Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Сел ондогон үйдү жарактан чыгарып, айдоо аянттарын жууп кетти


Сузак. 4-май, 2022-жыл.
Сузак. 4-май, 2022-жыл.

18-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас аймактарында катуу сел жүрүп, бир топ турак жайды жараксыз кылды. Айдоо талааларын каптаган сел дыйкандардын эмгегин текке кетирди. Бишкек-Ош, Ош-Баткен жолу жабылып, бир канча сааттан кийин гана ачылды.

Бактыга жараша адам өлүмү болгон жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатканын билдирүүдө.

18-майда катуу жааган жамгырдан улам Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн райондорунда сел жүргөн.

Кара-Суу районунун Ак-Таш айылынын тургуну Нурсултан Мамытов пахта эгилген эки миң гектар жерди мөндүр менен сел жууп кеткенин айтты.

“Ак-Таш менен Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө эки миң гектар жерди мөндүр менен сел жууп кетти. Мен 3.5 гектар жерге 600 миң сом чыгым кылгам. Ошонун баарын жууп кетти. Бирөө келип абалыбызды сураган жок. Мисалы мен 3.5 гектар жерге 600 миң сом коротсом, миң гектарды элестеткиле. Пахта ушул эле жерде болот, бүт кетти”.

Ал эми Кара-Суу районунун Кызыл-Ават айылында короодо камалып турган 107 койду сел агызып кетип, 87си кырылып калган.

“Алтынбек Мырзабеков деген жарандын кой камаган жери сайдын ичинде болчу экен. Кой камалып турганда 107 койду сел агызып кеткен. 20 койду сактап калууга мүмкүн болгон. 87си агып кеткен. Азыр алардын сөөгүн таап, бардык санитардык талаптарды сактоо менен көмүп жатабыз”, - деди Кара-Суу районунун ветеринардык кызматынын башчысы Арстанбек Сулайманов.

Катуу жааган жамгырдан Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек райондорунда, Раззаков шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн райондорунда, Жалал-Абад облусунда болсо Ала-Бука районунун Өрүктү, Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында сел жүргөн. Сел жалпы 70тен ашык үйдү каптаган. Анын ичинен Кара-Сууда 43, Өзгөндө 24, Ала-Букада 3 үйдү суу каптаган.

18-майда Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай айылында сел суусу бир көпүрөнү агызып кеткен, үйлөрдүн короосун, жолдорду каптаган. Ала-Букада электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Баткенде мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен Ош–Баткен автожолунун 109-чакырымында эки жеңил машинени кум-шагыл баскан. Элдин жардамы менен машиналар чыгарылып, ички чарбалык автожолдор толук тазаланып бүткөн. Кадамжай шаарында сел суусу үйлөрдүн короосун, имараттардын жертөлөсүн каптап, жети көпүрөнүн жээгиндеги кум-шагылды жууп кеткен.

Сузакта күрүч эгилген жерди сел жууп кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Эрнест Дыйканбаев жарандык коргонуу комиссиясы седин кесепетин аныктап чыккандан кийин чыгымдар берилерин айтты.

“Биз бардык аймактарга, мекеме-ишканаларга шашылыш билдирүү бергенбиз. Жыйынтыгында бардыгы даяр болгон, бактыга жараша өлүм жок. Чыгымдарды жергиликтүү бийлик менен чогуу карайбыз. Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп чыккандан кийин чыгымдар берилет”.

Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов учурда селдин кесепетин жоюу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жергиликтүү бийлик селдин кесепетин жоюу боюнча иштеп жатат. Бишкек-Ош жолу жабылып калып, тез арада ачылды. Сел негизинен айдоо талааларын каптаган. Андан тышкары турак жайларды каптаган учурлар дагы бар. Азыр алардын эсебин алуу, чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат”.

Жаз жаанчыл болуп Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр селге айланып кетүүдө. 4-майда Кара-Дарыянын деңгээли көтөрүлүп, Сузак районунда болжолдуу 300 гектарга жакын жер суу алдында калган. Анын 100 гектары айдоо талаалары.

5-майда Сузак районунун бир нече аймагында сел жүргөн. Кокту-колоттордон түшкөн сел онго чукул айылды каптап, 1000ден ашуун тургун коопсуз жерге чыгарылган. Селден Сузак, Барпы жана Атабеков айылдарынан 907 үй, онго жакын социалдык мекемелер жабыр тарткан.

Район акими Баратбек Сыдыкназаров чыгымдар эсептелип жатканын айтты.

“Селдин кесепетинен Сузак районунда 73 үй жабыркап, 42 үй такыр жараксыз деп табылган. Калганына капиталдык ремонт керек. Жалпы 907 үйгө суу кирген. Өкмөттөн компенсация берилерин айта албайбыз. Биз чыгымды аныктап беребиз”, - деди аким.

14-майда Талас облусунун Бакыян жана Бейшеке айыл өкмөттөрүндө сел жүрүп, үйлөргө суу кирген.

3-4-май күндөрү Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарындагы ондогон үйлөрдүн короосун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калган. Сел жана көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG