Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Кишинин кан тамыры лабораторияда өстүрүлдү


Кан тамыр органоиди. IMBA.
Кан тамыр органоиди. IMBA.

Канаданын Британ Колумбиясы университетинде кишинин кан тамырлар системасы лабораториялык шартта өстүрүлдү. Бул органоид илимий чөйрөдө кан тамыр ооруларын изилдөөдө бурулуш жасачу революциялык технология катары мүнөздөлдү.

Окумуштуулар узак жылдар бою ар бир оорунун өнүгүшүн изилдеш үчүн жасалма кан тамырларды же органиоддерди өстүрүп жүрүшкөн.

Себеби, эксперимент өткөрүлчү чычкандардын кан жүгүрүү системасы дарттын өнүгүшүнө байланыштуу факторлорду толук баалаганга мүмкүнчүлүк бербейт.

Буга чейин карындын, өпкөнүн жана мээнин органоиди жасалып, бирок кишинин кан айлануу системасынын идеалдуу органоидин жасоо мүмкүн болбой жаткан.

Канаданын Британ Колумбиясы университетинин аалымдары жетектеген эл аралык окумуштуулар тобу кишинин кан тамырлар системасын лабораториялык шартта - Петри* чөйчөгүнүн ичинде өстүрүп чыкты.

Жаңы органоидди абройлуу «Nature» журналы кан тамыр ооруларын изилдөөдө бурулуш жасачу революциялык технология катары мүнөздөдү. Себеби, ал диабет менен ооруган кишилердин өлүмүнүн негизги себепчиси болуп саналган кан тамырлардын өзгөрүшүнүн алдын алып дарылаганга жол ачат.

Жаңы органоид - сөңгөктүк клеткалардан өстүрүлгөн үч өлчөмдүү түзүм. Органоид кишинин органынан эч айырмаланбайт. Аны органдын түрдүү өңүтүн Петри чөйчөгүнүн ичинде үйрөнүү үчүн колдонсо болот, дейт Австрия илимдер академиясынын Молекулярдык биотехнология институтунун изилдөөчүсү, профессор Райнер Виммер.

«Бул органоид ал тургай молекулярдык деңгээлде кишинин капиллярлары сыңары иштейт. Эми биз аны түз эле кишинин тканындагы кан тамыр ооруларын изилдеш үчүн колдоно алабыз», - деп түшүндүрөт профессор.

Окумуштуулар жаңы органоиддерди чычкандардын кан тамырына трансплантация кылышканда алар кадимки кан тамырлардай иштеген. Изилдөөдө мунун өзү Петри чөйчөгүндөгү кишинин сөңгөк клеткасынан кан тамыр органоиддеринен башка да органдарды жасаса болорун көрсөтүп тургандыгы айтылат.

Белгилүү окумуштуу Жозеф Пеннингердин (Josef Penninger) айтымында, кишинин кан тамырларын органоид сыяктуу сөңгөктүк клеткадан лабораториялык шартта өстүрүү «оюнду» өзгөртөт. «Анткени денебиздин бардык органдары кан тамыр системасы менен байланган. Бул Альцгеймер оорусу, жүрөк-кан тамыр илдеттери, жараатты айыктыруу, инсульт, рак (өсмө), анан албетте, кант диабети сыңары түрдүү кан тамыр ооруларынын себебин жана дарылоо ыкмаларын аныктоону мүмкүн кылат», - дейт илимпоз.

Жозеф Пеннингер - Канаданын функционалдык генетика боюнча программасынын (Canada 150 Research Chair in Functional Genetics) изилдөөчүсү, Британ Колумбиясы университетинин Жашоону изилдөө илимдери институтунун директору (Life Sciences Institute at UBC), Австрия илимдер академиясынын Молекулярдык биотехнология институтунун (IMBA) негиздөөчү директору.

Баса, Жозеф Пеннингер жана англиялык көйкашка биолог-эволюционист Жудит Манкт (Judith Mank) UBCге былтыр жети жылдык келишим менен чакырылган. Бул эки окумуштуунун ар бирине өкмөттүк бюджеттен 1 миллион доллар жумшалат.

Демейде «диабет» деген диагноз коюлган кишилердин организминде кандын айланышы бузулуп, натыйжада жүрөк туткагы кармайт, инсульт жана башка жүрөк-кан тамыр системасы менен байланыштуу ооруларга кабылат.

Диабетке тиешелүү көп симптомдор - кан тамырлардагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасы. Анын кесепетинен кандын жүгүрүшү жана ткандарды кычкылтек менен камсыз кылуу бузулат. Диабет кеңири жайылган дарт экенине карабай, окумуштуу-медиктер кан тамырларда диабеттин кесепетинен пайда болчу өзгөрүүлөр тууралуу өтө аз билишет. Бул, өз кезегинде, диабетти дарылоонун өнүгүшүн артка тартууда.

Диабет - бүгүн глобалдуу эпидемия. Окумуштуулардын эсебинде, дүйнөдө 420 миллион киши диабет менен ооруйт. Дагы 500 миллион киши диабеттин «босогунда» турат. Диабет - сокурдуктун, бөйрөк кемтигинин, жүрөк туткагынын, инсульттун жана бутту ампутациялоонун негизги себепчиси. Жыл сайын бул дартка чалдыккандарды дарылаганга 825 миллиард доллар сарпталат.

*Петри чөйчөгү- кыры жапыз жалпак цилиндр формасындагы өңү тунук лабораториялык идиш. Ал өзүнө окшош, бирок үстүнө топу сымал кийилчү капкак менен жабылат. Петри чөйчөгү 1877-жылы чыгарылган жана немис бактериологу Юлиус Рихард Петринин урматына аталган. (Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.news-medical.net, https://science.ubc.ca)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG