Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

"Соцфондго которулган". Дача СУга чогулган акчанын изи


Дача СУ айылына кулаган учактын кесепеттерин иликтеген коомдук комиссия жабырлануучуларга каралган акча боюнча мурда жашырылган маалыматтардын айрымдарын жарыялады.

Анда элден чогулган жана түркиялык АСТ Airlines компаниясы бөлгөн акчадан чоң айырмачылыктар чыгып жатканы айтылды. Кайрымдуулукка жана зыяндын ордун калыбына келтирүүгө бөлүнгөн каражаттан бюджетке жана социалдык фондго которулуп кеткен алгачкы фактылар ачыкка чыкты.

Беш жылдан бери жашыруун сакталган каржылык отчет

Коомдук комиссия 2017-жылы 16-январда "Манас" аба майданына коно албай, Дача СУ айылына кулаган түркиялык АСТ Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747 үлгүсүндөгү учактын жабырлануучуларына чогултулган каржылык жардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтөөгө киришти.

Комиссиянын колуна тийген документтер боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине жалпысынан 151 млн. сомдон ашуун каражат топтолгон. Анын 102 млн. сомго жакынын учкан жеке жактар, консулдук же дипломатиялык өкүлчүлүктөр, чет элдеги кыргыз диаспоралары, мамлекеттик, коммерциялык жана коомдук мекеме-уюмдар чогултса, 49 млн. сомдон ашуунун АСТ Airlines авиакомпаниясы которгон.

Комиссиянын мүчөсү, журналист Дилбар Алимова кырсыктан кийин элден чогулган акчанын бир бөлүгү мамлекеттик казынага жана Социалдык фондго которулуп кеткенин билдирди:

Дилбар Алимова, журналист, Дача-СУ каргашасын иликтөө боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү.
Дилбар Алимова, журналист, Дача-СУ каргашасын иликтөө боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү.

"Мунун 94 млн. сомун жабырлануучуларга, Новопавловка айыл аймагына 7 млн. сом, “Үч периште” деген коомдук фондго алгач 6 млн. сом берилгени көрсөтүлүптүр. Андан кийин дагы ага кошумча 479 миң сом которулуптур. “Манас” аба майданына 4 млн. сомдон ашуун, “Кыргызаэронавигация” мекемесине болсо 590 миң сом акча бөлүнүптүр, Бишкектеги “Семетей” мейманканасына 224 миң сом которулуптур. Мындан тышкары Дача СУдагы жер тилкелери жабыркаган адамдарга 7 млн. сомдон ашуун акча каралыптыр. Ошентип аягында, мамлекеттик казынага деген негиздеме менен 30 млн. 283 миңден ашуун сом бөлүнүптүр. Ал эми Социалдык фондго 390 миң 450 сом которулган экен. Мен “биздин жарандар жабыркаган мекендештерге акча чогултуп берип жатса, анан ал каражатты кандайча бюджетке жана соцфондго бөлдүрүп алдыңар” деген суроо бердим. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү ошол кездеги өкмөттүк комиссиянын чечими ошондой болгонун айтты".

Активисттерге көрсөтүлгөн басым

Буга чейин элден чогулган жана мекеме-уюмдардан топтолгон акчадан сырткары жабырлануучуларга түркиялык компания кенемте төлөп бергени айтылып, бирок "жеке коопсуздукка байланыштуу" деген себеп менен берилген акчанын өлчөмү сыр бойдон калган. Буга жабырлануучулардын суранычы негиз болгону расмий кабарланган.

Дача СУда турак жайы кыйрагандардын бири Абдирасул Аликов чогулган акчаны бөлүштүрүү өтө жашыруун жүргөнүн, сурагандарга кысым болгон учурлар болгонун эске салды.

"Бул жерде өз ара жең ичинен сүйлөшүп алып жасалган былык иштер көп. Бул ишти түшүнүп болбойт. Жалпысынан 35 каза тапкан адамдын жакындарына жана үйлөрү кыйраган 24 кишиге гана каражат бөлүнө турган болгон. Бирок кийин бир топ өзгөрүүлөр болуп кеткен. Мындан башка майда-барат жараат алгандар менен кошо эле андагы бардык жашоочулар үчүн жалпысынан 3 млн. сом бөлүнүп, анын жарымы дагы уурдалып кеткен. Эгерде буларда уурулук болбосо, анда ошол кезде мага эмнеге бир күндө беш жолудан чалып, коркутуп-үркүтүп турушту? Тизмени ачык алып келип, көргөзүп коюшса болбойт беле. Мага “байке, берилген акчаны алып эле, жөн эле оокатыңызды кылбайсызбы, ызы-чуу кылып, эмнеге элди көтөрүп жатасыз” деп жашыруун номурлардан чалышат эле. Кийин болсо “акчанын суммасын айтпай, тизмени эч кимге бербегиле” деген эреже киргизип алышыптыр. Тизме ачыкка чыкса, абийрлери ачылып калат эле".

"Айтыла турган сырлар алдыда"

2017-жылы жылы 25-апрелде президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары өткөргөн кеңешменин протоколу боюнча чогулган акча каражаты бөлүнгөнү коомдук комиссиянын колуна тийген документтерде көрсөтүлдү.

Коомдук комиссиянын төрагасынын орун басары Мавлян Аскарбеков элден чогулган жана түркиялык авиакомпания которгон же кенемте катары төлөй турган акчанын ортосунда айырмачылыктар чыгып жатканын, иликтөөнүн аягында бул тууралуу кеңири маалымат берилерин белгиледи:

Мавлян Аскарбеков, Дача-СУ боюнча коомдук комиссиянын төрагасынын орун басары
Мавлян Аскарбеков, Дача-СУ боюнча коомдук комиссиянын төрагасынын орун басары

"Каражат тууралуу көп маалыматтар жашыруун болуп келген. Кечээ жыйында анын чети эле ачыкка чыгып, айтылып кетти. Негизи 102 млн. сомдон ашуун акча элден чогулуп, андан башка түрк компаниясы 712 миң доллардан ашуун каражат которуптур. Мурда өкмөт учак кулаган аймактагы инфратүзүмдүк жана экологиялык зыян үчүн деген негиз менен түрк тараптан 2,5 млн. доллар сураптыр. Бирок 712 миң гана АКШ доллары түшкөн. Ал эми авиакомпания ар бир жабырлануучуга төлөп бере турган кенемте такыр башка. Биз ага жете элекпиз. Анын бардыгын иликтеп чыгып, элге жарыялайбыз".

Документтер боюнча ошол кездеги премьер-министрдин буйругу менен Дача СУ каргашасынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн 2017-жылы 17-январда атайын эсеп ачылып, окуянын себептерин жана кесепеттерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Аны өкмөт башчысынын биринчи орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеп, комиссия төрагасы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, орун басары транспорт министри Жамшитбек Калилов болгон. Анын курамына ошол кездеги министрлер - Абдил Сегизбаев, Эрлан Абдылдаев, Улан Исраилов, Талантбек Батыралиев жана Чүйдүн губернатору Бактыбек Кудайбергенов кирген.

Ысымдары аталган мурдагы жетекчилердин бири менен да байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

"Азаттык" топтолгон акчанын бөлүнүшү жана сарпталышы боюнча алардын пикирин угуп, жарыялоого даяр экенин эскертет.

2017-жылы 16-январдын таңында Гонконг-Стамбул каттамындагы түркиялык АСТ Airlines авиа компаниясына таандык жүк ташыган учак "Манас" эл аралык аба майданына конуп, бирок кайра абага көтөрүлгөндө Бишкектин четиндеги Дача СУ конушуна кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашуун жүк жана экипаждын төрт мүчөсү болгон.

Дача СУ каргашасынан 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза тапкан. Кырсык болгон күндөн тартып эле анын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруудагы аракеттерге байланыштуу бир топ суроолор жаралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG