Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Фролов талаштуу концепциясын коргоду


"Азаттыктын" коллажы. Ортодо Владимир Фролов, оң жакта депутаттар Саматбек Ибраев жана Бактыбек Турусбеков, сол жакта Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана азыркы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев.
"Азаттыктын" коллажы. Ортодо Владимир Фролов, оң жакта депутаттар Саматбек Ибраев жана Бактыбек Турусбеков, сол жакта Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана азыркы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев.

Улуттук банк боюнча мыйзам долбоорунда аты чыккан орус банкири Владимир Фролов кыргызстандыктарды экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы - чыныгы реформалардан коркпоого чакырып, өзү кошо жазышкан "Бай жана бактылуу Кыргызстан" концепциясына таянууну сунуш кылды.

Айрым саясатчылар Фроловду Кыргызстандын экономикасын эңшерип, сызга отургузууну каалаган эл аралык алдамчылардын катарына кошуп келет.

Кантип бай жана бактылуу болобуз?

Кыргызстандын экономикасын модернизациялоого багытталган "Бай жана бактылуу Кыргызстан" деп аталган концепциянын авторлорунун бири, орусиялык банкир Владимир Фролов 8-октябрда журналисттерге маалымат жыйын курду.

Ал социалдык тармактарда, Орусиянын жана Кыргызстандын айрым маалымат каражаттарында, Жогорку Кеңеште өз дарегине айтылып жактан сынды четке кагып, өлкөнү өнүктүрө турган адамдар "кара пиардан" алыс болууга тийиш деп эскертти.

Ал аналитикалык макалаларды окуп, Кыргызстандын экономикасы оор абалда экенин түшүнгөндөн кийин өнүгүү концепциясын жазууга киришкенин айтып, андагы айрым жаңылыктары менен бөлүштү.

Владимир Фролов онлайн маалымат жыйынында. 8-октябрь, 2021-жыл.
Владимир Фролов онлайн маалымат жыйынында. 8-октябрь, 2021-жыл.

"Мисалы, сиздердин пенсиялык фонд ашып кетсе беш жыл туруштук берет, анан кыйрап калат. Анткени силердин эл пенсиялык фондго төлөөгө кызыкдар эмес, себеби жеке пенсиялык фондуңар өтө чакан, болгондо да улуттук валюта - сом менен чогултулуп, кармалып турат. Сом девальвация болот, жаран пенсияга чыкканда өзүнүн фондундагы акча өтө аз өлчөмдө болуп калат. Мен пенсиялык фонд тууралуу бир катар жергиликтүү эксперттер менен сүйлөшүп, аягында алар менен бир пикирге келдим. Алар дагы пенсиялык фонддогу акча кунун жоготпошу үчүн, анын бир бөлүгүн алтын менен сактоону туура көрүштү. Азыр сиздердин колуңуздарда пенсиялык фонд тууралуу жаңы мыйзам долбоору турат".

Фролов концепциянын артыкчылыктарын санап, аны кабыл алса "Кыргызстан Сингапурдай гүлдөгөн өлкөгө айланат" деп, финансылык хаб болуу мүмкүнчүлүгү бардыгына токтолду.

Сөз арасында Кумтөргө сырттан башкаруунун киргизилишин - президент Садыр Жапаровдун быйылкы чоң жетишкендиги катары баалап кетти.

Эске сала кетсек, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жана "Банктар жөнүндө" мыйзамдар парламентте четке кагылгандан кийин Фролов жергиликтүү сайттардын бирине маек курган. Анда ал "Кыргызстанга эми барбай турганын, көңүлү катуу калганын" айткан болчу. Бирок бул жыйында болбой эле ошол мыйзамга токтолуп, аны 6-чакырылыштын депутаттары кабыл алууга тийиш экенин белгиледи.

"Азыркы, ушул чакырылыш кабыл алышы керек. Антпесе, кийинки жылга калып кетет. Бул жыл ансыз деле экономикалык реформаларсыз өтүп кетти. Финансы, салык жана пенсия тармагында да реформа жасап, тезирээк аракет кылышыңар зарыл", - деди Фролов.

Шек туудурган жагдайлар

Буга чейин орусиялык банкир депутат Саматбек Ибраев сунуштаган мыйзам долбоорун коргоо боюнча жыйындарга катышып келген. Акыркы жолу 24-сентябрда парламенттин имаратында өткөн коомдук угууга ал видео аркылуу онлайн катышып, өз оюн айткан.

5-октябрда Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитети Саматбек Ибраев сунуштаган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жана "Банктар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду четке каккан.

Мыйзам долбооруна ага чейин Улуттук банк менен Экономика жана финансы министрлиги каршы пикирин билдирген болчу.

Ошол жыйында айрым депутаттар финансы, салык, пенсиялык фонд жана бюджет тууралуу мыйзам долбоорлорунун артында Фролов турганын белгилешип, УКМКны депутат Ибраев менен орусиялык банкирдин ортосундагы байланышты тыкыр текшерүүгө чакырган.

Эл өкүлү Мурадыл Мадеминов Кыргызстандын банк, каржы тармагы кыйрап баштаса, депутат Ибраев күнөөлүү болорун белгилеген.

“Биздин депутат Саматбек Ибраев эки-үч айдан бери Улуттук банктын төрагасы Абдыгуловдун тегерегинде аябай терс пиар-кампания жүргүздү. Айтпай койсом, болбойт. Ибраевдин жанында Орусиядан келген бир аферист, Фролов деген киши келип, үйүндө жашап жүрдү. Ал кишиге кандай маалымат бергени белгисиз. Фролов деген ким? Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети текшерсин, Орусияга суроо-талап жиберип, ал кандай максат менен Кыргызстанга келип, Самат Ибраевдин үйүндө жашап жүргөнүн аныктасын. Кыргызстан акыркы убакта абдан кыйын кырдаалда жашап жатат, бир гана Улуттук банк өзүнүн функционалдык милдеттерин толук аткарып, финансы тармагын туруктуу алып чыгып кетти. Эгер Кыргызстандын банк, каржы тармагы кыйрап баштаса депутат Ибраев күнөөлүү болот".

Мадеминовдун айткандарын депутат Саматбек Ибраев четке кагып, Фроловдун артында Беларустун жана башка он чакты өлкөлөрдүн IT адистери турганын айткан.

“Ошол инвесторлордун бардыгы “мындай боло берсе Кыргызстанга бир да инвестор келбейт” деп айтып жатышат. Мени, Фроловду “аферист” деген каралоо болуп жатат, мени да айыптап жатышат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги муну ачык териштирип, биздин талашыбызга чекит коюп берсин".

Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев жана орусиялык банкир Владимир Фролов.
Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев жана орусиялык банкир Владимир Фролов.

Саматбек Ибраев андан кийин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө Фроловду президент Садыр Жапаров өзү кабыл алганын, “Бай жана бактылуу Кыргызстан” деген концепция мамлекет башчынын тапшырмасы менен жазылганын айткан.

"Мен бул киши жөнүндө президентке маалыматтарды бергенден кийин Садыр Нургожоевич тапшырма берип, “Бай жана бактылуу Кыргызстан” деген концепция жазганбыз. Анда үч багытты терең реформалоо каралган. Ошонун негизинде эки нерсе жасалды, Социалдык камсыздоо боюнча мыйзам, Салык кодексин жаңылоо ишке ашканы турат. Каралоолорго карабай Садыр Нургожоевич бул экспертти кабыл алып, анын сунуштарын өзүнүн эксперти менен текшертип, ал туура экенине ынанып туруп, бизге колдоо көрсөтүп жатат”, - деген Ибраев.

Мындан кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев айрым депутаттарды мамлекет башчынын атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырган. Бирок Садыр Жапаровдун Фроловду кабыл алганы же албаганы боюнча маалымат берген эмес.

5-октябрда Улуттук банк тууралуу мыйзамга Финтех аттуу түшүнүктү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбооруна каршы чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Азаттыкка" мыйзам долбоорунда да, “Бай жана бактылуу Кыргызстан” деген концепциясында да суроо жараткан жагдайлар бар экенине токтолгон.

"Мен мыйзам долбоорун окуп чыктым да. Ушунчалык сонун, инновациялык мыйзам долбоору болсо кантип колдобой коймок элек? Мен колдоп берет болчумун. Алдын ала берилген маалымат катта кооз сөздөр жазылган, бирок мыйзамда андай нерсе жок. Ал эми тиги концепция интернеттеги реферат сыяктуу эле жазылган. Андай сөздөр менен кооздоп, мен деле жаза алам".

Талаштуу Финтехтин тагдыры

Владимир Фролов боюнча Кыргызстандын финансы жана экономика чөйрөсүндөгү эксперттердин пикирлери бир кылка эмес.

Мисалы, экономист Азамат Аттокуров Кыргызстанды финансылык хаб кылуу демилгесине каршы.

Ал Кыргызстан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда дүйнөлүк финансы чөйрөсүндө жаманатты болуп, "арам акчаны адалдаштырган машина" деген атка конгонун эске салды.

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

"Жеке учак менен Бакиевдин бийлиги учурундагы Ширшов же Белоконь сыяктуу алдамчылар келип жатканын угуп атабыз. Булар Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кетирип, Финтех деген түшүнүктү киргизип, финансылык хаб кылабыз деп жатышкан чакта Ширшов менен Белоконь сыяктуу алдамчылардын келгени кооптондурат. Мындан тышкары тиги концепциядагы кооз сөздөрдү ким ишке ашырат? Ширшов менен Белоконбу? Алар турган учурда Азия универсал банкынын аброю кандай эле? Бүт дүйнөдөгү финансы институттары ал банкты "кара тизмеге" киргизип, арам акча адалдаган "кир жуугуч банк" деп атап алышканы белгилүү. Эми ошол схемалардын кайталанышы бизге абдан чоң залакасын тийгизет".

Депутат Ибраев сунуштап, сынга кабылган мыйзам долбоору Кыргызстанда Финансылык технологиялар, же кыскартып айтканда Финтех аттуу түшүнүктү киргизүүнү карайт. Бул системалар мыйзамдаштырылса, фирмалар же жеке адамдар кайсы бир тиркемелер аркылуу банктын катышуусуз акча жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк алат. Жарандарга эсеп ачып, аны тейлейт, насыя бере алат. Финтехтер кадимки банктар сыяктуу кеңсе ачууга, кампа курууга милдеттүү эмес болот.

Улуттук банктын жаңы дайындалган төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев парламентте Финтех боюнча мыйзам долбооруна пикирин толук изилдеп чыккандан кийин айтарын билдирген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG