Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

Судья Калмаматовдун бөгөт чарасын кароодон баш тартты


Саясатчы Бактыбек Калмаматов. Сүрөт Бишкек шаардык сотунан 12-январда тартылган.
Саясатчы Бактыбек Калмаматов. Сүрөт Бишкек шаардык сотунан 12-январда тартылган.

Бишкек шаардык соту 12-январда камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасын кароону кийинкиге калтырды. Буга соттук коллегиянын бир мүчөсү, судья Шарабидин Токтосуновдун жараянга катышуудан баш тартканы негиз болду.

“Камактагы оппозициячыларды коргоо комитети” Калмаматов баштаган бир топ саясатчыларды "саясий туткун" катары таанып, аларды бошотууну бийликтен талап кылды.

"Калмаматов менен жакшы мамиледебиз"

Президент Садыр Жапаровдун 4-декабрдагы жарлыгы менен Бишкек шаардык сотунун судьясы болгон Шарабидин Токтосунов саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасын аныктаган отурумга катышуудан баш тартып койду. Ал анын себебин Калмаматовду жакындан тааный турганы менен түшүндүрүп, саясатчынын агасы экөө жакшы мамиледе экенин да айтты. Жыйынтыгында анын өтүнүчү канааттандырылып, Калмаматовдун баш коргоо чарасы башка күнү каралмай болду.

“Сот отурумунун курамы жарыялгандан кийин төрагалык кылуучу судья Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 62-беренесинин негизинде бул соттук материалды кароодон өзүн четтетүүнү сурады. Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана жоруктар жөнүндө иштери боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы менен судья Бактыбек Калмаматовдун соттук материалын кароодон четтетилди. Соттук материал ушул эле сотто бөлөк курамда каралат”, - деп билдирди Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы.

Садыр Жапаровдун мурдагы жактоочусу, азыркы судья Шарабидин Токтосунов
Садыр Жапаровдун мурдагы жактоочусу, азыркы судья Шарабидин Токтосунов

Бактыбек Калмаматов жана жактоочулары судья Шарабидин Токтосуновдун иштен баш тартып жатышына каршы болушту. Алар Токтосунов Садыр Жапаровдун жактоочусу болуп жүргөн учурда сот адилетсиздигине күбө болгонун жүйө келтирип, эми "саясий ишти" акыйкат карап берүүгө чакырышты.

Калмаматовдун сотуна катышып жаткан укук коргоочу Рита Карасартова Шарабидин Токтосуновдун иштен баш тартып жатышынын себеби бар экенин айтат.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

“Судья Токтосунов жөн жерден баш тартып жаткан жок. Менин оюмча Бактыбек Калмаматовдун баш коргоо чарасы өзгөрбөстөн, камакта калтырылат окшойт. Анткени булар “Калмаматовду Садыр Жапаровдун мурдагы жактоочусу камакта калтырды” деген сөздүн алдын алып жатышат. Эгерде Калмаматов камактан чыга турган болсо, анда Токтосунов эле ишти карай бермек. Бул бийлик үчүн да мыкты пиар болмок. Алар сот тармагы адилеттүү экенин, Шарабидин Токтосунов Жапаровдун жакыны экенине карабай оппозиционерди камактан чыгарганын айтышмак. Бул менин көп жылдык тажрыйбама таянып жасалган божомолум".

Шарабидин Токтосунов азыркы президент Садыр Жапаров 2012-жылы октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясында камалгандан тартып анын адвокаты болгон. Былтыр бийлик алмашуу менен аяктаган Октябрь окуяларынын маалында Жапаровду колдоп, Бишкектин борбордук аянтындагы акцияларда жүргөн.


Ушул жылы сентябрда Токтосуновго “Эмгек сиңирген юрист” деген наам ыйгарылган жана андан кийин Бишкек шаардын сотунун судьясы болуп дайындалган.

“Сындаганым үчүн камакта отурам”

Бактыбек Калмаматов "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыпталууда. Тагыраагы, Калмаматов "Фейсбуктагы" Нур Азиз аттуу колдонуучу жазган билдирүүлөр боюнча айыпталып, саясатчы аталган баракча менен Ысык-Көл облусунун тургундары жөнүндө терс маандайдагы комментарий калтырганы айтылып жатат. Маалыматка караганда, аталган аккаунт Калмаматов мурда колдонгон телефон номурга байланган.

Бактыбек Калмаматов өзүнө тагылып жаткан айыпты четке кагып, бийлик аны куугунтуктап жатканын билдирди.

Бактыбек Калмаматов
Бактыбек Калмаматов

“Бул абсолюттук башаламандык. Мамлекетте террордук саясат жүрүп, адамдарды эркин көз карашы үчүн куугунтуктап жатышат. Менин камакта отурушум - мага болгон кысым, менин үнүмдү өчүрүү жана оппозицияны жок кылуу. Бүгүн баардык оппозициялык күчтөр бириге турган учур келди. Иштин артында мен сындап жаткан бийлик турганы бештен белгилүү. Мен эч кандай фейк акаунт колдонгон эмесмин. Менин жалгыз эле расмий баракчам бар. Аны дагы өзүм иштетпейм. Азыркыга чейин бир дагы жолу сурак бере элекмин. Менин жазганымды, айтып жаткан комментарийди да окутушкан жок. Азыркы бийлик мени сындыра албайт”.

Шайлоого “Азаттык” партиясы менен катышкан Бактыбек Калмаматов былтыр 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык кичи ажылык (умра) зыяратка баратканда "Манас" эл аралык аэропортунан кармалган. Анын жактоочулары Калмаматовдун талапкер статусу болгонун, саясатчыны БШКнын уруксаты жок кормоо мыйзамсыз экенин айтып, УКМКнын тергөөчүсү кабыл алган токтомдорду жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. Бирок Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соту жактоочулардын даттануусун каанаттандырган жок.

“Камактагы оппозициячыларды коргоо комитети” кайра жанданды

Ал арада жарандык активисттер жана укук коргоочулар соңку жылдары иштебей турган “Камактагы оппозициячыларды коргоо комитети” кайра жанданганын билдирди. Алардын айтымында, буга соңку камоолор себеп болгон жана жакын арада камактагы саясий туткундардын тизмеси аныкталып, президент жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдонот.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова буларды белгиледи:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

“Ар бир адам эле саясий куугунтукка кабылганын айта берсе болбойт. Анын критерийлери бар. Биз азыр Бактыбек Калмаматов, Жеңиш Молдокматов, Тилекмат Куренов жана Курсан Асанов баштаган саясатчыларды куугунтукка кабылган деп эсептейбиз. Мындан тышкары жакында эле камалган “Эл Ынтымагы” уюмунун балдары да жөн жерден камакта отурушат. Жогоруда тизмектеген адамдарга жасалма кылмыш иштери козголгон. Биз ушул адамдардын ысымын элдин, бийликтин эсине салып турабыз. Балким ар кандай митинг, акциялар да болушу мүмкүн”.

Президенттин алдындагы антикоррупциялык кеңештин эксперти Айдар Мамбеткадыров болсо "саясий куугунтук күчөдү" деген пикир менен макул эмес.

Айдар Мамбеткадыров
Айдар Мамбеткадыров

"Садыр Жапаров өзү деле саясий куугунтук жок экенин, күнөөсү болсо жооп берерин айтып өттү. Ошол эле учурда мамлекеттин негизине, коопсуздугуна коркунуч жаралса, анда тиешелүү органдар иштеп жатат. Чындап эле куугунтук күчөгөн болсо, анда мамлекет башчысы убагында өзүн мыйзамсыз соттогондордон өч алмак да. Ошол эле мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева эркиндикте эле жүрөт. Мындан тышкары мурдагы бийлик учурунда козголгон кылмыш иштерине кийлигишкен жок. Иштердин баары мыйзам талаасында жүрүп жатат".

“Камактагы оппозициячыларды коргоо комитети” 2016-жылы түзүлүп, ошол учурда камакка алынгандарга көмөк көрсөтүп турушкан.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG