Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Сорос Путинди жеңип, дүйнөнү сактап калууга чакырды


Америкалык миллиардер Жорж Сорос.
Америкалык миллиардер Жорж Сорос.

Украинада ыктыярчылар аскерлер менен биргеликте согушта набыт кеткен орусиялык жоокерлердин сөөгүн чогултуп жатышат. Аларды туткундарга же украин аскерлеринин сөөктөрүнө айырбаштоо каралууда. Ал арада өлкө чыгышында айыгышкан салгылашуу уланып атат. Миллиардер Жорж Сорос бул согушта Путинди жеңүү менен гана цивилизацияны сактап калса болорун айтты.

Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Сорос 24-майда Давосто өтүп жаткан экономикалык форумда сүйлөп жатып, Украинадагы согуш Европаны түп-тамырынан бери силкип койгонун билдирди.

"Бул кол салуу Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышындай болуп калды. Биз согушка чекит коюу үчүн бардык ресурстарыбызды мобилизация кылышыбыз керек. Цивилизациябызды сактап калуунун жалгыз жана мыкты жолу - тезинен Путинди жеңүү", - деген Сорос Батыштын Украинага көрсөткөн колдоосун жогору баалады.

Ошол эле маалда ал Европанын орус мунайы менен газына көз каранды болуп калганын сынга алды. Ушу тапта Евробиримдикке мүчө айрым мамлекеттер көз карандылыктын айынан Орусиянын мунайына эмбарго киргизүү маселесинде орток пикир таба албай жатат.

Орусия Евробиримдикке газдын 40% жана мунайдын 27% импорттойт. Бул үчүн жыл сайын 426 миллиард доллар алат.

Миллиардер Орусия өткөн жылы газды Европага экспорттоо ордуна кампаларына чогултуп алып, атайын таңкыстык жаратуу менен баасын көтөрүп, жакшы пайда тапканын эске салды.

Ушул эле форумга онлайн катышкан украин президенти Владимир Зеленский орус мунайына эмбарго киргизүүдөн баш тартып жаткан Венгрияны сынга алды. Ал Орусияны жеңүү үчүн Батыш бирдиктүү болушу зарыл экенин кошумчалады.

Зеленский өз сөзүндө "Украина өз аймагын кайтарып алмайынча, согуша берерин" белгилеп, Москва өз аскерлерин чыгарып кеткенде гана орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшөрүн белгиледи.

Орусиялык аскерлердин сөөгү, өлкө чыгышындагы кармаш

Украин аскерлери ыктыярчылар менен бирге Харьков облусунун түндүк-чыгышынан 60тай аскердин сөөгүн табышты. Армиянын өкүлү Антон Иванниковдун айтымында, сөөктүн баары Киевге поезд менен жөнөтүлөт.

"Биз документтерди, банк карталарын, айтор, тек-жайын тактоого жардам бере турган эмне болсо баарын чогултуп атабыз. Кийинчерээк кайсы аскер, кайсы бригада ушул жерде болгонун аныктоого жана айырбаштоого жардам берет", - дейт ал.

Киев Орусия согушта 20 миңден ашуун аскеринен айрылганын билдирип келет. Ал эми Кремл чоң жоготууларды моюнга алганы менен ушул күнгө чейин набыт кеткен аскерлеринин так санын айта элек. Акыркы жолу мартта 1300дөй жоокерин жоготконун маалымдаган.

Бул маалда Украинанын чыгышында айыгышкан салгылашуу уланып жатат. Киев билдиргендей, 24-майда кеминде 14 жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Ал эми Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу «операция» күтүлгөндөн жай жүрүп атканын моюнуна алып, бирок өз максатына жетерин убада кылды.

Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Александр Мотузяник Донбасстагы салгылашуулар өлкөнүн келечегин аныкташы мүмкүн деп билдирди.

Учурда орусиялык күчтөр Луганск облусунун 90% көзөмөлдөйт. Орусиармиясы Северодонецк шаарын курчоого алды. Эгер бул калаа багынса, Луганск облусу толугу менен баскынчылардын карамагына өтөт.

Блоктолуп турган буудай

Ал арада Британиянын чалгын кызматы Орусия Одесса портун блоктоп салгандыктан, украин буудайын экспорттоого мүмкүн болбой жатканын, мындан улам жаралган таңкыстык башка азык-түлүктүн да баасынын көтөрүлүшүнө алып келерин билдирди.

24-майда Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Украинадан чыгарылбай турган буудай боюнча маселени чечүү үчүн Москваны сүйлөшүүгө чакырды.

"Орусиянын аскер кемелери буудай жана чемичке алып бараткан кемелерди өткөрбөй жатат"-деди фон дер Ляйен.

Украинадагы согуш жана андан улам Орусияга киргизилген санкцияларга байланыштуу дүйнөдө буудай, өсүмдүк майына, жер семирткичке болгон баа кескин көтөрүлүп кетти.

Москва Киевге кол салгандан кийин Улуттар Уюму, Эл аралык валюта фонду жана башка каржы институттары кеминде 50дөй мамлекетте азык-түлүк кризиси болорун эскерткен. Дүйнөлүк банктын талдоосунда буудай 40% кымбаттайт жана анын баасы дагы тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетет.

Бул оболу Орусиядан жана Украинадан дан азыктарын импорттоого көз каранды болгон өлкөлөрдүн экономикасына сокку урат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG