Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Сирия: ракеталык соккудан кийинки жүрүштөр


Сирияга жасалган ракеталык соккудан кийин Ак үйдүн жанына чогулган демонстранттар. Вашингтон, 14-апрель, 2018-жыл.
Сирияга жасалган ракеталык соккудан кийин Ак үйдүн жанына чогулган демонстранттар. Вашингтон, 14-апрель, 2018-жыл.

Сирияга өткөн ишембиде ракеталар менен сокку урулгандан кийин АКШ эми бул өлкөдөгү аскерлерин мурда жарыялангандай алып кетеби же калтырабы деген маселе күн тартибине чыгууда. Химиялык куралдан улам өткөн ишемби күнү абадан урулган соккуларды НАТО, Түркия, Жапония, Израил колдосо, БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын бул аракетти айыптаган резолюция долбоору четке кагылды.

Сириянын химиялык курал программасына “конкреттүү байланышы бар жайларына” президент Дональд Трамп айтмакчы абадан “мыкты урулган” соккулардан кийин деле Ак үй АКШнын бул өлкөдөгү миссиясы “өзгөрбөгөнүн” билдирүүдө.

Бул АКШнын Сирияда, Евфрат дарыясынын чыгыш аймактарында жайгашкан эки миңдей аскери ал жерден “мүмкүн болушунча тез чыгып кетет” деген кеп.

Буга байланыштуу Ак үйдүн расмий өкүлү Сара Сандерс 15-апрелде билдирүү жасады. Анын айтымында, президент Дональд Трамп “АКШнын күчтөрүн мүмкүн болушунча тез кайтарып келүүнү көздөй тургандыгын ачык айткан”.

Сара Сандерс.
Сара Сандерс.

- Биз “Ислам мамлекети” тобун толугу менен талкалап, ал кайтып келбегидей шарт түзүүгө белсенип турабыз. Анын үстүнө биз аймактагы өнөктөштөрүбүз аймактын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн аскер жагынан да, каражат жагынан да көбүрөөк жоопкерчилик алат деп күтөбүз, - деди Сандерс.

Анткен менен ракеталык соккулар АКШ Сириядагы жаңжалга мурдагыдан тереңирээк тартылганын көрсөткөн белги катары бааланууда.

Ушул дем алыш күндөрү Сирияга урулган соккуга каршы Лос-Анжелесте жүздөгөн, Вашингтон, Чикаго, Нью-Йоркто ондогон адамдар катышкан нааразылык акциялары өттү.

Ал арада АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Си-Би-Эс телеканалы менен болгон маегинде Вашингтон Сириядан кеминде үч максаты орундалганда гана кетерин билдирди.

Никки Хейли.
Никки Хейли.

- Биринчиден, президент (Трамп) биз кайсы жерде болбосун химиялык курал колдонулушуна жол бере албай турганыбызды ачык айтты. Экинчиден, “Ислам маммлекети” тобу биротоло жеңилиши керек. Бул жагынан биз кыйла ийгиликке жетиштик. Үчүнчүдөн, биз бул аймакта Ирандын таасири үстөмдүк кылбай турганына кепилдик беришибиз зарыл.

Иран демекчиАраб лигасына мүчө мамлекеттер жекшемби күнү Эр -Рияддагы саммитинде Тегерандын аймактагы саясатын айыптаган жаңы билдирүү таратышты:

- Саммит Ирандын диний жактан жик салып же өз кошуундарын киргизип, “ал-Каиданын” террорчуларына башпаанек берип араб мамлекеттеринин ички иштерине кийлигишип жатканын айыптады. Саммит Иранды араб өлкөлөрүнөн баарынан кетүүгө чакырды, - деди Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Адел ал-Жубеир.

Араб лигасынын саммити ошондой эле Сирияда химялык курал колдонулушун “кылмыш” деп баалап, ал боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө да үндөдү.

АКШ, Британия, Франция өткөн ишембиде Сирияга сокку урганын Иран менен Орусия айыптаган. Бирок БУУнун Коопсуздук кеңешинде Москванын бул окуяны “агрессия” катары баалаган резолюция долбоору четке кагылды. Аны он беш мамлекеттин ичинен Орусиянын өзүн кошкондо үч гана өлкө колдоп, сегизи каршы чыкты, төртөө арасат добуш берди. НАТО өлкөлөрү, Түркия, Израил, Жапония биргелешкен аскердик аракетти кубатташты.

Сирия маселеси бүгүн Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынында да каралууда.

Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

- Баса белгилеп кетиш керек - бул (ракеталык соккулар) Сириядагы согуштун нугун өзгөртүү же режимди алмаштырып, Башар Асаддан арылуу аракети болгон жок. Бирок дүйнөлүк коомчулук "химиялык курал колдонууга жүз жыл мурда салынган тыюуну Башар Асад абдан одоно бузду, буга бөгөт кое турган учур келди" деп айтып жатты. Андыктан бул туура болду, - деди британ тышкы иштер министри Борис Жонсон Люксембурдагы кеңешме алдында.

Ал эми АКШ бүгүн Москва президент Башар Асадды колдогону үчүн Орусияга каршы жаңы санкцияларын жарыялайт деп күтүлүүдө.

Сириянын Дума шаарчасында соңку химиялык чабуул деп бааланган окуяда хлор газы колдонулганы кабарланган. Оппозициячыл активисттердин, жергиликтүү куткаруучулардын айтымында, ал окуяда 43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында жаш балдар да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG