Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Ферганада Сох окуясы боюнча сот башталды


Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме айылында чыр чыккан учур, 31-май, 2020.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме айылында чыр чыккан учур, 31-май, 2020.

Ферганада Сох окуясы үчүн айыпталган 22 адамдын сот жараяны башталды. Ишти облустук сот 9-ноябрда карай баштаганын жергиликтүү "Дарё" кабар агенттиги маалымдады.

25-августта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Сох районунун алты тургуну кармалып, аларга «Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү» жана «Массалык башаламандык» беренелери боюнча айып тагылганын билдирген. Кармалгандардын бөгөт чарасы каралып, алар камакка алынган.

Кыргыз-өзбек чек арасында 31-майда болгон чырда кармалган дал ушул 22 жарандын соттук ишин 9-ноябрда Фергана облустук соту карай баштады. Аларга Өзбекстандын Жаза кодексинин 219-беренеси (мамлекеттик кызматкерди же башка адамды кызматтык же жарандык милдетин аткаруудан баш тартууга мажбурлоо) жана 244-беренеси (массалык башаламандык) боюнча айыптар тагылды.

Бул соттук жараянга катышкан жергиликтүү "Дарё" маалымат агенттигинин кабарчылары айыпталуучулардын арасында жашы жете элек эки өспүрүм да бар экенин, соттук отурум кеч башталганын жазды.

«Сот өз убагында башталган жок. Дүйшөмбүдө саат 10го белгиленген отурум түштөн кийин саат үчтө башталды. Карантиндик чектөөлөрдөн улам, сот жараянына эки гана айыпталуучунун жакын туугандарынын катышуусуна уруксат берилди», - деп кабарлады "Дарё" интернет басылмасы.

Ушул эле макалада Сох окуясы боюнча кийинки соттук отурум 16-ноябрда каралары кабарланды.

Окуянын чоо-жайына келсек, быйыл 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Анда 187 өзбекстандык ар кандай жараат алып Өзбекстанда ооруканага түшкөн, алардын үчөөнө мылтыктын огу тийген жана бир нече турак жай өрттөлгөн. Күбөлөр алардын көбү өзбек аскерлеринин элди тынчытып таратуу аракети маалында жабыр тартканын айтышкан.

Анда Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев Сохко барып, эл менен жолугушуп жатканда кагылышуу болуп кеткен.

Буга аткаминердин нааразылык билдирип, көчөдө топтолгон элге кылган өктөм мамилеси себеп болгону кабарланган. Ал «беш мүнөттө үйүңөргө кирип кеткиле, болбосо мен кайтып барып Кадамжай тараптан жолду жабам» деген. Андан тышкары ачыкка чыгып кеткен аудиодо үнү Ганиевдикине окшош адам «чыр-чатактуу айылдарды Сохтун картасынан чийип салабыз» деп айтканы Интернетке тарап кеткен. Облус акиминин мына ушундай мамилесинен улам анклавдын эли аны аскерлер калкалап турганына карабай ташбараңга алууга аракет кылган.

2-июнда анклавга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов барганда да жергиликтүү тургундар Ганиевдин жоруктарын тизмелеп айтып арызданышкан. Арипов жаңжалга аралашкан айылдыктар жазага тартылбасына убада берип, элди тынчыткансыган. Бирок эки күн өтпөй Арипов Фергана облусунун акимин мактап, бир кыйла убакыттан кийин сохтуктар четинен жазалана баштаган. Бул чуулуу окуядан улам жазага тартылгандар арасында өзбекстандык популярдуу блогер Дадахон Хайдаров да бар.

Окуядан көп өтпөй Өзбекстан парламентинин Олий Мажлис палатасы кезексиз жыйын өткөрүп, агрардык жана азык-түлүк маселелери боюнча премьер-министрдин орун басарлык кызматына дал ушул Шухрат Ганиевдин талапкерлигин жактырган. Фергана облусунун экс-акими ошентип азыр Ташкентте вице-премьерлик кызматты аркалап жатат.

Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Сохтогу чатактан Кыргызстан тараптан 25 киши түрдүү жараат алган, эки адам оор абалда ооруканага түшкөн.

Окуя болгон күнү дароо эки өлкөнүн президенттери телефондон байланышып, чек ара маселесин талкуулашкан. Бирок Кыргызстан менен Өзбекстандын чырдуу чек ара боюнча сүйлөшүүлөрү коронавирус пандемиясына байланыштуу токтоп калган. Кийин бул сүйлөшүүлөр жанданып, 28-августта Ташкент шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен эки протоколго кол коюлган.

Протоколдо эки тарап кыргыз-өзбек чек арасындагы 94,5 чакырым боюнча чекти сүрөткө түшүрүү долбоорун макулдашып, бекиткен. Ошондой эле мурда макулдашылбаган 10 тилкенин бири боюнча орток пикир табылды.

Жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстандын 1379 чакырымдай жери чектешет, анын ичинен 85% такталган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG