Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

18:18 12.4.2021

Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына митингге чыгышты.

"Бүтүн Кыргызстан", "Коммунисттер", "ДДК", "Тынчтык", "КСП", "Улуу Журт", "Бийлик элге", "Жашылдар" партиясынын ондогон тарапкери "бир катар одоно мыйзам бузуулар болду" деген негизде башкалаадагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Ошондой эле кайрадан шайлоо жарыялоо керектигин айтып жатышат.

Президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековага Бишкектеги шайлоо жыйынтыгын четке кагууну өтүнгөн кайрылуу даярдалып жатканын митингдин алып баруучусу, "Коммунисттер" партиясынын мүчөсү Амантур Манакбаев маалымдады.

Боршайкомдун мүчөсү Акылбек Сариев ар бир жаран өз оюн билдирүүгө укуктуу экенин, нааразы тарап мыйзам бузуулар боюнча жыйынтык чыккандан кийин эмес, убагында кайрылса болмок деген оюн билдирди.

17:10 12.4.2021

11-апрелдеги шайлоодо Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 25 партиянын талапкерлери ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелдеги брифингде билдиргендей, башкалаада шайлоочулардын 32,37% добуш берди.

Баштапкы жыйынтык боюнча, алты партия 7% чектен өттү. "Эмгек" партиясы 9 мандат, "Ак Бата" 8, НДПК 8,"Ата Журт Кыргызстан" 7, "Ынтымак" 7, "Биздин эл" 6 мандат алышы мүмкүн.

Жекшемби күнү Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо болду. Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдик добушка коюлду. Ага шайлоочулардын 37% ашыгы гана келип, 79% ашыгы "макул" деген добуш беришти.

Боршайкомдун билдирүүсүндө, шаардык кеңештерге мандаттар пропорцианалдуу система менен бөлүштүрүлөт.

Азыркы учурга чейин 98% шайлоо тилкелерден маалымат келди. Добуштарды саноо уланып жатат. Ага жараша жыйынтыкта өзгөрүү болушу мүмкүн.

14:56 12.4.2021

Чет мамлекеттерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген кыргызстандык 58 598 жарандын 3162си гана референдумга келип, добуш берди.

Тышкы иштер министрлигинин 12-апрелдеги маалыматына караганда, бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү жараяны таза өтүп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталды.

11-апрелде референдумга байланыштуу 28 мамлекетте жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктар үчүн 48 добушканаачылды.

Бул ирет тизмеге киргизилген шайлоочулардын саны мурдагыдан 9 117ге көбөйгөнү айтылган.

Акыркы болуп Вашингтондогу шайлоо тилкеси 12-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 06.00дө жабылды.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлган.

Баштапкы жыйынтыкка ылайык, референдумда шайлоого келгендердин 79% ашыгы президенттик башкаруу ыкмасын колдошту.

14:19 12.4.2021

Бишкек шаардык кеңешине көчмө добуш берүү өткөрүлгөн №1023 жана №1053 тилкелердеги жыйынтык жокко чыгарылды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, мындай чечим "Клооп" медиасынын байкоочуларынын мыйзам бузуулар тууралуу арызынын негизинде кабыл алынды.

Буга чейин башкалаада №1028, 1029, 1036, 1309, 1312, 1311 добушканалардагы көчмө шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.

Аймактык шайлоо комиссиясы 10-11-апрелде 30дан ашык арыз келгенин билдирди.

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга келе албаган жарандар 10-апрелде көчмө үкөктөр аркылуу добуш беришкен.

БШКнын маалыматына караганда, эрте добуш берүүгө Бишкекте 4900дөн ашык, өлкө боюнча 19миңден көп жаран арыз жазган.

Буга чейин бир нече партия эреже бузулду деген негизде Бишкектеги он чакты добушканалардагы көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG