Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Шайлоо: Чүйдө кармалгандардын жакындары үн катты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигеновду, "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин айрым өкүлдөрүн эки айга камады.

27-ноябрда бул иштин алкагында саясатчы, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Туйгуналы Абдраимов Улуттук коопсуздук комитетинде сурак берди. Мунун алдында, жума күнү атайын кызмат 15 адамды "шайлоодон кийин калайман тополоң уюштурууга камданып жүргөн" деп айыптап камакка алган. Алардын жакындары мындай дооматтар негизсиз экенин айтып жатат.

Атайын кызмат камаган 15 адамдын арасында Ысык-Ата районунун тургуну Нурсултан Большевиков дагы бар. Анын бир тууган агасы Аскат Эшенкуловдун айтымында, иниси саясаттан алыс, айылдагы карапайым тургундардын бири болгон.

"Иним карапайым эле кичинекей бала. Айылда өзүнүн коюн жайып эле жүргөн бала. Ал "Чүй ынтымагы" деп ошолордун арасына эки-үч жолу эле кошулса керек. Жөн эле күнөөлөп жаап коюшту окшойт. Бийликти басып алууга анын күчү деле жетпейт. Жаңы төрөлгөн, он күндүк баласы бар. Тинтүү жүргүзгөндө үйдөн эч нерсе чыкпаптыр. Болгон жердин баарын аңтарып, чачышыптыр. Маңзат, курал-жарак колдонушу мүмкүн дагы эмес. Азамат Мусакеевди тааныйм, ал айылдаш байкебиз болот. Анын деле жаман жерин көргөн жокмун. "Чүй ынтымагы" деп бир-эки жерден куран окутууга баргандыр. Бакыт Жетигеновду жакшы билбейм. Ал жөнүндө айта албайм. Инимди жөн эле жалаа жаап, камап салышты".


Бишкектеги Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутат Бакытбек Жетигенов менен Бекназар Купешовдун бөгөт чарасын 27-ноябрда түнкү саат 2де караган.

Купешовдун аялы Бегайым Ормокеева күйөөсү инсулинди үзбөй аларын, сотто анын бөгөт чарасы каралып жатканда саламаттыгы начар экени эске алынбаганын билдирди.

"Ал беш маал инсулинде отурган киши. Ооруканага маал-маалы менен жатып, канынан анализ тапшырып турат. Ал эч качан баңгизат колдонгон эмес, колдонушу дагы мүмкүн эмес, тамеки дагы тартпайт. Кант диабети менен ооруганына 6-7 жыл болду. Биздин үйүбүзгө кирип келишкенде бир нерсе таштап коюшпаса экен деп чочуладым. Анткени баары беткапчан экен, жүздөрүн көрө алган жокмун. Кичинекей үч балам дубалга жөлөнүп ыйлап жатышты. Үйдү үч сааттай тинтишти. Кечээ сотко анын ден соолугу начар экени тууралуу документтердин баарын алып келгем, адвокат ошонун негизинде бөгөт чарасын өзгөртүүгө өтүнүч келтирип, бирок андан майнап чыккан жок".

Купешов парламенттик шайлоого "Жашылдар" партиясынын тизмеси менен бараткан. Анын агасы Деңиз Бекишев да инисинин күнөөсү жок экенин айтууда.

"Мен акыйкаттыкты талап кылам. Бир тууган иним төңкөрүш эмес элди тескерисинче ынтымакка чакырып, "Эл ынтымагында" жүргөн. "Эл каралбай калды, ушунча жылдан бери жарымыбыз мигрант болуп кеттик. Кыргызстандан баары эле кетип жатат, ушундай маселелер, көйгөйлөр чечилбей турат, кыйын акыбалга келдик" деген сөздөрү үчүн эле ушундай айып тагып, камап салды. Жалаа жабууну өз башынан өткөргөн ажо деле билет. Өзү деле ушундай абалга кабылган. Иним бийликке каршы чыкмак түгүл, мылтыкты дагы көргөн эмес. Азыркы бийликтегилер мурда өз башынан өткөргөн нерселерди, кайра эле кайталап жатат. Мурда кылгандарды жамандап жүрүп, бийликке келгенден кийин өздөрү ошол ишке барууда. Бийликке барып, падыша болсом, андай болсом, мындай болсом деген ниет кылгандын баарын камаш керекпи?".

УКМК 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам кармалганын билдирген. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттик шайлоого талапкерлер жана мурдагы чиновниктер бар экенин маалымдаган. Буга байланыштуу Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын кабарлап, иликтөө үчүн Башкы прокуратура мекемелер аралык топ түзгөн.

УКМК камагандардын жакындары үн катты
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:46 0:00

Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Күмүшбек Шабданов кармалгандар миңдей адам топтоп, шайлоодон кийин калайман тополоң уюштурууга камданып жаткан деп маалымдаган.

"Ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку жетекчи кызматтагы адамдар жетектеген топтун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган. Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул топ айрым саясий күчтөрдүн, анын ичинде шайлоодо утулуп калгандардын колдоосуна таянып, Бишкек шаарынын аймагында кырдаалды курчутуу менен массалык нааразылык акцияларын, укук тартибин сактоочу күчтөр менен кагылышууларды уюштуруу аркылуу бийликти күч менен басып алууну пландаганы аныкталган. Бул максатта кылмыштуу топ, бийликти күч менен басып алууга түрткү болуу үчүн миңге жакын агрессивдүү жаштарды массалык нааразылык акцияларын уюштуруу үчүн топтоп, алар менен мамлекеттик түзүмдөргө каршы идеологиялык мамиле жасоо багытында системалуу жолугушуулар өтүп, массалык башаламандыктарды чыгаруу пландары талкууланган. Тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында кылмышка даярдангандыгын тастыктаган документалдык материалдардан тышкары куралдар, ок-дарылар жана баңгизаттар табылды".

Ал арада камалгандардын бири Азамат Мусакеевдин атасы Аскар Мусакеев социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасады. Ал уулунун үйүнөн табылды деген курал өзүнө таандык экенин, тиешелүү документтери барын, өзү милициянын ардагери болорун айтып чыкты.

Шайлоо алдындагы мындай камоолорду коомчулук ар түрдүү кабылдап жатат. Талдоочу Марс Сариев мындай учурда иш ачык-айкын тергелип-иликтениши керектигин билдирди.

"Тергеп-иликтөө ачык болбосо "шайлоо алдындагы саясий оюн, айрым адамдарды четтетүү аракети" дегендей ойлор жаралышы мүмкүн. Ошондуктан сот жараяны ачык өтүп, баарынын аты аталышы керек. Эгер ачык айтылбаса, саясий оюн катары кабыл алынып калат".


Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңеште Социал-демократтар партиясынан талапкер. Бул парламенттик шайлоого Чүй - Кемин бир мандаттуу шайлоого катышуу үчүн талапкер катары катталып, кийин өз эрки менен жарыштан чыккан.

Жетигенов сентябрь айында "маданият кызматкерлеринин Садыр Жапаровго кайрылуусу" деген катка байланыштуу УКМКга сурак бергендердин арасында болгон. Ал кайрылууда Жетигеновдон башка Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгуналы Абдраимов жана Канатбек Исаев баштаган азыркы, мурдагы депутаттар, саясатчылардын аты аталган жана "тополоң уюштурууга камданып жүрөт" деген мазмундагы сөздөр болгон. Бул кайрылууга кол койгондор каттын мазмуну бурмаланып кеткенин айтып чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG