Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

"Талибандын" күчтөрү Тажикстан менен Өзбекстанды көздөй жылдыбы?


Ооганстандагы "Талибандын" курамындагы тажик согушкерлери
Ооганстандагы "Талибандын" курамындагы тажик согушкерлери

“Талибан” Ооганстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймагына 10 миң аскер жөнөтүлгөнүн жарыялады.

Айрым аскерий эксперттер түндүк провинцияларга куралдуу топторду жөнөтүү талибдердин ички келишпестигинен улам болушу мүмкүн деп эсептешет.

"Талибандын" колбашчысы кимди коркутту?

"Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) Коргоо министрлигинин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын колбашчысы Кари Фасихуддин Фитрат жакында "Твиттер" баракчасына Ооганстандын түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарына кошумча аскер күчтөрү жөнөтүлө турганын жазып чыкты.

Ал заманбап үлгүдөгү аскер техникасы менен жабдылган “Талибандын” күчтөрү ар кандай куралдуу аракеттердин мизин кайтарууга каршы чара көрө турганын белгиледи:

"Заманбап үлгүдөгү НАТО менен АКШнын аскер техникасынын системасы менен куралданган 10 миң кишиден турган кубаттуу армия өлкөнүн түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарына жайгашып, ар кандай куралдуу аракеттерге каршы чара көрөт. Ошондой эле жакын арада аскердик учактар даяр болот жана бул кубаттуу күчтү абадан колдоп турат", - деп жазганы кабарланды талибдердин колбашчысы Кари Фитрат өзүнүн "Твиттер" баракчасына.

Бирок "Талибан" өкмөтүнүн маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары Билал Карими Кари Фасихуддин Фитраттын социалдык тармактарда активдүү эмес экенин айтып, ал аккаунт жасалма болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясы Өзбекстан, түндүк-чыгыштагы Кундуз, Тахор жана Бадахшан аймагы Тажикстан менен чектешет.

Азырынча Тажикстан менен Өзбекстандын бийлиги “Талибандын” кол башчысынын аталган билдирүүсүнө расмий жооп кайтара элек.

"Талибан" түндүк коңшуларына кандай коркунуч туудурат?

Тажикстандык айрым аскердик эксперттер жоочулардын атайын топторун чек арага жөнөтүү чечими Ооганстандын түндүгүндөгү талибдерге каршы уюшуп жаткан күчтөрдүн жандануусуна байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептешет.

Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын колбашчысынын мурдагы орун басары Акбар Каюмов 14-февралда “Озоди” радиосуна талибдер муну менен тажик тектүү Ахмад Масуд жетектеген Ооган улуттук каршылык көрсөтүү фронтуна курал-жарак жана башка жардамдарды өткөрбөй, бөгөт коюш үчүн ушундай аракет жасашы мүмкүн экенин билдирди.

Акбар Каюмов “Талибан” андан башка кандай коркунуч жаратышы мүмкүн экенин айтты:

“Талибдер өздөрү мамлекеттик чек араны кесип өтүп, түздөн-түз Борбор Азия өлкөлөрүнө кол салууну пландаштырбайт. Бирок алар идеялык жактан өздөрүнө жакын санаалаш согушкерлерди – "Ансоруллах" тобунун, мурдагы Өзбекстан Ислам кыймылынын жана Түркстан Ислам кыймылынын мүчөлөрүнө чек арадан өтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берип коюшу мүмкүн”, - деди Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысынын мурдагы орун басары.

Ооганстандагы талиб согушкерлери.
Ооганстандагы талиб согушкерлери.

Уурдалган учактарды кайтаруу аракети

Ооганстандын “Талибан” бийлигинин өлкө түндүгүнө кошумча күчтөрдү жөнөтүшү талибдердин ич ара келишпестиги менен байланыштуу болушу мүкүн дегендер да жок эмес.

Анткени пуштун тектүү талибдер менен жергиликтүүлөрдүн карама-каршылыгы тууралуу маалыматтар да чыккан. Былтыр күздө “Талибан” Тажикстан менен чектеш аймагына 130 согушкер жибергени айтылган. Анын негизги курамын Тажикстанда тыюу салынган "Ансоруллах" радикал тобунун тажик тектүү өкүлдөрү түзөрү кабарланган.

Мындан башка ооган-тажик чек ара тилкелерин көзөмөлдөөгө "Лашкар-и-Мансури" атайын даярдыктагы жанкечтилер тобу жиберилгени маалымдалган.

Мындан сырткары “Талибандын” кубаттуу аскер күчтөрүн өлкө түндүгүнө жайгаштырганы тууралуу бейрасмий маалымат чыгарганы анын кошуналары менен талаштуу маселелерге байланыштуу болушу мүмкүн экени да айтылууда.

Анткени Ооганстандагы бийликтин башында турган "Талибан" кыймылы былтыр 15-августта Кабулдагы расмий өкмөт кулаганда Өзбекстанга жана Тажикстанга чыгарылып кеткен аскердик учактар менен тик учактарды кайтарып берүүнү талап кылган.

Талиб өкмөтүнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Мавлави Мухаммад Якуб быйыл 11-январда "биз эч качан аскердин чет жактарда колдонулушуна жол бербейбиз" деп айткан. Ал ошондой эле "эгерде аталган аскердик учактар менен тик учактар кайра кайтарылбаса, анын кесепеттери оор болорун" эскерткен. Расмий Дүйшөмбү менен Ташкент буга карата эч кандай жооп кайтара элек болчу.

Айрым басылмалар Тажикстан менен Өзбекстан АКШга кайрылып, тик учактарды өздөрүндө калтырууну суранышканын жазган. АКШнын Коргоо министрлиги Тажикстан менен Өзбекстанга чыгарылып кеткен мурдагы ооган армиясынын аскердик учактары жана тик учактары "Талибанга" кайра кайтарылбашы керектигин билдирген.

Былтыр августта ондогон ооган учкучтары жана аскерлери аскердик учактар менен тик учактарды айдап, кошуна турган Тажикстан менен Өзбекстанга кире качкан. Аскердик учактарды Ооганстанга АКШ берген болчу.

Мындан сырткары буга чейин Ооганстандын түндүгүндөгү талибдерге каршы күчтөрдү колдоого байланыштуу Кабул менен Дүйшөмбүнүн мамилеси бузулган.

Тажик бийлиги талибдерди этникалык топторго кысым жүргүзүүгө күнөөлөсө, "Талибан" аны ички ишине кийлигишип жатканы үчүн айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG