Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Сириядан качкан "жоочунун" арманы


Бобожон Карабаев, 11-март, 2016-жыл. Тажикстан.
Бобожон Карабаев, 11-март, 2016-жыл. Тажикстан.

“Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун тузагына илинген 30 жаштагы тажик жараны согушкерлер арасында сегиз ай машыгып, катасын түшүнгөндөн кийин мекенине качып келди.

Бобожон Карабоев - Вахдат шаарынын тургуну. Жоочулардын жашоосун көрүп кайткан жигит согуш талаасындагы азап-тозоктору тууралуу “Азаттык” радиосуна маек курду.

Ал 2015-жылдын апрель айында Орусияда иштеп жүргөн кезде “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмундагы Абдурахмон аттуу жоочунун тузагына илинип, топко кирип калганын айтат:

- Подмосковьеде жүрүп, бир тажик менен тааныштым. Беш күн чогуу иштедик. Ал мага орус жеринде эмгектенип акча табуу арам экенин түшүндүрдү. Он беш күндүк үгүттөөдөн кийин мен өзүмдү гипноздолгондой сезе баштадым. Жакындарыма Германияга барам деп, ал жактан атуулдук алуу ниетим бар экенин айттым. Алдын ала макулдашуу боюнча, мени Түркиядан бир адам тосуп алды. Аэропорттон мени Газентепке алып кетишти. Ал жердеги тажик жана өзбек жаштарына кошулуп Сирияга өттүк. Чек арада биздин телефонубузга чалып, эки жолу “Сулайман” деп кайталашты. Көрсө, “Сулайман” дегени жоочулардын сыр сөзү экен. Бизди чек ара аймагында эч ким текшерген да, токтоткон да жок.

Бобожон адашканын кеч түшүнгөнүн айтууда.
Бобожон адашканын кеч түшүнгөнүн айтууда.

Террорчулардын тузагы чаласабат жаштарга багытталганын белгилеген Бобожон мурда Душанбе шаарындагы Аскердик коллеждин студенти болгон. Бирок 2009-жылы сабакты көп калтырганы үчүн окуу жайдан чыгарылган. Шаарда такси айдап, акча таап жүрүп, Орусияга кеткен. Андан ары Сирияга багыт алган.

Бобожон сыяктуу жүздөгөн башталгыч “жихадчылар” Сириядагы кыйраган мектеп имаратына жайгашып, шарият жана аскерий даярдык боюнча алгачкы машыгууларды башташкан:

- Бир күнү менин көз алдымда Тунистен келген бир жигитти өлтүрүштү. Аны “тыңчылык кылгансың” деп күнөөлөштү. Баарыбызды каратып туруп аны мууздашты жана “эгер ким “Ислам мамлекети” тобуна каршы чыкса, ушундай абалга туш болот” деп эскертишти.

Бул окуядан кийин көзү ачыла түшкөн Бобожон эч кимге ишенбей калганын, айланадагылар менен этият мамиле куруп жүргөнүн белгилейт. Анын айтымында, жоочулардын баары бири-биринен күмөн санап, сырдашып сүйлөшпөйт деле.

Бобожондун ырасташынча, Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарына башка өлкөлөрдөн барып кошулгандардын көбү дароо эле ката кетиришкенин сезишет. Бирок аны ачык айта алышпайт. Мыкаачы, канкор болууга мажбур. Антпесе, аларды да өлүм күтүп турат.

- Бир күнү чачым өсүп, өзүмдү жүдөгөндөй сезип, чачтарачка кирдим. Чачымды жана сакал-мурутумду кыскарттым. Кайра лагерге келсем, мага “чоңдордун” жини келди жана мени “каапыр” деп жарыялашты. Алар мага чач-сакалга тийбеш керектигин эскертишип, он жолу балак урушту. Андан кийин эки күн камап коюшту, - дейт Бобожон.

Оор жагдайда калган Бобожон эптеп согушкерлердин колунан качып кетүүнүн айласын издей баштаган. Жоочулардын катарында жүрүп, Ракка, Табка, Халаб жана Палмира аймактарындагы согуштук аракеттерге катышкан. Тарыхый имараттардын кыйрашын өз көзү менен көргөн:

- Согушкерлер көбүнчө учактарды бутага алат. Кайсыл мамлекеттин учагы экени мааниге ээ эмес. “Ислам мамлекети” тобунда курал көп. Жер астында жашырынуу үчүн атайын жертөлөлөрдү казып коюшкан. Андай жерлер бетондолгон жана аябай бекем. Баса, согушкерлерди топ-тобу менен амирлер башкарат. Алардын аскерлери уруш майданында канчалык көп өлсө, ошончо сүйүнүшөт. “Менин жоочуларымдын арасынан 50 киши шахид болду”, “менден 70 адам шахид кетти” деп бири-бирине сыймыктануу менен айтып беришет. Ал тургай өздөрүнүн кол астындагылар арасында шахиддер көп болсун деп, согушкерлердин артынан гранатомёт менен аткылап да турушат.

Бобожон азыр Душанбе шаарында курулуш тармагында иштеп жатат.
Бобожон азыр Душанбе шаарында курулуш тармагында иштеп жатат.

Бобожон Карабоев сегиз айлык согушкерлик жашоодон качуунун амалын издеп жүргөн кезде Түркиянын чек арасынан жаңы “жихадчыларды” тосуп алуу милдетин алат. Учурдан пайдаланып Түркияга качып өтөт жана полицияга өзү келет. Ал Тажикстанга келип камалууга даяр болчу. Террорчулардын катарындагы бир күндүк жашоого караганда, жылдап темир тор артында отурууну туура деп тапкан.

Ошентип, мекенине кайткан Бобожон террорчуларга кошулганы үчүн эркинен ажыратылат. Марттын башында мунапыс менен эркиндикке чыгып, азыр Душанбеде курулуш тармагында эмгектенүүдө. Ал үйлөнүүнү каалайт, бирок жашоосундагы "кара тактын" айынан улам ага азырынча эч ким кызын берүүгө макул эмес.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун курамына адашып кирип калганы жашоосуна көп жылдар бою таасир тийгизерин да билет...

Экстремисттердин жоругу ислам динин чыныгы эрежелерине такыр шайкеш келбестигин эми түшүнгөн Бобожондун жашоодон үмүтү өчө элек.

XS
SM
MD
LG