сүйүндүк. Ошол эле учурда капа да болдук. Анткени жол салууда кээ бир таштар жол астында калып, сыныптыр. Таштардан алыс эмес тоо түбүндө көл да бар. Ага да, дегеле экологияга терс таасири тиет», — деди Динчер.

Жолду «Ак-Жылга» жоопкерчилиги чектелген коому жаңы табылган көмүр кенине жетүү үчүн салган.
Жолду «Ак-Жылга» жоопкерчилиги чектелген коому жаңы табылган көмүр кенине жетүү үчүн салган.

Жолду «Ак-Жылга» жоопкерчилиги чектелген коому жаңы табылган көмүр кенине жетүү үчүн салган. Ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири Максатбек Ысмайылов «Азаттыкка» курган маегинде тиешелүү документтерди 2017-жылы эле алганын айтты:

«Биз салып жаткан жолдун жогору жагында жаткан саймалуу таштар жайлоонун бүт эле жагында бар. Мага чейинки көмүр казуучу ишканалардын айланасында дагы таштар бар болчу. Биз таштарга тийген жокпуз. Ал жерде биз эски жолдун үстүн тазалап гана жол салдык. Саймалуу таштарга эч кандай зыян келтирген жокпуз».

Ысмайылов алардын ишканага буга чейин бир да мекеме саймалуу таштардын бар экенин жөнүндө айтпаганын, Интернеттеги жазылган айыптарды жалаа катары кабыл алганын жана бул башка бир күчтөр тарабынан атайын уюштурулган чагым болушу мүмкүн деп түкшүмөлдөп жатканын кошумчалады.

Ал эми экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу районундагы жетекчиси Адилет Мокеев жол салган ишкана эми текшерилерин билдирди.

«Ишин баштай элек экен. Азыр сураштырдым. Жол салып, казып башташыптыр. Текшерүүгө жолдомо албыз (передписание), андан кийин текшеребиз. Анын үстүнө бизге арыз да түшпөй жатат. Прокуратура мага 7-сентябрда «тактап бергиле» деп жазыптыр. Ал боюнча кызматкерлерге тапшырма берип атам. Бул мезгилге чейин ал ишкананы текшерген эмеспиз. Себеби ишмердүүлүгүн жүргүзгөндөн кийин гана текшеребиз».

«Ак-Жылга» жоопкерчилиги чектелген коому чалгындоого 2011-жылы уруксат алган.
«Ак-Жылга» жоопкерчилиги чектелген коому чалгындоого 2011-жылы уруксат алган.

Ачык булактарда «Ак-Жылга» жоопкерчилиги чектелген коому 2011-жылы каттоого туруп, 2016-жылы иштеп баштаганы көрсөтүлгөн.

Миңге чукул петроглифтер

Айыл тургундары аймактагы саймалуу таштар тууралуу буга чейин да тиешелүү органдарга кайрылып, бирок жооп болбогонун айтышат. Мурдаш айылынын тургуну, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тарых бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Исламидин Нурдинов бул таштарды изилдеп жүргөн.

Ал чогулткан маалыматтарына таянып, ал жерде миңге чукул петроглифтер жана бир нече коргон бар экенин айтууда:

«Бул жер жөн жер эмес. Байыркы адамдардын сыйынуу жайы болгонун болжолдоп жатабыз. Анткени жогору тарапта көл бар. Анын айланасынын баары петроглиф. Мындан улам көл — байыркы адамдар үчүн ыйык деп эсептелинип, ушунун айланасында диний ырым-жырымдарын аткарып, курмандыктарын чалышкан деп божомолдосок болот».

Бул аймактагы тарыхий эстеликтер жөнүндө «Мурдаш башы эстеликтери» деп айтылып келген.
Бул аймактагы тарыхий эстеликтер жөнүндө «Мурдаш башы эстеликтери» деп айтылып келген.

Нурдиновдун айтуусунда аймактагы тарыхий эстеликтер буга чейин «Мурдаш башы эстеликтери» деген аталыш менен айтылып келген.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомдук тармактардагы талкуудан кийин бир нече мекемелерге окуяны териштирүү үчүн кат жолдогон.

«Кандай гана аймак болбосун ал жерде маданий мурастар объектилери болсо, жер ландшафттын бузуу, курулуш иштерин жүргүзүү үчүн алгач изилдөө иштерин жүргүзүп, андан кийин гана иш башташ керек болчу. Буга байланыштуу Маданият министрлигине эч кандай билдирүү келип түшпөгөнүнө байланыштуу тез арада курулуш иштерин токтотуу тууралуу жана бул иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан мекемелерге атайын чара көрүү тууралуу расмий түрдө кат кетти», — деди мекеменин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева.

Алай району Улуу жибек жолунун алкагында жайгашкан. Бул аймакта табылган эстеликтерди, петроглифтерди тарыхчылар таш доорунан сактардын мезгилине чейинки убакытка таандык деп айтып келишет.

Кыргызстанда ташка чегилген жазуулар Чолпон-Атанын Сары-Ой айылында, Жалал-Абад облусунун Казарман айылында, Алай районунун Үч-Дөбө айылында жана Ош шаарынын Сулайман тоосунда көп кездешет.

XS
SM
MD
LG