Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Судандагы уруш, эвакуация жана "Вагнердин" карааны


Хартумдан качууга аракеттенген судандыктар. 20-апрель, 2023-жыл.
Хартумдан качууга аракеттенген судандыктар. 20-апрель, 2023-жыл.

Ондогон өкмөт куралдуу жаңжал күчөп бараткан Судандагы жарандарын алып чыгууга аракеттенүүдө. Маалыматтарга караганда, жаатташкан тараптар 72 саатка жарыялаган ок атышпоо макулдашуусун кайра бузушту.

БУУнун баш катчысы кеңири масштабдагы согуштун алдын алууга чакырса, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму биологиялык коркунуч тууралуу эскертти. Ал эми Орусия "Судан кармаштарга “Вагнер” менчик компаниясынын жоочуларын тартууну чечсе, бул алардын укугу" деп билдирди. Соңку маалыматтар боюнча жаңжал 600дөй кишинин өмүрүн кыйды, миңдеген киши коопсуз жерлерге качууга аргасыз болду.

Чет элдиктер шашылыш эвакуацияланууда

Шаршембиде эртең менен Судандан эвакуацияланган түрк жарандарынын алгачкы тобу Стамбул аэропортуна келди.

"Суданда уруш жакын арада токтойт деп ойлобойм. Кырдаал чындап эле оор, Судан үчүн дуба кылып жатабыз", - деди келгендердин бири Эюп Казым Йак.

Судандан эвакуацияланган чет элдик жарандар Амман аэропортунда. 24-апрель, 2023-жыл.
Судандан эвакуацияланган чет элдик жарандар Амман аэропортунда. 24-апрель, 2023-жыл.

Жүз чакты киши баш калаа Хартумдан жол аркылуу Эфиопиянын борбору Аддис-Абебага алып келинип, андан ары мекенине жөнөтүлгөн. Анкара калган жарандарын да ушундай эле жол менен эвакуациялаганы жатат.

Ушул эле күнү Судандан Жидда шаарына чет өлкөлүктөрдүн тобу Саудия жөнөткөн кеме менен келди. Маалыматка караганда, 56 өлкөнүн 1700дөн ашуун жараны коопсуз жерге чыгарылды.

Ал эми франциялык жарандарды Париждеги аэропортто ал өлкөнүн тышкы иштер министри Катрин Колонна өзү тосуп алды. Франция башка чет элдиктерди да чыгарууга көмөктөшүп жатат.

Чет өлкөлүктөрдүн шашылыш эвакуацияланышына Чыгыш Африкадагы өлкөдө бир нече күн мурда башталган куралдуу жаңжалдын курчушу себеп болду.

Маалыматтарга караганда, Судандын армиясы менен “Ыкчам колдоо күчтөрү" деп аталган аскерлешкен топ ок атышууну токтотуу жөнүндө кезектеги макулдашууну 25-апрелдин кечинде кайрадан бузуп, салгылашуулар жанданды. Кармаш башталган 15-апрелден бери 450-600дөй киши набыт болду.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш узак, кеңири масштабдагы согуштун тутанып кетүү ыктымалдыгын эскертип, андайга жеткирбөө үчүн тараптарды кармашты токтотууга чакырды.

“Куралдуу жаңжалга дароо чекит коюу зарыл. Тынчтыкка жетүү үчүн чогуу-чаран аракет көрүүгө тийишпиз. Жаатташкан тараптарды ок атышууну токтотууга үндөйм. Судандын лидерлери биринчи кезекте өз элинин кызыкчылыгын ойлошу керек. Бул жаңжал судандыктардын өмүрүнүн эсебинен согуш талаасында чечилбеши керек”.

Хартум шаары. 15-апрель, 2023-жыл.
Хартум шаары. 15-апрель, 2023-жыл.

Уюмдун Судан боюнча атайын өкүлү Волкер Пертестин айтымында, айрым жерлерде ок атышпоонун шарты сакталып жатканы менен тараптар олуттуу сүйлөшүүгө даяр деген белги байкала элек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын Суданга барбай турууга 22-апрелде чакырган.

Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын жети жараны жүрөт, алардын үчөө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Хартумдагы кеңсесинде иштейт. Элчилик ал жактагы жарандардын так санын аныктоо иштерин улантарын билдирген.

Гаага соту айыптагандар түрмөдөн чыкканы кабарланды

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Хартумда кызылча (корь), холераны козгогон жана башка материалдардын үлгүлөрү сакталган лабораторияны тараптардын бири ээлеп алгандыктан, биологиялык коркунуч жогору экенин эскертти. Илимий жай кимдин колуна өткөнү азырынча тактала элек.

Дагы бир маалымат каражаттары Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту айыптаган судандык мурдагы аскер жетекчилери жана саясатчылар абактан чыкканын жазышты. Сот алардын өткөрүлүп беришин бир нече жылдан бери күтүп жаткан.

Гаага трибуналы айыптагандардын бири Ахмад Харун маалыматты тастыктап, сот системасы кайра иштей баштаганда түрмөгө кайтып барышарын айткан.

Алардын арасында экс-президент Омар Башир барбы же жокпу белгисиз. 79 жаштагы мурдагы мамлекет башчы жана анын санаалаштары Дарфур аймагындагы калкка каршы геноцид уюштурган деп айыпталган. Аскерлер Баширди 2019-жылы төңкөргөндөн кийин жаңы бийлик коррупцияга күнөөлөп абакка отургузган, бирок Гаагага өткөрүп бере элек болчу. Экс-президент көп убакытты түрмөдө эмес, ооруканада өткөргөнүн Рейтер агенттиги жазды.

"Вагнер" тобунун Судандагы ишмердиги

25-апрелде БУУдагы маалымат жыйында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Судан бийлигинин "Вагнер" менчик компаниясынын кызматынан пайдалануу укугу бар экенин билдирди.

Бир жума мурда Украинадагы согушка байланыштуу Батыштын санкцияларына кабылган орусиялык расмий эмес аскердик топ африкалык өлкөдөгү ички кармаштарга тиешеси жоктугун, касташкан күчтөрдүн лидерлери менен көптөн бери байланышпаганын айткан. Компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин эки жылдан бери Суданда бир да жоочусу жок экенине ишендирүүдө.

Былтыр мартта Хартумдагы Батыш дипломаттары "Вагнер" башка иштер менен катар Суданда мыйзамсыз алтын казууга аралашканын билдиришкен. АКШ жана Еврошаркет Пригожин жана анын компаниясы менен байланышы бары айтылган судандык фирмаларга санкция салган.

Би-Би-Синин жазганына караганда, 2017-жылы Башир Москвага барганда орус бийлиги менен бир нече келишимге кол койгон. Арасында Кызыл деңиздин боюндагы Порт-Суданда орусиялык аскердик база түзүү, Судандын Кен байлыктар министрлиги менен Орусиянын "М Инвест" фирмасы ортосунда алтын казуу тууралуу макулдашуулар бар болчу.

Судан Африкада алтын казуу боюнча үчүнчү орунда турган өлкө.

АКШнын Финансы министрлиги "Вагнер" Судандагы ишмердигин "М Инвест" жана анын филиалы Meroe Gold фирмаларына жамынып жүргүзөт деп эсептейт.

Компаниянын жалданма жоочулары буга чейин Малиде жана Борбордук Африка жумуриятында козголоңчуларга каршы урушка салынып келген. Учурда алар Украинанын Бахмут шаарын алуу аракетине тартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG