Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:08

Эх, Султан, анча эмне ашыктың экен?..


Султан Жумагулов.
Султан Жумагулов.

Ушундай экен дүйнө, алышкан оору сени да акыры алып тынган экен, Султан иним. Ашыкпай атаң менен апаңдын артынан кетсең болбойт беле!

Баласынын бу жалганды таштап кеткенине ишенип-ишенбей ал кишилер боз үйдүн жанында кайгыга батып отурушат. Алардын басса-турса кайталоодон тажабаган “алдыңа кетейиним” тилеги ашпай, канча азап менен чоңойткон уулун жоктоп, арманын кимге айтышты билбей, күйүткө баткан ата-энеңди көрүп сай-сөөгүм сыздап кайттым. Армандуу дүйнө, ата-энеге баласынын кайтыш болгонун угузбасын, андай кайгыны көрсөтпөсүн. Ага болмокпу, жаман-жакшысы аралаш бул жалган дүйнө ушундай кара мүртөз.

Султан Жумагулов деген кыргыз журналистикасынын бийик чынары кулап, улут адабиятына “жашоо бормулаларын” байыр алдырган жазуучу акка моюн сунду. Түнөргөн асман алдындагы боз үйдүн жанында болуп өткөнгө ишенип-ишенбеген көпчүлүк. Адам деген ушул - бүгүн бар, эртең жок. Артык баш шаан-шөкөттү жактырбаган жайың бар эле. Аларыңды элге жарыя айтчусуң. Ошол айткандарың менен жазгандарыңдын калетсиз экенин турмуш ырастоодо. Ак эмгек, адал мээнет менен жашаган өмүрүң көптөргө сабак болор. Бир топ жылдан бери салып жаткан үйүң бүтө элек экен. Жооптуу кызматтарда иштеген адамдын чарбасына анча коошпой турган ушул көрүнүш сенин тазалыгың менен топугуңду көрсөтүп турат. Жооптуу кызматка жеткендердин баары эле алдым-жуттум эмес, арасында жубардай таза жашап өткөндөрү да бар экенин, андайлар аз болсо да кезигерин ушул куттуу үй келгендерге туюнтуп жаткандай сезилди мага.

"Ооруп атыптыр" дегенди угуп, "айыгып кетер" деген алдамчы үмүткө ишенип жүргөм. “Жашоо бормулаларын” кемелине келтире тартып берген таланттуу сүрөткер эми жок. Эми алары “экинчи жашоосуна” көчөт. Журналистика менен адабиятты эриш-аркак ала жүрүп, кийинки жылдары мамлекеттик кызматка аралашып, анын ысык-суугуна кайыл болуп элиң үчүн иштеп аткан азамат элең. Сенин чын дилден күйүп, эндекей жашаган эли-журтуңдун жаңы заманга коошпогон жорук-жосундарын жумшак юмор менен сынга алган макала, аңгеме, баяндарың, социалдык тармактагы жазгандарың эске түштү.

Султан, сен окугандарды ыраазы кылчу, жөн адам айта албай, тилинин учунда тургандарын таамай туюнтуп койгонду жакшы көрчүсүң, калемиңен чыккандардын көбү окумал журттун жарпын жазып, маанайын көтөрүп койчу. Сенин калемиңден чыккандардын начары, ортозаары болчу эмес. Чын дилден, башкалар байкабаганды таамай сезип, так жазып бериш саналуу гана жазармандардын энчисине тийчү өнөр. Андай өнөрдү сен эне сүтүнөн, аяк-башы билинбей кеңирсип жаткан кең Ат-Башыдан алган болчусуң. Өрөөндүн бир өңүрүндө агып жаткан тоо суусундай тунук, таза мөлтүр талант журналистика өңүрүндө, адабият мейкининде да бирдей чыгып, жарыгы менен көптөрдүн дилин тазалап салчу. Айкөлдүк менен берешендик, кенендик менен тереңдик ошол жактан келген экен. Жарык нур, изги тилек, "кыргыз элим жакшы жашаса экен, ал башкалар менен катар алдыга чыкса экен, байманасы ташыгандарга тең ата болсо экен" деген тилектен чыкчу. Эл үчүн эмгек ушундан башталат.

Ыраматылык Салижан аке "эмнени жазса деле баары бир баштан чыгат" деп калчу. Сенин жазгандарың мыкты чыкчу. Журналисттер үчүн жазылган окуулугуң деле көркөм чыгармадай кызыктуу, тили ширин, түшүнүүгө жеңил окулат. “Жашоо бормулалары” бу түйшүгү күч турмуштан көргөн-билгендериң, көркөм туюмдан өткөрүлгөн, көп үндүү полифония дооштор арасынан жөн адам байкабаган күндөлүк тириликтин керемет философиясы болчу. Айыл турмушу дейбизби, шаар жашоосу дейбизби, пикет дейбизби, болбосо кыргыз турмушуна кеңири сиңип кеткен саясат дейсизби, айтор тирүүлүктүн ар кыл түстөгү, үндөгү симфониясы жаңырып турар эле.

“Бормулалар” сенин гана табылгаң болчу. Аны эми сендей кылып эч ким жаза албайт. Ал ошонусу менен кызык болуп, сенин атыңды өчүрбөй, адабият тарыхынан тийиштүү ордун алат болуш керек. Анткени андай форма сага чейин адабиятта байыр ала элек болчу. Аны кантип, кандайча таап алганың өзүңө гана дайын болуш керек. Адам кыялынын көркөм трансформацияланышы ушунчалык көп түрдүү, көп түстүү экен. “Бормулаларды” окуганда "Султан Жумагулов каармандарынын арасында отуруп алып, алардын сөзүн чыпчыргасын коротпой диктофонуна жазып алганбы" деген дагы бир алдамчы ой келбей койбойт. А бирок анын баары Султандын фантазиясынан, уккан-көргөнүн эсинде бекем сактап калган сүрөткердик туюмунан жаралган.

Таамай тартылган сүрөт, так айтылган сөз көргөн менен уккандын эсинде узакка сакталып калат. Мезгил деген аёо билбес катаал күч да анын алдында алсыз окшойт. Сенин адабиятта калтырган изиң журналистикадагы мектебиң сындуу артынан жаңы окурмандарын таба берет. Журналистика сенин дем алган абаң, бассаң-турсаң жаныңдан чыкпаган жан дүйнөң болчу. Ага сен болгон дарамет-күчүңдү бердиң. Комсомолдук гезиттен тартып өкмөттүк, жеке менчик басылмалардын баарында иштедиң, сандаган материалдарды жаздың. Акыркысы эл аралык журналистика “Азаттык”, ВВС, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту менен жыйынтыкталды.

Кызмат тепкичиң, бул да өзүнчө бир чоң “айыл” болуп калыптыр. “Ленинчил жаштагы” жооптуу катчылыгың, “Асабадагы” ордуңду эсепке албаганда деле ЭлТР, КТРК, Өкмөт үйү, Маданият жана маалымат министрлиги - мунун баарында сенин эмгегиң, жаңы заман жүгүн алдыга жылдыруу аракетиң турат. Мамлекет тагдырына жоопкер ажолордун жанында болуп, кызматын кылып, айтар сөзүн белендеп, ал жакшы чыкса сүйүнүп, жазганыңды окубай Теңирден тескери кепке түшүп кеткенин көргөнүңдө капа болгондурсуң. Анын баарын өзүң менен кошо ала кеттиң ээ, эми?

Кызмат тепкичтеринен жогорулап же “жөө жүрүп” калганыңда басынып же манчыркап калганынды байкабадым. Баарында бирдей калып, мамиле-катышта мурда кандай болсоң ошондой жүрдүң, адамдык бийиктигиңди утурумдук пастыкка алмаштырбадың. Дайыма жаңы идеялар менен жашап, жашоо-турмушту чын дилден сүйүп, тиричилик түйшүгүнө басылып калбай, бир келген жашоону урматтап жашадың, Султан. Дегеле кайгырбачудай дайым жаркылдап жүрүп, ушинтип акка моюн сунган экенсиң. Эчен жылдардан бери "бормуласын" издеп келаткан жашоодон тажадыңбы? Адамдардын эки жүздүүлүгү жаныңа баттыбы? Аттиң дүйнө, "жашоо бормуласы", анын айныксыз мыйзамы ушундай экен - жакшы адамдар бир четтен түбөлүккө сапар алып, катары суюлуп кала берет экен. Ашыкпай турсаң болмок, ал жакка.

Султандын чыйрак макалалары, жумшак юморго сугарылган аңгемелери социализм заманында комсомолдук “Ленинчил жаш” гезитинде жарыяланчу. Ал басылма кийин Мелис Эшимкановдун аракети менен “Жаштык жарчысы”, анан айтылуу “Асаба” гезитине айланган. Ошол жерде чогуу иштеп калдык. Султан ал кезде бизнесин таштап, Мелис Эшимкановдун сунушу менен гезитке келип иштеп аткан кези болчу. Макалаларын курч, анан убагында жазып, ишке аябай тыкандыгын көрүп: “Ээ, үкөм, мынчалык иштемчиликти кайдан алгансың?" десем, оюн-чындап: "Атам аябай мээнеткеч киши, чарчоо дегенди билбейт” деп күлүп койгон эле. Ошол “Асабага” айда эмес, жылда эмес, кылымда бир келчү берешен дүйнө, жалаң мыктылар, биринен экинчиси өткөн дулдулдар, айлап сайраса тамагы бүтпөгөн талбас булбулдар чогулган экен. Султандын бирөө менен урушканын, талашканын, чырдашканын деле көрбөдүм. Баары менен эле тамашалашып, ага-инидей, жан достой жүрчү.

Султан экөөбүз кез келген жерде тамашага батып, жарпыбыз жазылганы менен бир да ирет ыстакан кагыштырып, болгон сырды ортого жайып отурбаппыз. Ага караганда Алыке, Шаке, Жолдошбек, Кимбайкелер менен көбүрөөк чогуу жүрүп калдык окшойт. Султан гезиттин “аткаминерлери” менен көбүрөөк чогуу болуп, убакты-саатын биринин артынан экинчиси чыгып турчу гезиттерге жумшады. Ишке ушунчалык тыкан, баарын убагында так бүткөргөн саналуу журналисттерден эле. Анын үстүнө ал кезде айтылуу “Асабанын” жөжөлүү тооктой бактылуу учуру экен, баш гезиттин тиркемелери жайнап, Султан баш болуп жооптуу редактор, катчы, бөлум башчы, баяндамачы, иши кылып “кызматсыз калганы” дээрлик жок болчу. Султан ал гезитке чейин бир топ убакыт акын Кыялбек экөө ишкердикке кирип, чоң акча табуунун кыныгын таап алган экен. Макалаларды арбын жазып, дайым шайыр-шагдам жүрчү.

Андан соң кыйла жыл ВВСнин Бишкектеги бюросунда иштеди. Ал арада Чынара Жакыпованын Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту менен да кызматташып, эл аралык журналистиканын эреже-шарттарын мыкты өздөштүрүп чыкты. Башкалар жазган, көп кайрылган темадан деле ал өзүнө гана тиешелүү жаңылыгын таап алчу. Журналист сот да, прокурор да эмес экенин, болгон окуяны окурмандары менен угармандарына калыс, объективдүү чагылдырышы керек болорун көп айтып, көп жазып, аны иш жүзүндө далилдеген. Эл аралык журналистиканын кашкайган чындыкты, тараптардын бирине да тартпай, калыс чагылдырып бериш талабы айтканга оңой болгону менен ишке ашырышы кыйын жумуш.

Султан 2010-жылы “Азаттыктын” Бишкек бюросунун директору болуп дайындалганда мен башка жерде иштеп аткам. Бу “Азаттыктын” кагаз менен калемге өч адамды өзүнө тартып турчу бир касиети бар. Султан башкарып турганда талкуулар менен, маектерге келип калганда анын кабинетине сөзсүз баш бакчумун. Жанында бир журналист, анан анын кагаздагы тексти, столго өбөктөгөн Султан болор эле. Билгенин башкаларга үйрөтүп, "баарына кенен жетсин" деп журналисттерге чакан окуулук китеп жазып, сөз жоопкерчилигин баарынан бийик койгон жазуучу эле.

Кийин тагдыр жолу Султан экөөбүздү КТРКда жолуктурду. Султан менен кошо корпорацияга бир жаңылык баш бакты. Кудайдын куттуу күнү ал жумушка келери менен жаңылык жазчу кабарчылардын таңкы жыйынына шашып турчу. Андай жыйындардын бир-экөөнө мен да катышып калдым. “Достор, бүгүн момундай жаңылыктар бар экен” деп кагазына чыгара келген жаңылыктарды кабарчылардын алдына жайып, алардын айткандарын угуп, анан кайсы жаңылыкты кандай чагылдырыш керек экенин талдап, бир сааттык жыйын кызыктуу өтчү. Мунун баары “алатоочуларды” эл аралык журналистиканын элементардуу эрежесине көндүрүү, кабар жазуунун сырларын үйрөтүү болчу. Опсуз чоң корпорациянын ишин жаңылыктан баштап, андан башка редакцияларга өтүп, Коомдук телерадиокорпорация Султандын тушунда бир максатка багыт алган эмгек жамаатына айланды. Султандын жетекчилиги - кол алдындагыларга кырдуусунбай, жакшы сөз менен чыгармачыл адамдын ички дараметин болушунча ача билүү экен.

Султандын өмүр жолу минтип алтымыштын акбозуна жетпей үзүлүп калганы кабырганы кайыштырганы менен анын артында калган эмгеги, журналистикадагы опол тоодой орду, андан деле эч жери кем калбаган жазуучулук өнөрү, булары аз келсе кийинки жылдары жылдызы жанган кызмат даражасы - ушулардын баарында жаркылдаган жазы маңдай инимдин адамгерчилиги, бирөөгө кылдай жамандыгы жок ак көңүлдүгү, айкөлдүгү турат.

Султан да бул жашоонун көйгөйүнөн тажап Алым, Жолдошбек, Мелис кесиптештеринин артынан түбөлүккө жол тартса керек. Анын артында калтырган эмгеги, жарым кылымга жакын жашоосунда жасап кеткендери атын унуттурбай, билген адамдардын эсине калат деп ишенем.

Султан Жумагулов оптимист эле...
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:16 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG