Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Тажикстанда коронавирустун масштабы бүдөмүк


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдан бери өлкөдө коронавирус жугузуп алган төрт гана бейтап катталганын, ал эми ооруканаларда абалы оор бейтаптар калбай калганын билдирди.

Баш калаа Дүйшөмбүдө мамлекеттик мекемелерге, коомдук транспортко жана дүкөндөргө беткапсыз кирүүгө тыюу салынган. Бирок шаар тургундарынын басымдуу көпчүлүгү тышта беткапсыз жүргөнү байкалат. Алардын айрымдары муну өлкөдө коронавирус илдети бүткөнү менен түшүндүрүштү:

«Чек аралар жабык. Бизге эч ким келбейт, ошондуктан оору кетти».

«Биздин эл бардык коопсуздук чараларын сактады. Азыр жагдай жакшы».

«Көп жерде коопсуздук кызматкерлери отурушат. Алар элдин беткабын деле текшеришпейт. Бирок эскертүүлөр бардык жерде жазылып турат».

Анткен менен тажик Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын мындай мамилесин колдобойт. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Навруз Жафаров расмий түрдө коронавирус менен ооруган бейтаптар катталбаганы менен вирус жок болду деп айтуу али эрте экенин эскертти:

«Кечээ биз төрт жарандан коронавирусту аныктадык. Алардын экөө Тажикстанга чет өлкөдөн келишкен. Дагы экөө мурун амбулатордук көзөмөлгө алынган экен».

Коңшу өлкөнүн бийлиги коронавирусту 2021-жылдын ортосуна чейин толугу менен жеңүүгө болот деген оптимисттик маанайда. Анткени ошол учурда калкты жапырт эмдөө башталууга тийиш. Бүгүнкү күндө Тажикстан коронавирус вакцинасын сатып алууга шашылган жок. Министрликтин өкүлү Жафаров вакциналарды сыноонун бардык этаптарынын аякташын күтүп, расмий Дүйшөмбү «эң жакшысын тандап аларын» баса белгиледи:

«Тажикстан Вакцина өндүрүү боюнча эл аралык кызматташтык программасы COVAXке киргенге чейин Кытайдан коронавирус вакцинасынын клиникалык сыноолорунун экинчи жана үчүнчү баскычтарына катышууга сунуш келген. Бирок биз этика жана коопсуздук себептеринен улам баш тартканбыз».

Бийликтин мындай кубанычтуу билдирүүсүнө тажикстандык блогер Рустам Гулов көп ишенбейт. Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрү Тажикстанга келгенге чейин аткаминерлер коронавирустун бар экендигин жашырып келишкенин, чыныгы статистика кыйла көп экенин билдирди:

«Медиа каражаттары министрлик жана ДССУ берген маалыматтарды таратат. Ал эми ДССУ министрликтин маалыматтарын жарыялайт. Бул маалыматтар ар кандай булактардын ортосунда алмашып, акыр аягы негизги булак Саламаттык сактоо министрлиги болуп калат. Андыктан алар бир нерсе айткандан кийин аны тастыкташ өтө кыйын болуп калат».

Ал арада Өзбекстан Тажикстандын түштүгүндө коронавирустан дарылаган оорукана курарын кабарлады. Жаңы оорукана Хатлон облусуна караштуу Кубодиён районундагы медициналык борбордун базасында курулат. Жергиликтүү басылмалар оорукананын курулушун «Узбекнефтегаз» компаниясы каржылай турганын жазышты.

Ал жерге коюлчу жабдуулар кыска мөөнөттө коронавирус инфекциясын аныктап, бейтаптар ыкчам түрдө аймактык же борбордук ооруканаларга жөнөтүлөт.

Расмий маалыматтар боюнча, сегиз миллион калкы бар Тажикстанда коронавирус инфекциясы 13 миң адамга жуккан. Анын 90у көз жумган. Бирок соцтармактардан топтолгон расмий эмес маалыматтар 2020-жылдын май айынан сентябрь айына чейин кеминде 450 тажикстандык коронавирустан каза болгонун көрсөтөт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG