Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:07

Талас: иш козголгон жетекчилер, токтогон курулуш


Талас шаары
Талас шаары

Өткөн жылы жемкорлукка шек саналып кармалган Таластын мурдагы жетекчилеринин кылмыш иши кыскарганы белгилүү болду.

Айрым маалыматтарда, кармалган шектүүлөр мамлекетке келтирилген чыгымды төгүп бергени айтылууда. Бирок аткаминерлер муну четке кагууда. Чиновниктердин кармалышына себеп болгон Талас шаарындагы тигүү ишканасын куруу иштери учурда токтоп турат.

2023-жылы камоолор менен коштолгон Талас облусунда президенттин облустагы мурдагы өкүлү, Талас шаарынын мэри баш болгон жоон топ аткаминерлер кармалып, кийин баары үй камагына чыккан. Ушу тапта алардын иши тергөөдөн кыскарганы белгилүү болду.

Талас облусун 2021-жылдан 2023-жылга чейин башкарган Бакытбек Нарбековду кызматтан алынгандан көп өтпөй эле былтыр май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коррупцияга айыптап кармаган.

Ага Талас шаарында тигүү цехин курууга байланыштуу 7 миллион сомдук зыян келтирген деген айып тагылган.

Бакытбек Нарбеков иши тергөөдөн кыскартылганын "Азаттыкка" өзү ырастады.

Бакытбек Нарбеков
Бакытбек Нарбеков

"Ооба, ал иш тергөөдөн кыскарган. Калганын атайын кызматтан сурасаңар", - деп кыска гана жооп берди ал.

Ошондой эле бул ишке тиешеси бар деп Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов да кармалган. Ал дагы кылмыш иши тергөөдөн кыскартылганын ырастады:

Аскар Шабданов
Аскар Шабданов

"Иш кыскарды. Күнөөм далилденгенин же далилденбегенин билбейт экем, мага тергөөчү иш кыскарды деп айтты. Жеке мен акча төлөгөн жокмун. Ал жакта башка фигуранттар бар да. Алар үчүн жооп бере албайм. Азыр күнөөбүз жок үчүн жүрөбүз, эгер болсо башкача болот эле".

2022-жылы Талас шаардык мэриясы миң орундуу тигүү цехин куруп, "Кул Брос" тигүү ишканасына ижарага берери, аны облустук өнүктүрүү фонду каржылай турганы айтылган. Ошол эле жылы октябрь айында курулуш иштери башталып, көп узабай ишке тиешеси бар жетекчилер кармалган. Атайын кызматтын маалыматында айтылгандай, алар Талас шаарында тигүү фабрикасын курууда “Ника KG” компаниясы менен атайылап пайдасыз келишим түзүп, анын эсебине 25 млн сомду мыйзамсыз которгон деп шек санап, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козголгон.

Ушу тапта кармалгандардын иши эмне болуп бүткөнү белгисиз. Айрым маалыматтарда, кылмышка шектүүлөр келтирилген чыгымдын ордун толтурган. Бирок Атайын кызмат расмий маалымат бере элек.

Анткен менен тигүү фабрикасынын курулуш иштери ушу тапта токтоп турат. Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бакыт Сарталиевдин билдиришинче, курулуш иштери жакынкы күндөрү жанданат:

"Ал жерге эксперттер келип корутундусун берген. Анын баары оңдолду. Эми жаңы корутунду келмейинче иш башталбай турат. Бирок курууга уруксат берилген. Эми корутунду келсе эле иш башталат. Мурунку эле "Ника кж" ишканасы кура турган болду. Ошолор менен сүйлөшүп жатабыз".

Талас шаарындагы миң орунга эсептелген тигүү цехи курула турган жер
Талас шаарындагы миң орунга эсептелген тигүү цехи курула турган жер
Талас шаарындагы миң орунга эсептелген тигүү цехи курула турган жер
Талас шаарындагы миң орунга эсептелген тигүү цехи курула турган жер

Таласта чоң кызматтагы адамдардын жемкорлукка шек саналып кармалышы өткөн жылдагы жалгыз учур эмес.

Январь айында шаар мэринин биринчи орун басары, шаардык кеңештин төрагасы орун басары менен жана муниципиалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема түзгөн деген шек менен кармалган. Кийин баары үй камагына чыкканы жана келтирилген чыгымды мамлекетке кайтарып бергени айтылган.

Кийинчерээк кылмыш иши кыскарганы белгилүү болгон. Ошол учурда кармалган айрым чиновниктер кайрадан кызматына кайтып, иштерин улантууда.

Ошондой эле өткөн жылы Таластагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Садык Бекназаров жана аны менен кошо "Календер-Курулуш" ишканасынын жетекчиси да кармалган. Атайын кызмат аларды жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга бюджеттен бөлүнгөн акчаны "кымырып алган" деген шек менен кармалганын билдирген. Тагыраагы, Бекмолдо айылынын жолдорун оңдоого 1,5 млн сом сарпталып, бирок документтерде 5 млн сомдон ашык кеткен деп көрсөтүлгөн.

Талас: Бекмолдонун багы ачылбаган жолдору
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:14 0:00

Талас облустук соту айыл өкмөт башчы Садык Бекназаровду Кылмыш-Жаза кодексинин 273-беренеси ("Сапаты начар курулуш") менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган. Аны менен кошо кармалган техникалык көзөмөлчүгө 100 миң сом айып салынса, "Календер-Курулуш" ишканасынын жетекчиси мамлекеттин пайдасына 3 млн 519 миң 508 сом төгүп берген.

Жергиликтүү активист Бектур Медетов кармалган аткаминерлердин иши эмне болуп бүткөнүн калың эл билбей турганын айтууда. Ал кармалган чиновниктердин ишинин жыйынтыгын ачык айтып туруу керек деп эсептейт:

Бектур Медетов
Бектур Медетов

"Мамлекет - бул жеке компания эмес да. Ачыктык болушу керек. Мыйзамга такап, бул мыйзамдын негизинде күнөөлүү деп табылып, мынча айып салынды же бул мыйзамдын негизинде кутулду деп маалымат берип турушу керек. Ошондо эл дагы мыйзамдуу болуп жатыптыр деп эсептейт. Болбосо баары чоң суроо бойдон калып жатат".

Таласта 2021-жылы Жерүй алтын кени ачылгандан бери облустук, райондук өнүктүрүү фонддоруна ири суммадагы каражаттар түшүүдө. Ал каражаттардын көпчүлүгү социалдык маселелерге, аймактагы ирригация, инфраструктура көйгөйлөрүнө жумшалууда.

Жерүй кенин иштетип жаткан "Альянс Алтын" компаниясынын маалыматына ылайык, кен иштей баштагандан бери Талас облустук өнүктүрүү фондуна эле 508,6 млн сом, Талас райондук өнүктүрүү фондуна 305,1 млн сом, ал эми Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондуна 203,4 млн сом которулган. Мындан улам кенден түшкөн акча "пайдасыз жумшалып жатат" деген сындар айтылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG