Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Сел кесепети: көпүрө бузулуп, машине акты


Сузак районунан тартылган сүрөт. 5-май, 2022-жыл.
Сузак районунан тартылган сүрөт. 5-май, 2022-жыл.

Кыргызстанда 3-4-май күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам бир катар аймактарда катуу сел жүрүп, ондогон турак жай, социалдык объекттер жарактан чыкты. Табыгый кырсыктан улам жүздөгөн адам убактылуу коопсуз жайга көчүрүлдү.

Учурда суу ташкынынын кесепетин жоюу иштери уланып, чыгымы эсептелип жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай жаан-чачындуу аба ырайы апта аягына чейин уланарын, сел коркунучу дагы деле жогору экенин эскертти.

Ош облусундагы Алай районунун бир катар айылдарында 3-майда жааган катуу жамгырдан улам сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Корул, Жошолу, Коңур-Дөбө жана Гүлчө айыл аймактарында жалпысынан 300дөй үйдүн короосун, жер төлөлөрдү, социалдык объекттерди топон суу каптады. Ошондой эле көпүрөлөр, жолдор бузулду.


Социалдык тармактарда аталган райондо машиненин жана машиненин көлөмүндөй таштарды топон суу агызып баратканы тартылган видеолор тарады.

Корул айылынын тургуну Гүлмира Нышанованын айтымында, жылгадан аккан булак селден улам кирип айылды каптап кеткен.

"Биздин айылга катуу сел келди, кууш жылгада турабыз. Биздин үй жылгадан түшкөндө эле орто жолдо турат. Үйдүн эки жак капталынан таш, кум аралаш катуу дарыя акты. Уулум Ошко курска окуганы кеткен эле, үйдө сиңдимдин кичинекей кызы экөөбүз эле калганбыз. Эшикке чыга албай калдык. Эшиктин алды кызыл ашыкка чейин баткак болду. Короомдогу картошка-сабиз, сарымсакты тыптыйпыл кылып жууп кетти. Жер төлөдөгү азык-түлүгүбүздү суу каптап, көбү жарабай калыптыр. Ал жактагы сууну түндөп челек менен ташып эшикке төктүк. Жылгадагы арыктан билектей эле суу акчу, ошол жерден дарыядай болгон сел келди. Мөндүр аралаш катуу жаан жаады. Өзүбүз аман калдык, кудайга шүгүр деп эле сүйүнүп отуруп калдык".

Үрөй учурган сел
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00


Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына Корулдагы китепкана жарактан чыкканын, миңдеген китепти сел агызып кеткенин жазды.

"Бүгүн сел алган айылдарды жеринен көрүп келдим. Кудайга шүгүр, кишилей чыгым жок, эл аман. Бирок негизги көпүрөлөрдү суу алып кеткен. Чукул кырдаалдар министрлиги калыбына келтирүү аракетин ыкчам көрүп жатат. Жабыркаган үйлөрдүн саны такталууда. Аларга кандай көмөк болот, ссуда же жеңилдетилген насыябы, аны өкмөт менен менен талкуулайбыз. Китепкана жарактан чыгыптыр, алты миңден ашуун китеп сууга агып кеткен. Корул ансыз да шарты катаал айыл өкмөт, апааттын кесепеттери жоюлуп, калыбына келтирүү, ага каражат бөлдүрүүнү колго алабыз", - деп жазды.


Корул айылынын башчысы Мустафа Турганбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, аймакта селдин кесепетин жоюу уланууда.

"Азыр баары иштеп жатат. Кооптуу болуп турган үйлөрдө жашагандар башка тууган-уругунун үйүнө убактылуу көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иштеп жатат. Айылга электр жарыгы берилди. Жол ачылды. Сел алып кеткен көпүрөнүн жанына убактылуу өтүп тургандай жол салдык".

Селден Жалал-Абад облусундагы Сузак району дагы жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аталган облустагы башкармалыгынын жетекчиси Абдулнасир Закировдун маалыматына ылайык, жалпысынан 650дөн ашык үйдүн короосун суу каптаган. Табыгый кырсыктан улам бир үй жарактан чыкты.

"4-май күнү саат кечки саат 22:50 чамасында жамгырдан кийин кокту-колоттордон агып келген сел Кара-Жыгач, Кызыл-Багыш, Түркабад, Жаңы-Айыл, Комсомол жана Миң-Өрүк айылдарын каптады. Мындан сырткары Барпы айыл аймагындагы Осмонов айылынын Муратали көчөсүндө 20 жана Авазбеков көчөсүндө 18 турак үйлөрдүн ичине суу кирип, тургундар өз алдынча коопсуз жерге көчүрүлүп, Миң-Өрүк айылында бир турак үй урап түшкөн. Мындан сырткары Чангет-Сай дарыясынын деңгээли көтөрүлүп Чокмор айылындагы турак үйлөрдү каптаган".


Табыгый кырсыкка байланыштуу президент Садыр Жапаров дагы үн катты. Ал 5-майда Фейсбуктагы баракчасына селден жабыркагандарга жардам берилерин жазды.

"Табият кырсыгы болду. Чоко-Дөбө айылынан 20 үй-бүлө (70 адам); Комсомол айылынан 45 үй-бүлө (150 адам); Миң-Өрүк айылынан 60 үй-бүлө (200 адам); Төөлөс айылынан үч үй-бүлө (15 адам); Таштак айылынан 50 үй-бүлө (180 адам); Жаңы-Айыл айылынан 30 үй-бүлө (130 адам); Б.Осмонов айылынан 60 үй-бүлө (220 адам); Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынан 13 үй-бүлө (50 адам) туугандарынын үйүнө, 10 үй-бүлө (37 адам) Төбөй айылындагы мечитке, 26 адам “Ислам” чайханасына убактылуу жайгаштырылды. Алайга дагы жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги толугу менен ишке тартылды. Кудай буюрса, жабыркаган үйлөрдү жакын арада калыбына келтиребиз. Сабыр кылыңыздар", - деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 4-майдагы нөшөрлөгөн жамгырдан улам Аксы районундагы Кош-Дөбө-Мундуз автоунаа жолунун жээги жээлип, жабылып калган. Учурда жол ачылып, аймактагы кырсыктын чыгымы такталып жатат.

Ош облусундагы селден жабыркаган Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолу дагы ачылды.

Нарын шаарындагы айрым үйлөрдү сел каптады. Облустагы жер көчкү түшүп жабылып калган Арал-Миң-Куш жолу ачылды.


Ушул тушта Өзгөн районундагы Кара-Таш жолу жабык турат.

Буга чейин Кыргызстандын бир катар аймактарында сел жүрүп, ондогон адамдын өлүмү менен аяктаган окуялар орун алган.

Расмий маалыматка ылайык, негизинен Жалал-Абад менен Ош облустарында 20 миңдей адам сел, жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт.

Сузактагы сел: 1000ден ашуун тургун көчүрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:21 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG